Шаардык сот иликтөөчү журналист Болот Темировду өлкөдөн чыгарып салуу чечимин кабыл алды

23-ноябрда Бишкек шаардык соту иликтөөчү журналист Болот Темировдун «документтерди жасалмалоо иши» боюнча аппеляциялык аразын карады.

Отурумдун жүрүшүндө мамлекеттик айыптоочу сотко Болот Темировду өлкөдөн чыгарып салуу сунушун келтирди.

Соттук коллегия айыптоо менен макул болуп, Темировду өлкөдөн чыгаруу боюнча жаңы өкүм кабыл алды. Укук коргоо органынын кызматкерлери Темировду сот залынан күч колдонуп алып чыгып кетишти.

Темиров өзү мындай өкүмдү «бийликтин ыплас өч алуусу» деп баалады.

«Башка беренелер боюнча, албетте, эч кандай далилдери жок. Наркотик иши боюнча мени соттото алышкан жок. Бул бийликтин мага карата жасаган ыплас өч алуусу. Ушул сыяктуу эле Бакировду бөлмөсүнөн кууп чыгышты. Ошол сыяктуу эле», — деди ал.

Ал эми Темировдун жактоочусу журналистти «өлкөдөн чыгарып салуу үчүн ал чет элдин жараны деп аныкталышы керек» экенин айтты. Ал Темировду кайда алып бара жатышканын түшүндүрбөй жатканына нааразы болду.

«Адвокаттарга, журналисттерге жада калса өзүнө дагы кайда алып кеткенин түшүндүрүшкөн жок. Кайда алып барышат, дароо аэропоткобу, өлкөдөн тышкары алып барышабы же убактылуу кармоочу жайгабы белгисиз. Азыр милиция кызматкерлеринин кайда алып баратканын эч кимге түшүндүрбөй туруп, күч колдонуп алып кеткени таң калтырат», — деди ал.

Буга чейин, сентябрь айында Свердлов райондук соту Болот Темировго «Баңгизат каражаттарын колдонуу жана сактоо», «Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү» беренелери боюнча коюлган айыптарды четке кагып, аны актаган.

Ал эми, документтерди жасалмалоо боюнча айыптуу деп таап, бирок иштини мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу жаза берилген эмес.

Болот Темировго козголгон кылмыш иштер

20-январда Temirov Live мамлекеттик ишкана аркылуу мазут сатып 30 млн сомдон ашык пайда тапкан УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин туугандары тууралуу иликтөө жарыялаган.

Эки күндөн кийин, 22-январда, милиция Temirov Live’дын негиздөөчүсү Болот Темировду жана анын кесиптеши, төкмө акын Болот Назаровду кармаган. Темиров паспортту, аскердик билетти мыйзамсыз алууга, чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө жана баңгизатты мыйзамсыз сактоого айыпталган.

Мындан сырткары соцтармактарда Темировду жана анын командасын каралаган видеолор тарай баштаган.

Буга чейин адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк (IPHR), Норвегиялык Хельсинки комитети (NHC), Адам укуктары боюнча Хельсинки Фонду (HFHR) жана Жарандык укук коргоочулар (CRD) бийликтен иликтөөчү журналист Болот Темировго карата тагылган айыптарды алууга чакырышкан.

Уюмдагылар Темировго карата кылмыш иштер «саясий мүнөзгө ээ» жана «жогорку бийлик бутактарындагы коррупция тууралуу иликтөөлөр үчүн анык эле өч алуу» деп билдиришкен.