29-ноябрда Үй-бүлөлүк, сексуалдык жана гендердик зомбулуктан коргоо боюнча мыйзам долбоорунун презентациясы болду. Анда юрист Евгения Крапивина сексуалдык зомбулуктан коргоо боюнча азыркы мыйзамдагы көйгөйлөр тууралуу айтты.
Юрист жашы жете электер менен жыныстык катнаш «ыктыярдуу» деп табылган кылмыш иштери бар экенин сынга алып, Жогорку соттун сайтынан мисал келтирди.
«Бир кылмыш ишинде кыз 12 жашта болгон. Ал жыныстык катнаш учурунда “мас абалда” болгон. Бул деген алсыз абалда болгон адамды зордуктоо эмеспи? Бирок бул иш “өз ыктыяры менен жыныстык катнаш” деп квалификацияланган», — деп билдирди Евгения Крапивина.
Ал эми экинчи мисалда да юрист жашы жете элек кыздын зордукталышы «ыктыярдуу» деп табылып, айыпталуучуга пробациялык көзөмөл берилгенин айтты.
«Башка бир окуяда кыз 14 жашта, ал дагы “мас абалда” болгон. Ал эми тергөө органдары муну дагы “ыктыярдуу жыныстык катнаш” деп чечим чыгарган. Ал эми сот эмне деп жазат дебейсиңерби? Пробациялык көзөмөл колдонсо боло турганын жазган. Сот айыпталуучуну коомдон чындап эле обочолонтпой туруп түзөтүү мүмкүн деген тыянак чыгарган. “Уланта бергиле, биздин арабызда жашагыла, силер коомго коркунуч эмессиңер” [деп]. Мыйзам дагы буга жол берет», — деди юрист.
Крапивина «кылмыш-жаза кодексинин нормасы так жазылып, бирдиктүү тажрыйба болушу абзел» деп кошумчалады.
Ал мыйзамдарды өзгөртүү боюнча сунуштарын төмөнкүдөй тизмектеди:
- Улуттук мыйзамдарды кабыл алынган эл аралык милдеттенмелерге ылайыктоо;
- Кылмыш-жаза кодексинин беренелериндеги карама-каршылыктарды жоюу;
- Нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузгандыгы үчүн тараптардын элдешүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруу;
- Гендердик мүнөздөгү оор кылмыштар үчүн пробациялык көзөмөл берүү менен жазадан бошотуу эрежесин алып салуу;
- Кылмыш-жаза кодексинде жыныстык катнашка макулдук берүү боюнча курагына карат төмөнкү босогонун белгилениши;
- Соттор тарабынан гендердик кылмыштарды кароонун бирдиктүү стандарты жөнүндө Жогорку Соттун пленумунун токтомун кабыл алсын.