Укук коргоочу Абдирасуловага милицияга баш ийбегени үчүн 3000 сом айып тагылды

Бишкектин Биринчи май райондук соту укук коргоочу Азиза Абдирасуловага милицияга баш ийбегени үчүн 3000 сом айып тагылды.

Прокурор Абдирасуловага 3000 сом айып салууну суранды. Ал эми укук коргоочунун адвокаты «милиция кызматкерине баш ийбөө тууралуу» протоколду жараксыз деп таап, укук коргоо кызматкерине карата жеке аныктама чыгарууну өтүндү.

Жыйынтыгында райондук сот прокурордун өтүнүчүн колдоду. Укук коргоочу чечим боюнча Бишкек шаардык сотуна даттанарын билдирди.

Милиция кызматкерлери Абдирасулованы 15-ноябрда Ак үйдүн алдында күч менен кармашкан. Ага чейин ал жерде Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы митинг өткөн болчу. Милиция кызматкерлеринин бири 64 жаштагы укук коргоочуну мас болуп алып сөгүп жатат деп айыптаган. «Мен формачанмын, сөкпө», — деп кыйкырган милиционер. Ошол эле маалда видеодо укук коргоочу адепсиз сөздөрдү колдонуп жатканынын далили жок.

Алар укук коргоочуну түрткүлөп, колунан сүйрөп алып кетүүгө аракет кылып жатканда укук коргоочу жерге отуруп калган. Башында Абдирасулованы медициналык күбөлөндүрүүгө алып кетүүнү каалашкан, бирок ал жакка барбай милиция бөлүмүнө алып келишкен.

Отурумда Абдирасулованы кармоого катышкан милициянын майору Ринат Мураталиев да сөз сүйлөдү. Анда укук коргоочунун адвокаты Абдирасулованы кармоо учурунда ага кандай мамиле кылынганын жана укугу бузулган жокпу деп суроо салды. Бирок милиционер аялдын укугу бузулбаганын билдирди.

Сотко Абдирасулованы кармоого катышкан дагы бир милиция кызматкери чакырылды. Укук коргоочу андан эмне үчүн эч бир плакат кармабай эле жөн эле четте турса митингчи катары кармашканын сурады. Милиция кызматкери укук коргоочуга так жооп бере албай болгону кармоо учурунда сылык мамиле кылынганын айтты.

Абдирасулова өзү кармалуусун — саясий буйрук деп белгиледи. Ал андан бир күн мурун Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын 10-бөлүмүнүн башчысы Шумкарбек Сулайманов аны аңгемелешүүгө чакырганын айткан. Анда Сулайманов 15-ноябрда митинге чыкпоосун өтүнүп, чыккан аялдарды «кармоо боюнча тапшырма алганын» билдирген. Ошондой эле, милиция кызматкери ага «жазгандарын үчүнчү күчтөр пайдаланып кетпеши үчүн» Фейсбукта азыраак жазууну сунуштаган.

Сотто Абдирасулованы кармалган учурда тартылган видео көрсөтүлдү. Ал видеодон укук коргоочуну шаардык милициянын жетекчисинин орун басары Тилек Тюкебаев баш болгон калаа милиционерлери 64 жаштагы аялды күч менен машина түрткүлөп алып кетишкенин көрүнүп турат. Адвокат Тюкебаевди сот отурумга чакыртууну суранды, бирок сот бул жолу да өтүнчүтү канааттандыруудан баш тартты.

Абдирасулованын кармалышы

Абдирасулованы кармоо операциясын Бишкек ШИИБдин жетекчисинин орун басары Тилек Тюкеваев жетектеген. Жеринен тартылган видеодо Тюкебаев Абдирасулова аны «билген намазыңды оку деп сөккөнүн» айтып, «оозунан арак жыттанып жатат» деп кайталайт. Ошондой эле өзү да укук коргоочуну түрткүлөп, ичкилик ичкенин күбөлөндүрүү үчүн алып кетүүнү буйрук бергенин көрүүгө болот. Андан соң күч кызматкерлери «баш ийбей жатат» деп Абдирасулованы кайгуул унаасына салып кетишкен.

Азиза Абдирасулованы күчтөп унаага салып кеткен Тюкебаев соцтармактын колдонуучулары тарабынан кескин сынга алынып, «уят», «энелерди кордоду» деп нааразы болушкан.

«Милиция акылынан айныды, улгайган аялды сүйрөп, аз келгенсип ичип алган деп айыпташууда. Ниязбеков башкарып турганда милиция деградация болгону айдан ачык», — деп жазган журналист Махинур Ниязова.

Полковник Тилек Тюкебаев буга чейин аялдардын укугу үчүн тынчтык митингинде жана «Путинизмге» каршы акцияда катышуучуларды кармоо операциясын жетектегени белгилүү.

Орусиянын Украинага кол салуусун сындаган митинг учурунда 25 активист кармалган. Митингчилерди кармоо учурунда тартылган видеолордо үн күчөткүч көтөргөн Тюкебаев «баарын салгыла, алып кеткиле» деп буйрук бергенин көрүүгө болот.