Шакиев: Бишкектеги райондордун аталыштарын тез арада кыргызчалашыбыз керек

Нурланбек Шакиев

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев 25-ноябрда Бишкекте өтүп жаткан Элдик курултайда борбор калаадагы райондордун аталыштарын өзгөртүүнү сунуштады.

Төрага мамлекеттик тилди ар бир кыргыз жараны билиши керек экенин баса белгилеп, өлкөнүн көпчүлүк аймактарындагы жерлердин аталыштары башка тилде экенине токтолду.

«Бөлөк тилди билген уят эмес, кыргыз тилин билбеген уят. Биздин өлкөдө, тилекке каршы, көпчүлүк аймактарыбызда дагы эле жер-суунун аталыштары башка тилде. Алардын баарын тез арада кыргызчалашыбыз керек. Анын бири, баш калаабыз Бишкектин төрт районун тез арада кыргызча аташыбыз керек», — деди Нурланбек Шакиев.

Буга чейин 29-июнда аталган сунушту Бишкек шаардык кеңештин депутаты Таалайбек Усубалиев айткан.

Анын айтымында, азыркы аталыштар «моралдык жактан эскирип, тарыхый миссиясын аткарып бүткөн». Ошондой эле ал аталыштарды өзгөртүүдө «улуттук идеологияны эске алуу керек» деген пикирин билдирген.

Эл өкүлү райондордун аталыштарына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизүүнү сунуштаган:

  • Биринчи май району — Турдакун Усубалиевдин же Жусуп Абдрахмановдун атына;
  • Свердлов району — Манастын же Чыңгыз Айтматовдун атына;
  • Октябрь району — Сүймөнкул Чокморовдун же Байтик Баатырдын атына;
  • Ленин району — Абсамат Масалиев же Исхак Раззаковдун атына.

Усубалиев бул маселе бүтүндөй депутаттык корпустан келип түшкөнүн белгилеп, мэрияга каржылык эсептөөлөрдү жүргүзүп, кийинки сессияда кароону сунуш кылган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Исфана шаарынын аталышы Раззаков болуп өзгөрдү