«Адилет»: Шаардык сот Темировду өлкөдөн чыгаруу чечими менен Конституцияны одоно бузду

Бишкен шаардык сотунун коллегиясы журналист Болот Темировду өлкөдөн чыгарып салуу чечими менен «өлкө жарандарын республиканын сыртына чыгарып салууга тыюу салган Конституциянын 51-беренесинин талаптарын одоно бузду». Бул тууралуу «Адилет» укукктук клиникасы коомдук фондунун анализинде айтылат.

Юристтер Темиров Кыргызстандын аймагында туулганда эле анын жараны болуп туулганын, ал эми «бул маселе сотто териштирүүнүн предмети болгон эмес жана журналисттин жарандыгы эч ким тарабынан талашылган эмес» деп белгилешти.

«Мындан тышкары, Болот Темиров Кыргызстандын аймагында жашап иштеп жүргөндө паспортун бир нече жолу алмаштырган, шайлоолорго катышкан, мамлекеттик кызматтарды аркалаган, 26-форма боюнча документтерди колдонууну жол-жоболоштурууда улуттук коопсуздук органдары тарабынан текшерүүдөн өткөн, салык төлөп жүргөн, тактап айтканда, Кыргызстандын жаранына берилүүчү бардык укуктар менен милдеттенмелерге ээ болгон», — деп айтылат анализде.

Буга кошумча эксперттер адамды жарандыгынан президент гана жаралыгы менен ажырат аларын белгилешти. Темиров боюнча андай жарлык чыккан эмес, демек, сот Кыргызстандын жаранын өлкөдөн мыйзамсыз чыгарган, бул Конституциянын 51-беренесине каршы келет.

Ошондой эле талдоодо уюмдун юристтеринде Бишкек шаардык сотунун коллегиясы Темировду жазага тартуу мөөнөтү өтүп кеткен деп чыгарылган кылмыш иши боюнча өлкөдөн чыгарып салуу чечими көптөгөн суроолорду жаратып жатканы айтылат.

«Доонун эскирүү мөөнөтүнүн өтүшү боюнча мамлекет кылмыш жоопкерчилигине тартуу укугун жоготот, бул учурда адам токтоосуз түрдө кылмыш жоопкерчилигинен бошотулуп, ага карата кандайдыр бир жаза колдонулбашы керек», — деп эске салды «Адилет» клиникасы.

Мындан тышкары, уюмдагылар «сот залында өкүм чыгармалары менен дароо аткарыла баштаганы сот адилеттигине ээ болуу боюнча конституциялык укукту жана соттун өкүмүн Жогорку сотто алкылыктуу даттануу мүмкүнчүлүгүн дароо чектеген, ошол эле кезде Конституция ар бир адамга укуктары менен эркиндигин соттоо коргоону кепилдейт» деп белгилешти.

Темировду депортациялоо

Бишкек шаардык соту 23-ноябрда журналист Болот Темировду Кылмыш-жаза кодексинин 70-беренесинин («Өлкөдөн чыгарып жиберүү») негизинде өлкөдөн чыгарып жиберүү чечимин кабыл алган. Шаардык соттун чечиминен кийин дароо эле Болот Темировду сот залынан күчтөп алып чыгып, унаа менен белгисиз тарапка алып кетишкен.

Үч сааттан ашык журналисттин дайыны белгисиз болгон — Темировду Бишкектин убактылуу кармоочуй жайларынан да, атайын кармоочу жайлардан да таппай коюшкан. Кийинчерээк Темировдун адвокаты Баатыр Ботобеков «Клоопко» Темировду «күчкө салып жашырып жатышат» деп билдирген.

Кечке жуук Ботобеков Темировду издеп «Манас» аэропортуна келген. Ал жерден адвокат аэропорттогу милиция бөлүмүнө барып сураганда «Темировду эч ким алып келбегенин» айтышкан.

Бирок саат 20:00гө жакын милиция бөлүмүнө жарандык кийимчен, болжолдуу, укук коргоо органдарынын же УКМКнын кызматкерлери кирип, ал жерден шаша-буша Темировду чыгарып, лифт менен учуу залына көтөрүлүп кетишкен.

Кийин иликтөөчү журналисттин адвокаттары Темировду Кыргызстандан Москвага депортация кылышканын билдиришкен.

Парламент депутаттары, көзкарандысыз юристтер, медиа коомчулук жана эл аралык уюмдар журналист өлкөдөн күч менен чыгарылган айыптап, сот чечимин жокко чыгарууну талапк ылышкан. Алардын баары журналистти жарандыктан ажыратуу менен өлкөдөн сыртка чыгарууну — Темировдун конституциялык укугун бузуу жана «чектен ашкан куугунтук» деп эсептешет.