2022-жылы КРге агылган орусиялыктар: Кыргызстан менен Росстаттын маалыматы дал келбейт

2022-жылдын январынан сентябрга чейин Орусиядан Кыргызстанга 55,7 миң адам кирген. Мындай маалыматты Федералдык мамлекеттик статистика кызматы (Росстат) жарыялады.

Жыл башынан бери калктын Орусиядан миграциялык чыгып кетүүсү дагы деле уланып жатканы белгиленет. Алсак, 2022-жылдын башынан бери Росстат (-36,2 миң) миграциялык чыгып кетүүнү каттаган. Салыштырмалуу: 2021-жылдын биринчи жарымында Росстат (+268 миң адамдын) миграциялык агымын каттаган.

Кыргызстандын мамлекеттик ведомстволорунун маалыматтары Орусияныкынан кыйла эле айырмаланат.Кыргызстандын Санарип өнүктүрүү министрлиги сентябрда быйыл сегиз айдын ичинде 170 миңге жакын орусиялык жашаган жери боюнча каттоодон өткөнүн билдирген. Мекеменин маалыматына ылайык, каттого турган орусиялыктардын саны 2021-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 28 680 адамга көбөйгөн.

2022-жылдын 24-февралында Орусия Украинага ири алкакта кол салуусун баштаган. Ал убактан бери Орусиядан 500 миңден ашык жаран чыгып кеткен.

Орусиялыктарды өлкөдөн жапырт чыгуусу быйыл 21-сентябрда дагы көбөйгөн. Бул Орусиянын президенти Владимир Путин жарым-жартылай мобилизация жарыялагандан кийин башталган.

Октябрдын аягында Кыргызстандын Чек ара кызматы Орусиядан келип жаткандардын орус жарандарынын агымы азайып, «мурдагыдай эле болуп калганын» билдирген. 2022-жылдын башынан бери Кыргызстанга 790 миң адам кирип, анын ичинен 740 миңи кайра чыгып кеткени кабарланган.