Орусиянын Мамдумасы Бишкектеги райондордун аталышын кыргызчалоо сунушун сындап чыкты

Орусиянын мамлекеттик думасынын эл аралык иштер комитетинин жетекчи орун басары Светлана Журова Бишкектеги райондордун аталышын кыргызчага өзгөртүү өлкөдөгү «орустардын укугун бузат» деп билдирди. Бул тууралуу ал «Москва сүйлөйт» үналгысына курган маегинде айтты.

Журова парламент төрагасы Нурланбек Шакиевдин Элдик Курултайда мамлекеттик тил жөнүндө айткандары жана көтөргөн демилгелери боюнча пикирин билдирди.

Ал Орусия менен Украинанын чатагы да «мамлекеттик тил маселесинен улам башталган» деп белгиледи.

«Бул жөн маселе эмес. Бул орус тилин толугу менен сүрүп чыгууга болгон алгачкы майда кадам. Мындан эч кандай күмөнүм жок. Биз тараптан азырынча андай кылбоо өтүнүчү айтылышы мүмкүн, себеби, бул нерсе Кыргызстанда жашаган көпчүлүк орустардын укугун бузат. Андан кийинки баскыч — мектептер, анан дагы башкалары деп отуруп, Грузиядагыдай жаштар, тилеккке каршы, орус тилинде сүйлөбөй калат. Украинада деле ушундан башталганын билебиз. Улуттук тилди коргогондой сезилгени менен, бирок ошол эле маалда, эл акырындык менен орус тилинде сүйлөбөй каларын түшүнүшү керек», — деди ал.

Орусиянын депутаты бул маселе президент Владимир Путинге «жетиши мүмкүн экенин жана ал Кыргызстандагы кесиптешине кичине сын айтар» деп кошумчалады.

25-ноябрдагы Элдик Курултайда парламент төрагасы Нурланбек Шакиев борбор калаадагы райондордун аталыштарын өзгөртүүнү сунуштаган.

Ал мамлекеттик тилди «ар бир кыргыз жараны билиши керек экенин» баса белгилеп, өлкөнүн көпчүлүк аймактарындагы жерлердин аталыштары башка тилде экенине токтолгон.

«Бөлөк тилди билген уят эмес, кыргыз тилин билбеген уят. Биздин өлкөдө, тилекке каршы, көпчүлүк аймактарыбызда дагы эле жер-суунун аталыштары башка тилде. Алардын баарын тез арада кыргызчалашыбыз керек. Анын бири, баш калаабыз Бишкектин төрт районун тез арада кыргызча аташыбыз керек», — деди Нурланбек Шакиев.

Ага чейин ушундай эле сунушту 29-июнда Бишкек шаардык кеңештин депутаты Таалайбек Усубалиев айткан.

Ал азыркы аталыштар «моралдык жактан эскирип, тарыхый миссиясын аткарып бүткөн» деп белгилеп, аларды өзгөртүүдө «улуттук идеологияны эске алуу керек» деген пикирин билдирген.

Тема боюнча:

Шакиев: Бишкектеги райондордун аталыштарын тез арада кыргызчалашыбыз керек