«Келбесеңер күч менен алып келебиз». Депутат Токторбаев ИИМге суракка чакырылды

Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев 2-декабрда ИИМдин Кылмышты иликтөө башкы башкармалыгына суракка чакырылды. Бул тууралуу ал «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясы менен «Мекенчил» депутаттык тобунун биргелешкен жыйынында билдирди.

Депутаттын айтымында, ИИМден ага эгер суракка келбесе күч менен алып келинерин айтышкан.

«Элдин талабын айтам деп прокуратура кызматкерлери бизди куугунтукка алып жатышат. Кечээ чакырды, мына бүгүн дагы чакырып, азыр мына ШИИБден чалып жатышат: эгер келбесеңиз, күч менен алып келебиз деп. Менин айтайын дегеним, прокуратурада дагы [...] прокуратурага тергөө укугу берилгенден кийин булар абдан күчтүү мекеме болуп кетти. Булар [прокурорлор] кылмыш ишин өздөрү козгойт, өздөрү тергейт, эгер каалашса өздөрү токтотот, каалашса ишти өздөрү кайра козгойт, өздөрү сотко барып, [жаза] мөөнөтүн сурашат. Бул коррупциянын ачык белгиси, коррупциялык кызыкчылык бар бул жерде. Мен ошон үчүн айткам, урматтуу депутаттар, тергөөчү орган башка болушу керек, Орусиядагыдай тергөө комитети өзүнчө болушу керек», — деди Токторбаев.

Парламенттин 30-ноябрдагы жыйынында депутат Шайлообек Атазов айрым аймактардагы прокуратура органдарында коррупция бар экенин айткан. Кесиптешинин айткандарын Жеңишбек Токторбаев да колдогон. Ал дагы көзөмөл органында коррупция бар экенин айтып, «прокуратурага [ыйгарым укуктарына] тергөө киргенден кийин ажыдаарга айланып кетишти» деген. Токторбаев башкы прокурор Курманкул Зулушевди парламентке чакырып, «керек болсо ал кишинин да ишмердигин караш керек» деп кошумчалаган.

Ошол эле күнү эки депутат тең Башкы прокуратурага суракка чакырылган.

Көзөмөл органынын маалыматына ылайык, депутаттар парламентте айткандары боюнча күбө катары суракка чакырылышкан.

«Бүгүн депутаттар прокуратуранын дарегине бир катар сын айтышты. Алардын айткандарын текшерүү үчүн сотко чейинки өндүрүш башталды», — деп билдирген ал.

Парламенттин 1-декабрдагы жыйынында Токторбаев менен Атазов нааразылыгын айтып, көзөмөл органдын аракетин антиконституциялык деп аташкан.

Атазов парламент спикери Нурлан Шакиевге кайрылып, «үч прокурор депутаттардын бөлмөсүнө келип, суракка чакырганы мыйзам бузуубу жокпу» оюн айтуусун суранган.

Жыйында депуттардын бир катары да Атазов менен Токторбаевди коргоп сөз алышкан. Алар дагы спикерден эл өкүлдөрүнүн суракка чакырылышынын мыйзамдуулугу боюнча оюн айтуусун суранышкан. Анда парламент төрагасы Нурлан Шакиев башкы прокурор Курманкул Зулушевди парламентке чакырткан.

Укуругу узун Башкы прокуратура

Башкы прокуратура 2021-жылдын 5-майында жаңы Конституция кабыл алынганда кылмыштарды тергөө укугуна ээ болгон. Андан соң Башкы прокуратура Жазык жана Жазык-проццессуалдык Кодекстерге жана Укук бузуулар кодексине өзгөртүүлөрдү киргизип, аларды Негизги мыйзам менен шайкеш келтирүүнү сунуштаган.

2021-жылдын 1-декабрынан тартып өзгөртүүлөрдүн көпчүлүк бөлүгүн Башкы прокуратура өзү демилгелеген жаңы Жазык кодекси күчүнө кирген.

Прокуратура тергөө функциясын кайтарып алуу менен ыйгарым укуктарын кеңейтип алгандыктан юристтердин сынына кабылган.

Мындан тышкары, адвокаттар күч түзүмдөрүнүн укуругун кыйла эле узун кылган «коркунучтарга» көңүл бурушкан. Алар иш тоталитардык коркунучтуу ыкмаларга кайтууга бурулуп бара жатат, Башкы прокуратура КЖКнын долбооруна 1997-жылдын кодекстеринен ченемдерди киргизүүдө, ал жерде коррупциянын элементтери бар жана адам укуктары аз корголгон деп кооптонушкан.

Юристтер Башкы прокуратураны кодекстерди жашыруун жана сыр кылып иштеп чыкканы үчүн да сындашкан. Жумушчу топтун [мыйзам долбоорун иштеп чыккан] 70%ы «укук коргоо түзүмдөрү менен тыгыз байланышта болгон» күч кызматкерлери менен мамлекеттик органдардын кызматкерлеринен турган. Ал түгүл жыйындарга «талкууланып жаткан маселелерди туура эмес түшүнүп алышат» деп журналисттерди да катыштырбай коюшкан.