Түркменстандын элчиси болуп тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров дайындалды

Өлкө башчысы Садыр Жапаров 25-ноябрда Кыргызстандын Түркменстандагы элчиси кылып Азизбек Мадмаровду дайындады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мадмаров элчи болуп дайындалганга чейин 2018-жылдын августунан бери тышкы иштер министринин орун басары болуп иштеп келген.

Ал эми Мадмаровго чейин Түркменстандын элчиси кызматын Талант Султанов аркалаган. Ал 2021-жылдын майында ишке киришип, быйыл август айында кызматтан бошотулган.

63 жаштагы Азизбек Мадмаров Ош облусунун Өзгөн районунда туулган. Ал Тышкы иштер министрлигинде ар кандай кызматтарда иштеп, ЖККУнун катчылыгында бөлүм башчы болуп иштеген.

Ал эми 2006-2010-жылдары Мадмаров Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси болгон.