Президент Элдик Курултайды чакырды, бирок Жапаровдун андай ыйгарым укугу жок — юрист

Президент Садыр Жапаров «Элдик Курултай чакыруу жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирди. Бирок юрист Фатима Якупбаеванын айтымында, президенттин буга ыйгарым укугу жок.

Юристтин айтымында, Элдик Курултайды уюштуруу жана иштөө тартибин Конституция жана конституциялык мыйзам аныктайт.

«Конституциянын 70-беренесиндеги президенттин ыйгарым укуктарынын тизмесинде Элдик Курултайдын мүчөлөрүн чакыртуу, шайлоо жана бошотуу укугу көрсөтүлгөн эмес. Ал аларга ар кандай кайрылуулар, билдирүүлөр менен кайрылууга, жыйындарда сөз сүйлөөгө укуктуу. Бирок өз алдынча, айрыкча жарлыгы менен Элдик Курултайды чакырууга укугу жок. Президенттин макамы жөнүндө мыйзамында дагы андай ыйгарым укуктар жок», — деп айтып берди Якупбаева «Клоопко» курган маегинде.

Материал жарык көрөр алдында президенттин администрациясынын басма сөз кызматы президенттин курултай жөнүндө жарлыгына комментарий берген жок.

Жапаровдун администрациясынын маалыматы боюнча, биринчи Элдик Курултай 25-ноябрга чакырылган, ал Бишкекте өтүшү керек. Курултайды Министрлер кабинетинин Резервдик фондунун жана Президенттин фондунунун эсебинен өткөрүү пландалууда.

Элдик Курултай Конституцияда жазылган, бирок ал тууралуу мыйзам азырынча кабыл алына элек. 17-майда Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар боюнча комитети Жапаров демилгелеген «Элдик Курултай жөнүндө» мыйзам долбоорун кабыл алган эмес.

Мыйзамдын долбоорун парламенттин төрт депутаты колдогон: Медербек Алиев, Замирбек Мамасадыков, Дастанбек Жумабеков жана Мейкинбек Абдалиев. Жалпысынан жыйында сегиз эл өкүлү отурган.

Бирок документ жыйынга катышкан депутаттардын көпчүлүк бөлүгүнүн добушу менен кабыл алынат.

Мыйзам долбооруна депутат Гуля Кожокулова каршы оюн билдирген болчу. Анын айтымында, документ Конституциянын ченемдерине дал келбейт. Ошондой эле ал эгер Министрлер кабинетинин мүчөлөрүн курултай кызматынан бошото алса, анда депутаттардын эмне кереги бар деген суроо салган.

Мыйзам долбоорун депутат Жанар Акаев дагы сынга алган болчу. Ал президенттин кайрылуусун угуш үчүн курултай чакыруунун зарылдыгы доктугун, себеби өлкө башчысы элге интернет жана телевидение аркылуу кайрыла алат деп билдирген.

«Элдик Курултай жөнүндө» мыйзам долбоорун кеңири төмөнкү материалдардан окуңуз:Парламенттик комитет президенттин «Элдик курултай жөнүндө» мыйзам долбоорун жактырган жок

Жапаров: Элдик курултай коомдук башталышта иштей турган орган болот, жөн гана отчёт угат

Садыр Жапаров: «Премьерди жоюп, Элдик курултайды киргизүүнү мен сунуштадым»