Орусия мобилизациядан улам жумушчу күч азайгандыктан мигранттар үчүн мамкызматтарды жөнөкөйлөтөт

Орусия Федерациясынын өкмөтү ИИМге эмгек мигранттарынын документтерин даярдоо жана жашаган жери боюнча каттоо үчүн «Паспорт-виза кызматынын» (ПВК) жана Москва шаарындагы Көп функционалдуу миграция борборунун (КМБ) кызматтарын пайдаланууну кеңейтип берүүнү сунуштады. Орусиянын «Коммерсант» басылмасы бул виза талап кылынбаган өлкөлөрдөн келген мигранттар үчүн мамлекеттик кызматтарды алууну жеңилдетерин белгиледи.

Мамлекеттик думага киргизилген мыйзам долбоорунун түшүндүрмө катына ылайык, (Москвадагы) КМБнын жана (Орусиянын аймактарындагы) ПВКнын кызматкерлери визаларды, чакырууларды, убактылуу жашоого уруксаттарды, жашап турууга же аны алмаштырууга уруксат документтерин, ишке орношууга уруксаттарды, анын ичинде патенттерди, Орусия Федерациясынын жаранынын жалпы жарандык паспортун кайра жасатуу жөнүндө арыздарды, ошондой эле арыз берүүчүлөрдү сүрөткө тартуу жана дактилоскопиялык каттоону жүргүзүүгө арыздарды кабыл алуу боюнча иштерге тартылат.

«Коммерсанттын» маалыматына ылайык, орус бийлиги бул аракети менен мобилизация жана виза талап кылынган өлкөлөрдөн келген жумушчулардын азайышынан улам келип чыккан эмгек рыногундагы таңкыстыкты жоюуну көздөйт.

Ноябрь айынын башында Экономиканы өнүктүрүү министри Максим Решетников Орусиянын эмгек рыногунда кадр тартыш болуп жатканын айткан. Бул тууралуу эксперттер да бир нече айдан бери айтып келишет. 24-февралда башталган согушка байланыштуу миңдеген орус жараны Орусиядан башка өлкөлөргө чыгып кеткен. Экономист Владимир Гимпельсондун пикиринде, өлкөдөн чыгып кетип жаткандардын басымдуу бөлүгү, адатта, экономикада өзгөчө орду бар жаш эркектер болгон. «Алардын артынан кайсы бир убактан кийин аялдары кетишет (же кетип баратышат), бул болсо ушул жаш курактын тобундагы жалпы жоготууну көбөйтөт. Аларды, алардын балдарын дагы мен азырынча эсепке алган жокмун», — деди ал.

Андан тышкары, Украинадагы согуштан улам 21-сентябрда Орусияда жарым-жартылай мобилизация жарыяланып, ага эң аз дегенде 300 миң жаран тартылган. Гимпельсон алдыдагы перспективада согушка чакырылгандар эмгек рыногун толукташы керек эле деп белгилейт. «Келечекте Орусиянын жумушчу күчү алардын ичинен көбүнө муктаж болот», — дейт экономист.

Акыркы расмий маалыматтарга караганда, Орусияда миллионго чукул кыргызстандык эмгектенет. Ал эми жалпысынан чет өлкөлөрдө республиканын 1,1 млндон ашуун жараны эмгек миграциясында жүрөт.

Башкы бетке иллюстрациялык сүрөт коюлду.