Президенттин кеңешчиси Бекбосун Бөрүбашов депутаттар Элдик Курултайдын «сапаттуу» мыйзам долбоорлорун четке кага турган болсо кайра шайланууда кыйынчылыктарга туш болушу мүмкүндүгүн айтты. Ошол эле учурда жаңы кеңешүүчү органдын демилгелери президентти эч нерсеге милдеттендирбейт.
Мындан ары дайыма өтүп туруучу биринчи Элдик Курултайдын башталарына аз гана убакыт калды, 25-ноябрда Бишкекте өтөт. Бекбосун Бөрүбашев Курултай жергиликтүү коомчулуктардын өкүлдөрүнүн ролун аткарып, айрым бир демилгелерди көтөрөрүн эске салды «Клоопко».
Бирок алар аткаруу жана мыйзам чыгаруу бийлиги үчүн милдеттүү болбойт. «Эгер [Курултайда демилгеленген] мыйзам долбоору сапаттуу болсо, анда парламент мыйзам долбоорун кабыл алышы керек. Эгер сапатсыз болсо [парламент четке кагып коё алат]», — деди ал. Курултай киргизген мыйзам долбоорлорунун сапатын ким баалай турганын президенттин кеңешчиси тактап айткан жок.
Бирок эгер парламент аймактардан келген делегаттар курултайда көтөргөн идеяларды эч бир себеби жок эле четке кага берсе, анда алар кийинки шайлоодо парламентке өтпөй калышы мүмкүн деп Бөрүбашев буга чейин 24.kg’ге курган маегинде билдирген.
«Жогорку Кеңешке шайлоо өтүп жаткан убакта депутаттыкка талапкерлер жер-жерлерде иштешет да. Ошол учурда Курултайдын [ошол жердеги] делегаттары [депутаттар жөнүндө] өз ойлорун айтышат», — деп түшүндүрдү Бөрүбашов Курултайда сунушталган мыйзамдарды четке кагуунун кесепеттерин «Клоопко».
Мурдараак айрым активисттер 25-ноябрда Бишкекте өтө турган Элдик Курултайга делегаттардын тизмеси одоно бузуу жана административдик ресурсту колдонуу менен түзүлгөнүн айтып нааразы болушкан.
«Каракол шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси Эрмек Майрыков кызматтык абалынан пайдаланып, курултайды уюштуруу комитетине жөнөкөй адамдарды кошпой эле депутаттар менен мамлекеттик органдардын кызматкерлерин киргизиптир. Шаар тургундары Элдик курултайдын делегаттарын шайлоону уюштурууга катышпай калган. Жергиликтүү активисттердин сунуштары угулбай калды. Жаштар четте калды. Анын үстүнө курултайдын төрагасы шайлангандан кийин аппарат жетекчиси шайлоо процессине кийлигишпеши керек эле. Бирок ал ошол жерде отуруп алып адамдардын оозун тыйып, кимге эмнени айтуу керектигин айтып отурду», — деп билдирген караколдук активист Айжан Кыдырбаева 24.kg басылмасына.
Элдик Курултай Конституцияда коомдук-өкүлчүлүктүү чогулуш катары жазылган. Ага өлкө боюнча миңден ашык делегат келип чогулат.
Президенттин тарапташтары Курултай бийликтин эл менен байланышын бекемдейт дешүүдө. Бирок ал жерде элдин үнү угулаарына эксперттердин көзү жетпейт. Жаңы орган азыркы бар органдардын фунцияларын кайталайт жана, тажрыйба көрсөтүп тургандай, президенттик бийликти күчтөй турган дагы бир кезектеги куралга айланышы мүмкүн.
Бирок, юристтер курултайды президент чакырышын мыйзамсыз деп атап, конституциялык мыйзамсыз өлкө башчысы өзүнүн ыйгарым укуктарын аша чаап жатканын белгилешкен.Бирок президенттин администрациясы баары мыйзамдуу экенин айтып ишендирүүдө.
Бөрүбашевдин айтымында, Курултайдын делегаттары Бишкекке келген жол киресин, шаарда жашоо чыгымдарын өздөрү төлөшөт. Буга чейин курултайды уюштуруу жана өткөрүүгө байланышкан каржылык жана башка уюштуруу-техникалык маселелер минкабдын башчысынын Резервдик фондунун жана Президенттик фонддун эсебинен каржыланаары айтылган.
Тема боюнча окуңуз:
Чыңгызхандын доорундагы парламент. Жапаровго Элдик Курултай эмне үчүн керек?