«Бул өтө ашыкча болду». Бекешев парламенттин жыйынында Темировдун өлкөдөн чыгарылганын сынга алды

Жогорку Кеңештин 24-ноябрдагы жыйынында депутат Дастан Бекешев иликтөөчү журналист Болот Темировдун өлкөдөн күч колдонуп чыгарылганын сынга алды. Ал кесиптештерине кайрылып, бул маселени кароону сунуштады.

Ал Баш мыйзамдын 51-беренеси боюнча бир дагы жаран өз жарандыгынан ажыратылышы мүмкүн эмес экенин эске салды.

«Кечээ кыргызды кыргыз Кыргызстандан мыйзамсыз чыгарды. Аны айтпаса болбойт. Чындыгында бул өтө ашыкча болду. [...] Ооба, ал иликтөөлөрдү кылды, анын жазгандары кээ бир адамдарга жакпасын түшүнүп жатам. Укук коргоо органдары аркылуу, сотттор аркылуу өч алуу туура эмес. Бул аракеттер мыйзамсыз!» — деди Бекешев.

Темировдун өлкөдөн чыгарылышы

23-ноябрда Бишкек шаардык соту иликтөөчү журналист Болот Темировдун «документтерди жасалмалоо иши» боюнча аппеляциялык арызын караган.

Отурумда мамлекеттик айыптоочу сотко Темировду өлкөдөн чыгарып салуу сунушун келтирип, сот Темировду өлкөдөн чыгаруу боюнча жаңы өкүм кабыл алган. Укук коргоо органынын кызматкерлери Темировду сот залынан күч колдонуп алып чыгып кетишкен.

Аны кайда алып барышары жактоочуга да, ЖМК өкүлдөрүнө да айтылган эмес — Темиров кайда экени бир нече саат бою белгисиз болгон. Кийинчерээк иликтөөчү Кыргызстандан Орусияга депортацияланганы маалым болду. Темировду апасы жана туугандары Москвадан тосуп алышты.

Кыргызстандагы медиа коомчулук иликтөөчү журналисттин өлкөдөн чыгарылышын «ачык-айкын эле куугунтук» деп баалады.

Ал эми Журналисттерди коргоо комитети журналистти өлкөдөн чыгууга мажбурлаган бийликтин аракетин сынга алып, Темировго жана көз карандысыз маалымат каражаттарына болгон «куугунтукту тез арада токтотууну» талап кылды.

ТЕМА БОЮНЧА:

Болот Темировду Москвадан апасы менен туугандары тосуп алды

Бир иллюстрация менен: Күч органдарына туруштук берип жарык чачкан Темиров