ОшМУ 85 жаштагы студент Мамат Кулматовду акысыз окутат

Ош мамлекеттик университети 85 жаштагы биринчи курстун студенти Мамат Кулматовду контракт төлөөдөн бошотту. Бул тууралуу ОшМУнун ректорунун жардамчысы Мелис Маматжан уулу билдирди.

Анын айтымында, Кулматовго жатаканадан бөлмө берилди. «Азаттык» буга чейин Кулматов батирде жашап, университте окуусуна ай сайын 2500 сом контракт төлөп жүргөнүн жазат.

«Учурда шарты жакшы жатаканада жашап жатам. Мындай шартты окуу жай түзүп берди. Кубанып турам. Келишим боюнча жылына 45 миң сом төлөшүм керек эле. Эми акысыз окуйсуз дешти», — деп жазат 85 жаштагы студенттин айткандарын басылма.

Мамат Кулматов сабакта. Сүрөт: ОшМУ.

Жакында эле «Азаттык» Кыргызстандагы эң улуу студент деп аталып жүргөн Мамат Кулматов жөнүндө видеосюжет даярдаган. Араван районунун 85 жаштагы тургуну ОшМУнун фармакология кафедрасына окууга быйыл тапшырган. Университетке тапшырганга чейин Кулматов үч жыл медициналык колледжде окуган, ал жактагы окуусун 79 жашында аяктаган.

Кулматов өзү жогорку билим алууну өмүр бою эңсегенин айтат.

«Мен жаштыгымда бирөөнүн колунда тарбияланганмын, бирок окутпай койгон. Тайкелерим мен окуп атканда [мектепте] “окубайсың” деп мектепке жөнөтпөйт эле», — дейт карыя.

Аксакалдын айтымында, аялы менен балдары карыя окуйм дегенде каршы болушкан. Бирок неберелерине үлгү болгусу келерин белгилейт.

«Небереме: Сен мына Кудай кааласа 11-классты бүтсөң, мен өзүм алып барып окууга киргизип, өзүм окутам деп айтам», — дейт Кулматов.