СПИДден арылууга феминизм жардам берет — БУУ

Гендердик теңсиздик СПИДди жоюуга тоскоолдук кылып жатат. БУУнун эл аралык уюму бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата анализ жүргүзгөндөн кийин ушундай тыянакка келген. СПИДди жоюунун жалгыз натыйжалуу жолу — бул феминизм, деп эсептейт Бириккен Улуттар Уюмунун ВИЧ/СПИД боюнча бириккен программасынын (ЮНЭЙДС) өкүлдөрү.

2021-жылы СПИДден улам Жер бетинде калктын саны 650 миң кишиге азайган, дагы 1,5 млн адам биринчи жолу ВИЧ жуктурган деп айтылат анализде. Алсак, статистикага боюнча, Кыргызстанда 2022-жылдын 1-сентябрына карата ВИЧ-инфекциясын жугузуп алган дээрлик 12 миң адам катталган. Алардын 62,9%ын эркектер, ал эми 37,1%ын аялдар түзөт.

ЮНЭЙДСтин отчётунда жуктуруунун жана СПИДден улам көз жумуунун өсүшүнүн негизги себеби катары гендердик теңсиздик жана зыяндуу гендердик ченемдер айтылат. Алардын маалыматына ылайык, СПИДге каршы туруу үчүн дал ушул көрүнүштөргө карата ыкчам чара көрүү гана жардам бере алат.

Анализ теңсиздиктин кайсы түрлөрү СПИДдин өсүшүн күчөтөөрүн жана гендердик теңсиздик аялдар менен эркектерге канчалык зыян алып келерин көрсөткөн.

Аялдарга карата сексуалдык зомбулук

ЮНЭЙДСтин аткаруучу директору Винни Бьянима СПИДди жок кылуунун жалгыз натыйжалуу жолу — бул феминизм деп эсептейт.

Ал ВИЧ-инфекциясынын деңгээли жогору деп саналган аймактарда жуктуруп алуу тобокелдиги аялдар арасында көбүрөөк экенин айтып берди. Себеби, жыныстык өнөктөшү тарабынан зордуктоого кабылгандар дагы аялдар.

«Патриархалдык салт-санаага таянган дүйнө СПИДди жеңе албайт. Андыктан аялдар жапа чегип жаткан теңсиздик менен күрөшүү абдан маанилүү. 2015-2021-жылдар аралыгында дүйөнүн 33 өлкөсүндөгү 15 жаштан 24 жашка чейинки турмуш курган аялдардын болгону 41%ы сексуалдык саламаттыгына байланышкан маселелерде өз алдынча чечим кабыл ала алган», — деди ал.

Анализге ылайык, гендердик теңсиздиктин аялдардын арасындагы ВИЧке чалдыгуу коркунучуна тийгизген таасири Сахаранын түштүгүндөгү Африка өлкөлөрүндө дароо байкалат. Анда 2021-жылы ВИЧ жуктуруунун жаңы учурларынын 63%ы аялдарга туура келген.

Бул өлкөлөрдө 15 жаштан 24 жашка чейинки кыз-келиндер ошол эле курактагы балдарга жана жаш жигиттерге караганда ВИЧти үч эсе көп жугузуп алышат.

Аялдардын билим алууга болгон укугу

Анализдин авторлору аялдардын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелүү болгону да СПИДдин жайылышына таасирин тийгизет деп эсептешет. Алардын маалыматына ылайык, мектепте окуу бактысына ээ болуп, орто билим алганга үлгүргөн кыздарда ВИЧ-инфекциясын жуктуруу коркунучу 50%га азыраак.

«Кыздар үчүн мындай коркунучтарды дагы да азайтуу үчүн, алардын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңештүү керек. Кыздардын баары мектепте окушуна, кээде кадыресе көрүнүш катары кабылданган зомбулуктан корголушуна, анын ичинде жаш балдардын никеге турушун алдын алууна кылдат көңүл буруп, жаркын келечекке ээ болуу үчүн экономикалык таканчык түзүүгө умтулуу керек», — деп белгилешет изилдөөчүлөр.

Эркектер медициналык жардам алуу үчүн кайрылышпайт

Анализ көрсөткөндөй, мырзалардын «мен эркекмин» деген ашыкча кенебестигинен улам медициналык жардам сурап кайрылбаганы жыныстык жол менен тараган оорулардын өсүшүнө алып келет.

Документте 2021-жылы ВИЧ менен жашап жүргөн аялдардын 80%ы, эркектердин болгону 70%ы дарыланганы айтылат.

Балдар менен чоңдордун дарылануудагы теңсиздиги

Ошондой эле, отчётто чоңдор менен балдардын дарылануу мүмкүнчүлүгү бирдей болбогон үчүн дагы СПИД жайылууда деп айтылат.

Алардын маалыматына ылайык, ВИЧ менен жашаган чоң кишилердин төрттөн үчү антиретровирустук терапия алат, ошол эле маалда өмүр үчүн эң зарыл болгон дарылар ВИЧ менен жашаган балдардын жарымына гана жеткиликтүү.

«Мындай абалдын кесепети кейиштүү. 2021-жылы ВИЧ менен жашаган адамдардын 4%ын гана балдар түзгөн, бирок СПИДден каза тапкандардын 15%ы балдар болгон. Балдардын өмүрүн сактап калуу үчүн алардын дарылануусунда боштуктарды жок кылуу керек», — деп белгилешти авторлор.

Бир жыныстуу мамилелерди жектөө

СПИДдин көбөйүшүнүн дагы бир себеби — калктын негизги бөлүгүнүн дискриминация, стигматизация криминализациясы.

Жаңы анализ гейлердин арасында жана эркектер менен жыныстык катнашка барган эркектердин арасындагы илдетти жуктуруунун жаңы учурлары бир аз гана азайганын көрсөткөн. Изилдөөчүлөр калктын негизги тобу менен иш алып барууда прогресске жете албастык СПИДге каршы туруу боюнча бүтүндөй системанын ишин алсыратып, алдыга жылууну басаңдатууда деп эсептешет. 

«Дүйнөнүн 68ден ашык өлкөсүндө дагы деле бир жыныстуу сексуалдык мамиле үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган. Мыйзамдары катаал өлкөлөрдө жашаган гейлер, жана башка эркектер менен жыныстык катнашка барган эркектер мыйзамдары анчейин катаал эмес, прогресс алда канча тез жүрүп жаткан өлкөлөрдө жашаган ошол эле топтогу эркектерге караганда өздөрүнүн ВИЧ-макамы тууралуу үч эсе аз билишет», — деп айтылат анализде.

Секс-бизнестин өкүлдөрүн куугунтуктоо

Анализ секс-бизнес тармагында иштегендер мыйзам тарабынан куугунтукталган өлкөдө жашагандар бул тармак жарым-жартылай же толугу менен мыйзамдашкан өлкөдө жашагандарга караганда ВИЧ инфекциясын 7 эсе көбүрөөк жугузуп алышарын көрсөттү.

Анализдин жыйынтыгы

Анализ СПИДди түп-тамырынан жок кылуу үчүн теңсиздикти жоюу керек экенин көрсөттү. БУУнун ВИЧ/СПИД боюнча бириккен программасынын аткаруучу директору Винни Бьянима муну кантип ишке ашырса боло турганын айтып берди.

«Кыздарыбыз мектепте коопсуз жана бирдей шартта окушу керек. Гендердик зомбулукту токтотуу кажет. Аялдардын уюмдарын колдоп, баарын коркунучка кептеген зыяндуу жүрүм-турумдун ордуна атмосфераны бузбаган маскулиндикке көмөктөшүү зарыл. ВИЧ менен жашаган балдардар үчүн медициналык кызматтарды жеткиликтүү кылып, алардын муктаждыктарын камсыздап, балдардын арасында СПИДди биротоло жеңиш үчүн дарылоодогу кемчилик-каталарды жоюу керек. Бир жыныстуу мамиледеги адамдарды, секс-бизнестин жумушчуларын жана баңгизат колдонгондорду кылмыш козгоп куугунтуктагандан баш тартып, коомдук саламаттык сактоо кызматтарына инвестициялоо зарыл», — деди ал.

Ал өлкөлөрдүн президенттери теңчиликке аракет кылышы керек деп сөзүн жыйынтыктады.