80ден ашуун эмес — 216 авариялык мектеп, жаңы — эскинин корпусу. Президенттин математикасы

Президенттин администрациясы 21-ноябрда Садыр Жапаров калаанын Тунгуч кичи районундагы 550 орундуу жаңы мектепти ачып, 2022-жылы Бишкекте курулган жаңы окуу жайлардын презентациясына катышканын билдирген.

Анын айтымында, 2019-жылы Кыргызстанда 247 авариялык абалдагы (чындыгында алардын саны 245) мектеп бар болгон болсо, учурда андай мектептердин «80ден ашыгы» гана калган. Бирок Билим берүү министрлигинен «Клоопко» чындыгында Кыргызстанда 200дөн ашык авариялык абалдагы мектеп бар экенин билдиришти.

Садыр Жапаров мектепте окуучулардын алдында. Сүрөт: Президенттин сайты.

216 авариялык абалдагы мектеп

Мекеменин басма сөз кызматынан 245 авариялык мектептин болгону 29у жаңыланганын билдиришти — 2020-2022-жылдар аралыгында 27 мектеп курулуп жана эки мектеп оңдоодон өткөрүлгөн.

Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, калган 216 мектептин 133дө курулуш-монтаждык жана долбоордук-сметалык документация иштери жүрүп жатат. Дагы 14 мектептин курулушун Дүйнөлүк банк каржылайт, ал эми 69 окуу жайын жаңылоо боюнча башка каржы булактары менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

17-майда Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна караштуу Терек-Сай айылында сабак учурунда мектептин шыбы урап түшкөн. Окуучулар жабыркаган эмес. Сүрөт: Талгат Абдижалил уулу / RFE/RL.

Ага кошумча борбор калаанын Туңгуч кичи районунда президент барып ачкан мектеп жаңы мектеп эмес болуп чыкты. Жаңы имарат чындыгында буга чейин эле иштеп келген №73 мектептин кошумча корпусу болуп эсептелет.

Бирок, Бишкек мэриясынан имаратты «эски мектептин аймагындагы жаңы мектеп катары кабыл алуу керектигин» айтышты. Себеби ал канализацияга, суу түтүктөрүнө жана электр энергиясына өзүнчө кошулган.

«Бул жаңы корпус эмес. Бул мурда эле турган мектепке кошумча жаңы мектеп. Жаңы корпус деп коммуникациясы мурда турган имараттан тартылганда айтылат», — деп жооп беришти муниципалитеттен.

Президенттин ашырып айтуусу

Кызыгы, кошумча корпустар жаңы мектеп деп биринчи эле жолу айтылып жаткан жок.

Апрелдин аягында президент бир жарым жылдан бир аз ашык убакыт аралыгында — 2020-жылдын октябрынан 2022-жылдын апрелине чейин — өлкөдө 68 мектептин курулушу аяктаганын, алардын баары республикалык бюджеттин эсебинен курулганын билдирген. Өлкө башчысы мындай билдирүү менен президенттик администрациянын жаңы имаратынын курулушуна байланыштуу сын-пикирлерге жооп берген.

Бирок «Клооп» жана «Дата мектеп» Жапаровдун айткандарын текшерип көрүүнү чечкен — президент аталган аралыкта курулган мектептердин санын жымсалдап айтканда көбөйтүп койгон.

Көрсө, 68 мектептин 18и — жаңы мектеп имараттары эмес экен. Алардын 10у — бул пайдалануудагы мектептерге жанаша курулган кошумча корпустар, жетөө — иштеп эле аткан окуу жайлардагы жаңы спортзалдар. «Жаңы мектептердин» тизмесине бир откана дагы кирип калган.

Тема боюнча окуңуз:

Садыр Жапаров 68 мектеп курулду деп ашырып айткан