Жогорку Кеңеште мугалимдердин айлыгына байланыштуу маселе көтөрүлдү

Иллюстративдик сүрөт

Жогорку Кеңештин 21-ноябрдагы жыйынында депутат Дастан Бекешев мугалимдердин айлыгы көтөрүлдү деп айтылганы менен сентябрдан тарта аз айлык алып жатышканын билдирди.

«Мага кайрылган мугалимдер, мисалы, апрель-май айларында 36-37 миң сомдон ала баштаган экен. Эмгек өргүүсү үчүн дагы жакшы акча чыгыптыр. Бирок сентябрь айында ошол 36 миң сомдон алган мугалимдерге 24 миң сом айлык чыгыптыр, октябрда деле ошол эле көрүнүш. Эч ким аларга маалымат, түшүндүрмө бербептир. Билим берүү министрлиги түшүндүрмө берип койсо жакшы болмок», — деди Бекешев.

Депутаттын суроосуна Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова жооп берип, мындай өзгөрүү «мугалимдердин сааты кайрадан эспетелип чыкканына байланыштуу экенин» айтты.

«Биз апрелде маяналарды көтөргөндө такыр башкача система болчу. Анда жумасына 20 саат деп алынган, бирок тилекке каршы, айлык аз болгондуктан мугалим болуп иштегиси келгендер аз болчу. Ошондуктан айрым мугалимдер жумасына 39-40 саатка чейин сабак өтчү. Албетте, бул сабактын сапатына да таасир этчү. Азыр болсо эң жогорку чек деп 27 саатты — 1,5 ставканы гана белгиледик», — деп белгиледи Жусупбекова.

Ошондой эле ал мындай чек деле мугалимдерге оорчулук туудурарын айтып, аталган сааттар үчүн азыркы жана мурдагы айлык акыны салыштырып көрүүнү сунуштады.

Мугалимдердин айлык акысы

Бийлик 2022-жылдын апрелинде мугалимдердин айлыгы 80%га көтөрүлгөнүн билдирген. Билим берүү тармагынын кызматкерлеринин: педагогикалык персоналдын айлыгы — 80%га, кичүү жана техникалык персоналдын айлыгы — 80%га, административдик персоналдын айлыгы — 50%га жогорулаган болчу.

2022-жылдын июнь айында президент Садыр Жапаров мугалимдердин айлыгын жылдын аягына чейин дагы көтөрүп берүүнү убадалаган.

Ошондо эле сентябрь айында Билим берүү министрлигинен «мугалимдердин максималдуу эмгек акысы 35 миң сом, ал эми минималдуу — 20 миң сом болот» деп билдиришкен.

ТЕМА БОЮНЧА:

Билим берүү министрлиги: Мугалимдер 50 миң сомдон өйдө айлык алышы мүмкүн