«Украинанын эркиндиги үчүн күрөштү токтотпойм». УКМК Мурат Суталиновго эскертүү берди

УКМК атайын кызматтын экс-төрагасы, ИИМдин мурдагы жетекчиси Мурат Суталиновду «сүйлөшүүгө» чакырды. Бул тууралуу ал 23-ноябрда фейсбук барагына жазды.

«УКМКнын кызматкери Ихласов Ихсан үйгө келип, саат 21.00дөн кийин кеңсеге «сүйлөшүүгө» чакырды! Майыпты кайсыл бир жашыруун жетекчиликке!» — деп белгилеп, бирок УКМКга эмне үчүн чакырылганы тууралуу кабары жок экенин айтты.

Кийинчерээк генерал: «Биз Кыргызстандын эгемендиги жана Украинанын боштондугу үчүн күрөштү абакта болсо да улантабыз. Сом да болсо каржылоо да!» деп дагы бир пост жазды.

22-ноябрда Мурат Суталинов кичүү уулу менен Украинанын Кыргызстандагы элчилигине барган. Ал элчи Валерий Жовтенко жана элчиликтин катчысы Валентина Чапко менен жолугуп, Украинадагы согуш тууралуу пикир алышканын айткан.

«Кыргыз-украин алакасын кеңейтүү. Кыргыз бизнесинин Кыргызстанда өндүрүлгөн товарларды Европа базарына өткөрүүгө жол ача турган европалык стандарттарга жооп берген технологиялык линияларды сатып алуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө. Украинаны калыбына келтирүүгө кыргызстандык курулуш ишкердигин жана квалификациялуу жумушчуларды тартуу жөнүндө [сүйлөштүк]», — деп жазган ал.

Суталинов жолугушууда «ракета жана башка курал жарак жасоо үчүн Кыргызстандан тиричилик техникасы, микросхемаларды чыгарып кетүү көйгөйү» да талкууланганын кошумчалаган.

Генерал жолугушуунун соңунда «салт болуп калгандай Украинадагы жабыркаган балдары дарылоо үчүн акча которгонун» баса белгилеген.

Эскертүү беришти

Суталинов Украинанын элчилигине барган күндүн эртеси, 23-ноябрда УКМКга чакырылган. Ал 24-ноябрда акыры сүйлөшүү үчүн «конторога» барганын билдирди.

«Тажрыйбалуу киши катары түрмөгө ылайыктуу кийинип, буюмдарым салынган куржунду колго алдым. Бирок кереги тийген жок — бул ирет эскерүү берип, коё беришти.

Кыскасы, жаңы беренеге, мөөнөткө акча таба баштадым, ал жерде, биринчи бөлүгүндө, ири өлчөмдөгү айып пул же беш [жылга чейин эркинен ажыратуу], ал эми экинчисинде — эгер кимдир бирөөнүн бутун сындырсам, ушул негизде жети [жылга] чейин! Мен Украинанын эркиндиги үчүн күрөштү токтотпойм, бирок асылбашы үчүн, укук коргоочу катары эмес, опер угро катары жүргүзөм!» — деп белгиледи ал.

Ошондой эле Суталинов «аны улутчул кылып көрсөтпөөнү» өтүндү.

«Иш жүзүндө мен орус тидүүмүн жана интернационалистмин, кагазда эмес, туугандарымдын дээрлик бардыгы Кыргызстандагы бардык улуттардан. Ал эми кечээ күнү УКМКнын өкүлдөрүн кире бериштен киргизбей койгон кошунам Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн ардагери жана Орусиянын жараны. 37 жыл ичинде аны менен жакшылыкты да, жамандыкты да көрдүк. Эшигинде георгиевдик лента илинүү, ал боюнча мааны деле бербейм, себеби анын да оюн сыйлайм», — деди ал.

Генерал постунда атайын кызмат берген эскертүүнүн сүрөтүн тиркеди. Документте Суталиновго эмне боюнча эскертүү бергени түшүнүксүз. Ал эми Атайын кызмат бул боюнча комментарий берген жок.

Мурат Суталинов деген ким?

Мурат Суталинов — Курманбек Бакиев президент болуп турганда УКМКнын башчысы болгон. 2010-жылдын 7-апрелинде аянтка чыккан демонстранттарга ок атууга айыпталган.

2011-жылдын декабрь айында мүлкүн конфискациялоо менен 20 жылга соттолгон. 2019-жылдын майында Бишкек шаардык соту бөйрөк рагынын төртүнчү стадиасына байланыштуу аны мөөнөтүнөн мурда бошоткон.

Суталинов азыркы тапта соцтүйүндөрдөгү барактарын активдүү жүргүзүп, коомдук-саясий темаларда пост жазып, коомчулукту Садыр Жапаровдун «айланасына биригүүгө» үндөп келет.

Чүй ОИИБнин мурдагы башчысы Самат Курманкулов Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүн штурмга алууда башынан жаракат алып, комага түшкөн. Учурда Курманкулов ден соолугунун абалынан улам пенсияга чыккан, өз алдынча кыймылдай албайт. Соцтүйүндөрдө Курманкуловдун дарылануусу үчүн каражат чогултуу башталган.

Дагы окуңуз:

«Чарчаган арстандар». Президенттер жана аларды коргогон күч кызматкерлеринин абалы