Быйыл августта Бишкек шаарында 17 жаштагы балага карата күч колдонуп, андан соң жыныстык талабын кандыруу үчүн оралдык катнашка мажбурлаган деп 39 жаштагы кишиге кылмыш иши козголгон. Бирок тараптар өз ара «элдешип», Биринчи май райондук соту тарабынан ноябрь айында кылмыш иши токтотулган.
Биз мыйзамдагы «элдешүү» эмне жана «сексуалдык ыдыкка кабылган жашы жете элек бала зөөкүр менен элдеше алабы» деген суроонун үстүндө психолог Гүлжамал Шерипканова менен маектешип көрдүк.
Эмне болгон?
Сот өкүмүндөгү маалыматка ылайык, Бишкектин 39 жаштагы тургуну 17 жаштагы баланы үйүнө мейманга чакырган. Андан соң өзүнүн жыныстык талабын кандыруу максатында жигитке спирт ичимдигин ичирген.
«Мас болуп калган баланын алсыз абалынан пайдаланып, күч колдонуу менен аны оралдык катнашка мажбурлаган», — деп жазылат өкүмдө.
Аны менен катар, документте соттук-медициналык экспертиза жабырлануучунун денесинде көзгө учураган көгала-так жок, арткы тешигинде жаракаттар табылган эмес деген жыйынтык чыгарганы айтылат. Ал эми айыпталуучу эч кандай психикалык оору менен жабыркабайт, кылмыш жасаган учурда акыл-эси менен болгон.
Ошондой эле, жабырлануучуда бул окуядан кийин тынчсыздануу, депрессиянын белгилери пайда болгону баса белгиленген. Анын уйкусу качып, коркуп калганы байкалган.
Айыпталуучуга «Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер» беренеси менен айып тагылган. Анткен менен анын адвокаты тараптар «элдешкени» тууралуу макулдашууну жүйөө келтирип, жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлү элдешүү келишимин колдогон. Мындан улам кылмыш иши токтотулган.
Психолог «элдешүү» тууралуу эмне дейт?
Жашы жете элек бала өзүнө зомбулук көрсөткөн киши менен «элдешиши» мүмкүнбү? Бул суроого «Клооп» менен маегинде Шотландиянын Эдинбург шаарындагы Place2Be балдардын психикалык ден соолугун чыңдоо кайрымдуулук борборунун кызматкери, психолог-консультант Гүлжамал Шерипканова жооп берди.
Адистин айтымында, айыпталуучу менен жабырлануучунун элдешүү тажрыйбасы «өтө эле эскирди», бул бүгүнкү күндө «керексиз түшүнүк». Ал элдешүү тажрыйбасы дүйнө жүзүндө жок экенин*, кылмыш катталган учурда доо арыз болбосо деле иш козголорун айтты.
Айыпталуучу менен жабырлануучунун элдешүү тажрыйбасы «өтө эле эскирди», бул бүгүнкү күндө «керексиз түшүнүк».
«Мындай окуя катталган учурда жабырлануучу психо-эмоционалдык жактан абдан оор абалда болот. Биздеги маданий чектен алып караганда, аталган иш өспүрүм жабырлануучунун макулдугу менен эмес, толук кандуу мажбурлоо аркылуу болгон деген ойдомун. Анткени, бизде эркектер арасында оралдык катнашка баруу кабыл алынбайт, мындан улам өспүрүм дагы ыктыярдуу түрдө ал кадамга бармак эмес. Анан дагы ал катуу мас болуп калган», — деп билдирди Шерипканова.
*Элдешүү тажрыйбасы бир катар КМШ өлкөлөрүнүн мыйзамдарында, атап айтканда, Орусия жана Беларуста каралган. Ошондой эле Казакстандын мыйзамдарында конкреттүү кылмыштар боюнча элдешүү тартиби түзүлгөн.
Ал эми Армениянын мыйзамдарында элдешүү усулу тиркелген эмес, бирок колдонуудагы мыйзамдарда медиация практикасы кылмыштардын конкреттүү категориялары боюнча элдешүүнүн жоболорун жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.
Психотерапевт жашы жете элек балдар өздөрү макулдук бере албасын, элдешүү тууралуу сүйлөшүүлөр камкорчулар менен талкууланаарын баса белгилейт.
«Албетте, ар бир окуяга индивидуалдуу баа берилет. Ошентсе да, баланы психологиялык жактан талкалашкан. Бул ага келечектеги жашоосунда жана мамиле курууда чынжыр реакциясына түрткү болот. Мыйзамдарды билбегендик — укук бузуучуну жоопкерчиликтен бошотпойт», — деп кошумчалады психолог.
Мыйзамдарды билбегендик — укук бузуучуну жоопкерчиликтен бошотпойт.
Шерипканова зордуктоого байланышкан иштерде эки тараптын элдешүүсүнө виктимблейминг дагы таасир берерин эске салды.
«Сот процессине чейин эле жабырлануучуда коркуу, уялуу, тынчсыздануу, өз өмүрү үчүн кооптонуу сыяктуу көптөгөн эмоционалдык көйгөйлөр пайда болушу мүмкүн. Анткени коомдо виктимблейминг деген “дарт” бар. Өзүн күнөөлүү сезген депрессиядагы адамды, өзгөчө жашы жете элек баланы чоңдор — сот болобу, кылмышкер болобу, милиция болобу — оңой эле башкарып, манипуляцияга барышат», — деп белгилейт адис.
*Кылмыш, зомбулук, каргашалуу окуя үчүн күнөөнү жабыркаган тарапка оодаруу — виктимблейминг деп аталат. Виктимблеймингдин негизин «жабырлануучу башынан өткөн окуяга өзү татыктуу» деген идея түзөт.
Сексуалдык зомбулуктагы «элдешүү» практикасы
Кылмыш-жаза кодексине ылайык, «Зордуктоо» же «Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер» беренелери менен шектелген адам «коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарына таасирин тийгизген учурларды кошпогондо» жабырлануучу менен элдешип, келтирилген чыгымдын ордун толтуруу менен жоопкерчиликтен бошотулушу мүмкүн.
2018-жылы Акыйкатчы институту Кылмыш-жаза кодексинин ошол учурдагы редакциясына ылайык, «Жабырлануучу менен бүтүмгө жетишкенде кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотуу» беренесине толуктоо киргизүүнү сунуштаган.
Анда «баланын ою жана кызыкчылыктарынын эсеби менен элдешүү так жана даана негизделбесе, анда жашы жете электерге карата зомбулук иштери боюнча тараптардын элдешүүсүнө тыюу салуу каралышы керек» деп жазылган.
Зордуктоодон кийинки психикалык олуттуу көйгөйлөр
Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институтунун Борбордук Азиядагы программалык менеджери Бегайым Замирбек сексуалдык зомбулук узак мөөнөттүү психикалык көйгөйлөргө — жабыркоодон кийинки стресске, депрессияга алып келиши мүмкүн дейт.
Анын айтымында, зордуктоону башынан кечирген адам стресске туруштук берүү максатында алкоголдук ичимдиктерге жана баңгизатка ыктап, коргонууну эске албай жыныстык катнашка барышы ыктымал.
Ал эми булардын баары зордуктоодо физикалык жаракат болбосо деле, дарылануу ашыкча чыгым болот.
«Бул психологиялык жардамдын баасын эсепке албагандагы чыгым, анткени бизде психологиялык көмөк кыйла жабык тема. Ал бардык адамдардын эле капчыгына туура келбейт. Себеби, Бишкекте психологдун 1 сааты бери дегенде 1000 сом жана андан да жогору турат», — дейт Замирбек.
Ошондой эле фемактивист травмадан кийинки стрессттен кийин зомбулукка кабылган киши кадимки жашоо көндүмүнө көптө кайтарын баса белгилейт. Анын айтымында, зомбулукка кабылгандар травманы жеңүүдө окуусунан же карьерасынан кол жууп калышы ыктымал.
«Изилдөөлөргө ылайык, сексуалдык зомбулукка кабылгандар зөөкүрдүк мамилени унутуу максатында 26 эсе көп баңгизат колдонушат. Ошондой эле травмадан кийинки стресстин симптомдору согушту башынан өткөргөн адамдардыкы менен бирдей экенин изилдеп чыгышкан», — деп билдирди Бегайым Замирбек.
Травмадан кийинки стресстин симптомдору — согушту башынан өткөргөн адамдардыкы менен бирдей.
Аны менен катар ал сексуалдык зомбулукка кабылгандар башынан өткөн окуяны кайра-кайра айтып берүүдөн качып, көпчүлүк учурда укук коргоо органдарына кайрылбайт деп белгиледи.
«Сексисттер зордуктаган кишиге берилген жаза кылмышкердин гана жашоосуна [терс] таасирин тийгизет деп ойлошот. Бирок изилдөөлөр көрсөткөндөй, “аман калгандардын” көпчүлүгү өмүр бою зордуктоонун кесепеттеринен запкы тартышат», — деди ал.
Балдарга карата зомбулук
ИИМдин маалыматына ылайык, өлкөдө 2022-жылдын башынан бери балдарга карата 400дөн ашык зордук-зомбулук фактысы катталган. Аталган 400 фактынын 55 учуру — бул сексуалдык мүнөздөгү зомбулук.
Сексуалдык мүнөздөгү зомбулуктун ичинен: 19у зордуктоо, 5и сексуалдык зомбулук көрсөтүү аракети, 23ү жашы жете элек кыздарга карата сексуалдык мүнөздөгү зомбулук көрсөтүү аракети, 8и ыплас аракеттер.
Муну менен кошо балдарга карата зомбулук фактылары жыл сайын өсүп жатат. Июлдун аягында Ички иштер министри Улан Ниязбеков жашы жете электерге карата кылмыштардын өсүшү тууралуу билдирүү жасаган.
Көбүнесе иш сотко жетпей калат, анткени көпчүлүк учурда балдарга карата зордук-зомбулук туугандар тарабынан жасалат. Жапа чеккендердин үй-бүлөлөрү арыз жазууну чечишсе да, туугандары менен макулдашып, арыздан баш тартышат.
Эгерде сиз балдарга карата зомбулукка кабылсаңыз же күбө болсоңуз, анда сиз «Балдардын ишеним телефону» борборунун 111 номерине анонимдүү жана акысыз чалсаңыз болот.
Борбор өлкөнүн бардык аймактарынан чалууларды кабыл алат жана күнү-түнү дем алышсыз иштейт. Сизге консультация, психологиялык жардам бере алышат. Эгерде кийлигишүү керек болсо сиздин кайрылууңуз тиешелүү мамлекеттик органдарга жөнөтүлөт.
Зомбулукка кабыл болгон балдарга жардам бере турган борборлор иштейт. Төмөнкү даректер боюнча кайрылса болот:
- Бишкек шаары, Карасаев көчөсү №73. Телефондор: 0312 442510, 0312 442574, 0312 542934
- Ош облусу, Ош шаары, Гапар Айтиев көчөсү, 5/1. Телефон: 03222 62288
- Талас облусу, Талас шаары. Телефон: 0778 4366775
- Ысык-Көл облусу, Каракол шаары, Жамансариев көчөсү №163. Телефондор: 03922 50405, 03922 50212
- Ысык-Көл облусу, Түп айылы, Ысык-Көл көчөсү №33. Телефон: 03945 24546