Болот Темировго карата уюшулган чабуул тууралуу иликтөөнүн коллажы.  Автору: Джеймс О’Брайен

Кыргызстандагы медиа коомчулук иликтөөчү журналист Болот Темировду өлкөдөн чыгаруу тууралуу кабыл алынган чечим боюнча билдирүү жасады. Анда алар муну ачыктан-ачык куугунтук деп атап, бийликтен дагы бир ирет аларга сын айткандарды куугунтуктоону токтотууну талап кылышты.

Билдирүүдө Бишкек шаардык сотунун кабыл алынган чечими сынга алынды. Кылмыш-жаза кодексинин 60-беренесине ылайык, өлкөдөн чыгаруу негизги жазадан тышкары дайындалган кошумча жаза болуп саналат. Ал эми биринчи инстанцияда Темировко карата жаза белгиленген эмес.

«Кылмыш жоопкерчилигине тартуу мөөнөтү өтүп, негизги жаза белгиленбесе, сот жазанын кошумча түрүн кандайча колдонгону түшүнүксүз» — деп жазылат катта.

Медиа коомчулук журналистти Орусияга депортациялоо боюнча Бишкек шаардык сотунун чечими — Орусияда жүрүп жаткан мобилизациянын шартында Болот Темировдун өмүрүн жана ден соолугун олуттуу тобокелге салаарын белгилешти.


«Биз бийликти дагы бир жолу альтернативдүү пикирин билдирген, мамкызматкерлердин аракеттерине сын баа берген адамдарга карата камоо, тинтүү, суракка алуу жана башка тергөө аракеттери менен коштолгон куугунтукту токтотууга чакырабыз»


23-ноябрда Бишкек шаардык соту иликтөөчү журналист Болот Темировдун «документтерди жасалмалоо иши» боюнча аппеляциялык аразын карады. Отурумдун жүрүшүндө мамлекеттик айыптоочу сотко Болот Темировду өлкөдөн чыгарып салуу сунушун келтирди.

Соттук коллегия айыптоо менен макул болуп, Темировду өлкөдөн чыгаруу боюнча жаңы өкүм кабыл алды. Укук коргоо органынын кызматкерлери Темировду сот залынан күч колдонуп алып чыгып кетишти.

Аны кайда алып барышары жактоочуга да, ЖМК өкүлдөрүнө да айтылган жок. Бир нече сааттан бери анын кайда экени белгисиз бойдон калууда. Ал эми айрым ЖМКлар Темировду «Манас» аэропортуна алып барып, «Орусияга депорттошот» деген маалымат бар экенин жазышты.

ТЕМА БОЮНЧА:

Шаардык сот иликтөөчү журналист Болот Темировду өлкөдөн чыгарып салуу чечимин кабыл алды