Ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков 2019-жылдын октябрында милициянын кайгуул кызматкерлеринин алдында сүйлөп жатат. Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы 

ИИМ менен УКМКнын башчылары күч түзүмдөрү саясаттан алыс деп айтканды жактырышат. Ошентсе да Кыргызстанда күч органдары ар бир президенттин тушунда саясаттын казанында кайнап келди. Анткен менен президенттер менен аларга ак кызмат кылган генералдардын тагдыры ар качан эле окшош болгон жок. Күч органдарынын башчылары куугунтукталып, токмок жеп же түрмөгө түшсө — бийлигинен кол жууган президенттер, Атамбаевден башкасы, дени сак, капчыгы калың жана да эркиндикте.

Эгемендик алгандан бери Кыргызстанда эки жолу төңкөрүш болду, бир ирет бийлик күч менен алмашты. Бул саясий окуялардын сценарийи менен натыйжасы деле окшош эле. Миңдеген кыргызстандыктар коррупцияга, үй-бүлөлүк-кландык башкарууга, шайлоонун бурмаланышына жана өз билемдикке каршы митингге чыгышат. Митинг башаламандыкка айланып, митингчилер менен күч түзүмдөрү кагылышат.

Президенттер армия жана милициянын жардамы менен бийлигин акыр аягына чейин сактап калуугу умтулушат. Андан соң өздөрү тактысын таштай качып, күч органдарын болсо жаалданган көпчүлүктүн, кекчил саясий атаандаштарынын тепкисинде калтырышат. Алар өз кезегинде генералдарды камачусун камап, камалбаганын бир топ түйшүккө салат.

«Клооп» Кыргызстандын экс-лидерлери менен аларга ак кызмат кылган коргоочуларынын тагдырына саресеп салды*

*Биз жогорку кызматтарда иштеген күч кызматкерлеринин үй-бүлөсүнүн байлыгын эске алган жокпуз — бул өзүнчө, атайын изилдөөнүн темасы.

Акаев Рублёвкада, генералдын жарааты айыга элек

Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаев өлкөнү 1991-2005-жылдар аралыгында башкарган. Ал учур элдин эсинде коррупция жана массалык жумушсуздук менен калды. Бийликти узурпациялаган башкаруучу кланга карата наарзычылыктар барган сайын күчөй берген.

Акаев башкарган 15 жыл ичинде Конституцияга беш жолу өзгөртүү киргизип, ар бир жолу президенттин бийлигин күчтөндүрүп турган. Ал эми өзү Баш мыйзамдын талабына карабастан үч мөөнөткө шайланган.

Аскар Акаевдин тушунда өлкөдөгү эң ири деп саналган Кумтөр кенин иштеткен канадалык Centerra Gold ишканасындагы мамлекеттин үлүшү 67%дан 16%га азайган. 2021-жылы Кумтөрдүн ишмердүүлүгүн иликтеген комиссия Акаевдин үй-бүлөсү бул үчүн акчалай жана акция түрүндө ири суммада пара алганын аныктаган. 2002-жылы Акаев Үзөңгү-Кууш капчыгайындагы жерлерди Кытайга бергени үчүн ошол кездеги парламентарий Азимбек Бекназаров кесиптештерин президентке импичмент жарыялоого үндөгөн. Мындан улам ал камакка алынып, Аксынын тургундары Бекназаровду бошотууну талап кылып митингге чыккан. Бирок милиция чогулгандарга ок чыгарып алды адам кайтыш болгон. Дагы 30дан ашуун киши жаракат алган.

Ага карабай, 2005-жылы өткөн парламенттик шайлоодо мандаттардын 90%ы бийликчил жана нейтралдуу партияларга тийген. Акаевдин балдары Бермет жана Айдар Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланышкан. Жубайы Майрам Акаева «Кыргызстан аялдары партиясын» жана «Мээрим» фондусун жетектеген. 2005-жылы фонддун кызматкерлерине карата кылмыш иши козголгон. Алар финансылык бузууларга айыпталган.

Акаев 2005-жылы 24-мартта, «Жоогазын ыңкылабында» тактан кулаган. Бишкектин борбордук аянтында нараазылык акциясынын катышуучулары менен күч органдарынын кагылышуусунан кийин Ак үй басылып алынып, президент үй-бүлөсү менен Казакстанга качып чыккан.

Азыр Акаев Орусиянын Жогорку экономика мектебинде окутуучу. Ага Москванын жака-белиндеги мартабалуу делген Рублёвка аймагынан мамлекеттик дача бөлүнгөн. «Проект» басылмасы Акаевдун улуу баласы Айдарга Рублёвкадагы баасы 63 млн рубль турган жер тилкеси таандык экенин жазган.


Акаев өкмөттүк комиссия ага тиешелүү мүлк издеп таппаганын айтып, Кумтөр үчүн пара алганын четке кагып келет. Мекенинде мурдагыдай куугунтукта эмес: 2021-жылы туңгуч президент Кыргызстанга келип кеткен. Анда бийликке «Кумтөрдү элге кайтарууга» көмөктөшүп жүргөнү айтылган.

Чотбаев дагы деле дарыланууда

Президент Акаевдин ишенимдүү коргоочуларынын бири — Улуттук гвардиянын туңгуч кол башчысы Абдыгул Чотбаев. Чотбаев бул кызматка 1992-жылы Акаевдин чакыруусу менен келип, ал тактан кулаганча кызмат өтөгөн.

2005-жылы Ош жана Жалал-Абад шаарларында Акаевге каршы митингдер өткөн. Мындан улам 22-март күнү Бишкекте бийликти колдогон митинг өтүп, анда сөз сүйлөгөн Чотбаев нааразычылыктардын уюштуруучуларын чет элдик агенттер деп атаган. Эки күндөн кийин, 24-мартта митингчилер Ак үйдүн алдында Чотбаевди ур-токмокко алышкан. Кийин Чотбаев кабыргасы сынып, башынан жараат алганын айткан.

Акаев тактан кулагандан кийин генерал Чотбаев кызматынан бошотулган. Ага «ээлеген кызматына толук эмес дал келүү» деген кине тагылган. Азыркы тапта Чотбаев пенсияда, жалпыга маалымдоо каражаттарында аскердик темага эксперт катары чыгып жүрөт.

Чотбаев «Клооптун» журналистине курган маегинде, ден соолугуна олуттуу зала келтирген «Жоогазын ыңкылабын» эскерүү ага жагымсыз экенин айтты. Генералдын айтымында, азыркы убакка чейин дарыланууну улантып келет. Ошентсе да, 2005-жылы митингчилерге ок аттырбай, кан төгүүдөн сактап калган «Акаевдин көрөгөчтүгүн» баса белгилейт.

Ал революция учурунда өз милдетин аткарып жаткан күч органдарынын кызматкерлерин токмоктогондор жазаланбай калганына кейийт. Мындай мамиле улана берсе, жакында эч ким аскерге кызмат өтөгөнү барбайт дейт ал.

Жанузаков: эки жолу сабалган

Милициянын генерал-лейтенанты Болот Жанузаковду Акаев бийлгинин «көмүскө кардиналы» деп аташчу. Ал Коопсуздук кеңешинин катчысы, Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы, 2003-жылы болсо президенттик администрациянын Коргоо жана коопсуздук башкармалыгынын башчысы болуп эмгектенген. Орусиялык «Новая газета» басылмасы президент Акаевге кирген-чыккандардын тизмесин, өлкөнүн ички-тышкы саясатын дал ушул Жанузаков аныктайт деп жазып чыккан.

«Жоогазын ыңкылабынан» кийин, Акаев өлкөдөн чыгып кеткенде Жанузаков Ак үйдө жалгыз калган. Аны да протестке чыккандар сабап кетишкен. 2009-жылы, бийликке Курманбек Бакиев келгенден кийин Акаевдин тарапташы «Кут» оппозициялык партиясын жетектеп баштаган. Анда дагы Жанузаковго кол салуу болгон. Үйүнүн кире беришинен белгисиз кишилер башка чаап, ал эс-учун жоготуп кулаган.

Ушул тапта Болот Жанузаков карылыктын доорун сүрүп жаткан кези. Кээде саясий окуяларга комментарий берет. 2021-жылы «Азаттыктын» «Бийлик сырлары» берүүсүндө Аскар Акаевди «чыныгы лидер» деп атаган.

Бакиев өсүп-өнүп, а күч органдарынын башчылары куугунтукта

Курманбек Бакиевдин президент болуп дайындалышы революциянын натыйжасы деп айтылганы менен, андан кийинки окуялар, Акаевдин тушундагы Аксы окуяларынын учурунда Курманбек Бакиевдин премьер-министр болуп турганы өзгөрүүлөрдүн революциялык мүнөзүнөн күмөн санатат. Бакиев башкарган беш жыл саясатчылардын буйрутма өлүмү, оппозициянын сары изине чөп салган куугунтуктоолор, коррупция, авторитаризмдин орношу жана ачыктан ачык үй-бүлөлүк-кландык башкаруу менен эсте калды.

Бакиевдердин бийлиги 2010-жылдын 7-апрелиндеги революцияда кулаган. «Демонстранттар милицияны ары-бери чачыраткан соң, Ак үйдүн имаратына жакындап келип, тосмосун жулкуй башташты, — деп жазат АКИпресс ал окуялар тууралуу. — Тосмонун тешигинен желек көтөргөн 10-15 адам кирип барды — бир нече секунд ичинде аларга снайпердин огу жаңылды. Алгачкы каза тапкандар ушулар болду. Андан ары кыра башташты. Снайперлер алгач Ак үйгө жакындап келгендерди ата баштады, бирок эл тарабай жатканын көргөндө мылтыктын оозун тосмонун айланасында байкоо салып тургандарга бурушту».

Апрель революциясында 87 адам көз жумуп, 300 киши түрдүү жаракат алган. Өлкөдөн безген мурдагы президент Курманбек Бакиев баштаган 28 адамга айып тагылган. Арасында УКМКнын «Альфа» атайын отрядынын жана Мамлекеттик күзөт кызматынын жоокерлери да бар.

Курманбек Бакиев үй-бүлөсү менен Белоруска качкан. Алгач «Плавно» деп аталган президенттик резиденцияда жашап, кийин Минск шаарынын алгылыктуу деп саналган «Дрозды» районуна көчүп кеткен. 2017-жылы бозгун президент «Лебяжье» районуна үй курганы белгилүү болгон. 2020-жылы Белорустун президенти Александр Лукашенко Кыргызстандын мурдагы президентине Минск деңизиндеги өзүнүн «Заславль-2» резиденциясына жакын жерден жалпы аянты 70 сотых эки жер тилкесин бөлүп берген. Бакиев ал жерлерге өмүр бою ээлик кыла алат.

Улуу баласы Марат Белорустун байлар жашаган Раубичи айылында турат. Кичүү баласы Максим англиялык Суррей графтыгында баасы 5 млн доллар турган хансарайга ээлик кылат.

Конгантиев: токмоктолгон

Молдомуса Конгантиев — Бакиев бийлигинин тушунда, 2008-2010-жылдары ички иштер министрлигин жетектеген. Ал кезде журналисттерге кол салуу, өлтүрүү күч алган. Оппозиция Конгантиевди президенттик аппараттын мурдагы башчысы Медет Садыркуловдун өлүмүн жаап-жашырды деп айыптаган.

Апрель революциясы башталганда Конгантиев Таласка жөнөп кеткен. Ал оппозиция өткөрүп жаткан митингди таратмакчы болгон, бирок топтошкон эл өзүн кармап алып, мыкаачылык менен ур-токмокко алган. Бул окуядан кийин жубайы Конгантиевди дарылатуу үчүн Москвага алып кеткен. Бирок Убактылуу өкмөттүн өтүнүчү менен орус бийлиги кайрадан Кыргызстанга өткөрүп берген.

ИИМдин экс-башчысына шалаакылык жана кызмат абалынан кыянат пайдалануу боюнча айып тагылып, бирок кесилген эмес. Тергөө иштери сегиз жылга созулуп, 2019-жылы сот Конгантиевди актаган. Мүлкү камактан бошотулуп, эч жакка кетпөө тил каты жоюлган.

2022-жылы 12-февралда Молдомуса Конгантиев көз жумган. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев экс-министрдин сүрөтү менен бөлүшүп, «чарчаган арстанымдын акыркы сүрөтү» деп жазган.

Суталинов: 20 жылга соттолгон

Мурат Суталинов — Бакиев мезгилинин УКМК башчысы. 2010-жылы 7-апрелде митингге чыккандарды атууга айыпталган. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетин 2006-жылдан 2010-жылга — бийлик алмашканга чейин жетектеген.

Нааразылык акциясынын катышуучуларынын өлүмү менен аяктаган 7-апрелдеги төңкөрүштөн соң Суталинов өлкөдөн чыгып кеткен. Ага издөө жарыяланган. 2011-жылы декабрь айында күтүүсүз кайтып келип, сотко өзү барган. Сот мүлкүн конфискациялоо менен 20 жылга эркинен ажыраткан.

2019-жылы май айында Суталинов сот залында апрелде курман болгондордун апаларынан кечирим сураган. Ал эми Бишкек шаардык соту адвокат жана Жаза аткаруу кызматынын өтүнмөсү менен Суталиновду мөөнөтүнөн мурда бошоткон.

Суталиновдун бошотулушуна бөйрөк рагына кабылып, дарты төртүнчү стадияга жеткени, паллиативдик жардамга — дарылоого болбой калган бейтапка көрсөтүлүүчү жардамга — муктаж болгону себеп болгон. 2022-жылы жайында Суталиновдун жаңы сүрөтү жарыяланган.

Атамбаев камакта, күч кызматкерлерин кечиришти

Алмазбек Атамбаев — учурдагы абалы кезегинде аны коргогон орган кызматкерлерине салыштырганда начар абалдагы жалгыз өлкө башчысы. Анын башкаруусу дагы журналисттерге, укук коргоочуларга жана оппозициялык саясатчыларга басым жасоо менен эсте калган.

Экинчи мөнөткө президент болууга Атамбаевге мыйзам жол бермек эмес. Андыктан ал президенттик шайлоодо досу Сооронбай Жээнбековду сүрөмөлөгөн. Кийинчерээк достордун арасын кара мышык аралап, Атамбаевдин экс-президент макамы алынган. Ал эми 2019-жылдын август айында кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошоткону үчүн сот Атамбаевди 11 жылга кескен.

Атамбаевдин үстүнөн жалпы 11 кылмыш иши козголгон. Азыркы тапта сот эки өндүрүштү карап жатат: биринчисине 2019-жылдагы Кой-Таш окуялары, Бишкек ЖЭБнин модернизациялоо, Терек-Сай кенин иштетүүгө лицензия берүү, кылмыштуу кирешелерди адалдоо жана Кой-Таш айылындагы жер тилкелерге байланышкан иштер бириктирилген. Экинчиси — 2010-жылдын июнь окуялары боюнча козголгон кылмыш иши.

Атамбаев азыркы убакта №27 абакта жазасын өтөп жатат. Тарапташтагы мурдагы президенттин ден соолугу начарлап, өмүрү коркунучта экенин айтып келет. Бийлик муну четке кагып, «абактын алкагындагы бардык шарттар менен камсыз болгонун» айтууда.

Сегизбаев: өзүнө тааныш мекеменин туткуну

Абдил Сегизбаев 2015-2018-жылдары УКМКны башкарган. Анын ысымы Атамбаевди сындагандардын эсебин табам деп, бирок ишке ашпай калган «Белизгейт» операциясы менен байланыштуу.

2016-жылы «Ата Мекен» партиясынын депутаттары Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова жана Алмамбет Шыкмаматов Конституцияга Атамбаевдин бийлигин сактап калууга жол ачкан түзөтүүлөргө каршы чыгышкан.

Бул окуядан кийин УКМК төрагасы депутаттарды «Мегаком» уюлдук операторунун акцияларына мыйзамсыз ээлик кылат деп айыптаган. Эл өкүлдөрү далилдерди «атайы даярдалган, одоно» деп атап сотко кайрылышкан. Соттон утулуп калып, башка иштер боюнча да айыптоо өкүмү угузулган.

Өлкөдө бийлик алмашып, Сегизбаев кызматтан кеткенден кийин ал айтып жаткан далилдер УКМКда жок болгону аныкталган. 2021-жылы 25-январда Сегизбаев «кызмат абалынан кыянат пайдаланганы үчүн» кармалган. Мындан тышкары, УКМКнын экс-төрагасы атайын кызматтын кызматкерлерине турак-жай, энчилүү курал-жарактарды мыйзамсыз берген, мамлекеттик жайыттарды курулуш үчүн мыйзамсыз менчиктештирүүгө айыпталган. Ошентип Сегизбаев өзү башкарган ведомствонун ТИЗОсуна түшкөн.

Суталинов сыяктуу эле адвоткат Сегизбаевди онкологиялык дартка кабылгандыктан эркиндикке чыгарууну суранган: 2022-жылы 24-мартта адвокат Кайсын Абакиров «Клоопко» курган маегинде УКМКнын экс-төрагасы богок безинин рагына чалдыкканын айтып берген. Ошентип 3-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук соту Абдил Сегизбаевди эч жакка кетпөө тил катынын негизинде бошотуп, 4 млн сом айып салган.

Жээнбеков өргүүдө, күч кызматкерлери жашынып отурат

Сооронбай Жээнбеков өлкөнү 2017-жылдан 2020-жылга чейин башкарган. Өзү президенттик тактысын өткөрүп берген үзөңгүлөшү Алмазбек Атамбаев экөөнүн жаңжалынан тышкары, парламенттик шайлоонун жыйынтыгын президентке ыктаган партиялардын пайдасына жасалмалоо менен эсте калган.

Жээнбеков бийликте турган үч жылда күч органдарынын кызматкерлери эки жолу оор жарадар болгон — Атамбаевдин Кой-Таштагы резиденциясын штурмга алууда жана шайлоонун жыйынтыгын фальсификациялоо каршы митингде. Акыркы митингден кийин Жээнбеков бийликти Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин тандемине өз ыктыяры менен өткөрүп берип, отставкага кеткен.

Сооронбай Жээнбеков бийликтен кеткенден кийин экс-президент макамын алган. Бул макам өмүрүнүн аягына чейин акчалай жөлөк пул, акысыз байланыш, медициналык тейлөө, мамлекеттик күзөт жана мамлекет тарабынан берилүүчү дачаны кепилдейт. Мындай артыкчылыктар менен анын үй-бүлө мүчөлөрү да пайдалана алышат.

Жээнбековду президенттин ыйгарым укуктарын аткарып турган учурдагы аракеттери же аракетсиздиги үчүн кылмыш жообуна же административдик жазага тартууга болбойт. Аны тинтүү же суракка алуу да мүмкүн эмес.

Кол тийбестик анын бардык мүлкүнө тиешелүү, анын ичинде Жээнбеков өмүрүнүн акырына чейин акысыз пайдалана турган транспортко жайылтылат. Эгерде каза болуп кала турган болсо, мамлекет анын үй-бүлөсүнө ай сайын Жээнбековдун пенсиясынын алты эсе өлчөмүнө барабар сумманы төлөп турушу керек.

Экс-президентке саясатка аралашууга же мамлекеттик кызматка барууга тыюу салынган — бул шарт бузулса өмүр бою камсыздалган материалдык колдоодон айрылат. А бирок Жээнбеков учурдагы президент Садыр Жапаров катышкан расмий иш-чараларга катышып келет.

Курманкуловдун дары-дармегине акча керек

Атамбаевдин үйүн штурмга алууда 175 киши жабыркаган. УКМКнын «Альфа» атайын даярдыктагы бөлүгүнүн командиринин орун басары Үсөн Ниязбеков каза таап, ошол учурдагы Чүй ОИИБнин башчысы Самат Курманкуловдун башына таш тийген. Комага түшкөн Курманкулов 40 күндөн кийин гана көзүн ачкан. Кийинчерээк ал «Эрдик» медалы менен сыйланып, генерал-майор чинин алган.

Учурда Курманкулов ден соолугунун абалынан улам пенсияга чыккан, өз алдынча кыймылдай албайт. 2022-жылдын март айында «Спутник» басылмасына курган маегинде генералдын формасы маанайын көтөрүп жатканын айтып берген.

Бирок президентти коргогон Курманкуловдун пенсиясын Жээнбековдукуна салыштырып болбойт. 1-ноябрда, Милиция күнүнүн алдында «Алдаба» ютуб каналына Чүй ОИИБнин мурдагы башчысынын мамлекеттен жардам сурап кайрылган видеосу чыккан. Курманкуловдун айтымында, 21 миң сом өлчөмүндөгү пенсия жадагалса анын дары-дармегине да жетпейт. Видео жарык көргөндөн кийин соцтүйүндөрдө Курманкуловдун дарылануусу үчүн каражат чогултуу башталган.

Опумбаев жана Жунушалиев: дайынсыз жоголгондор

2020-жылдын 5-6-октябрында Бишкекте парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы митингге чыккандарды кууп таркатууга аракет кылышкан. Милиция желим окторду жана көздөн жаш агызуучу газ колдонсо, эми чогулган эл орган кызматкерлерине таш атышкан. Түтүн чыгаруучу граната жарылганда 19 жаштагы Үмүтбек Алтынбек уулу курман болгон.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, октябрь окуяларында 1247 киши жабыркап, алардын 287си ооруканага жаткырылган. 30дай адам көзүнөн жаракат алып, алардын сегизи көрүү мүмкүнчүлүгүнөн жарым-жартылай ажырашкан.

Бул үчүн УКМКнын ошол кездеги төрагасы Орозбек Опумбаев менен ички иштер министри Кашкар Жунушалиев жооп бериши керек эле, бирок Жээнбековдун отставкасынан кийин алар дайынсыз жоголушкан. Баткен облусунун тургундары менен жолугушуу учурунда жаңы президент Садыр Жапаров генералдар изделип жатканын айтып ишендирген. Бирок, алар суракка да чакыртылган эмес, издөө да жарыяланган эмес.

2022-жылдын 9-февралында башкы прокурор Курманкул Зулушев «мурдагы министрлерге карата кылмыш иши козголгон жок» деп билдирген. Генералдар азыр кайда экени белгисиз. Жээнбековдун бийлигин коргогон эки генерал бекинип отурганынын өзү алар бери дегенде психологиялык жактан ыңгайсыз абалда экенин айтып турат.