Украинадагы согуштан улам БАда жакырчылык күчөйт, ал Кыргызстанга көбүрөөк таасир этет — ЭВФ

Украинадагы согуштан улам Кавказ жана Борбор Азия өлкөлөрүндө жакырчылыктын деңгээли 1 пайызга көтөрүлүшү мүмкүн. Эл аралык валюта фонду (ЭВФ) ушундай жыйынтыкка келген.

ЭВФ жакырчылык инфляциянын жана акча которуулардын таасиринен улам өсүшү мүмкүн деп эсептейт. Уюмдун маалыматына ылайык, жакынкы жылдары чөлкөмдө дагы миллионго жакын адам жакырлардын катарын толукташы мүмкүн, ал эми эң эле жакыр өлкөлөрдөгү өтө кедей-кембагал адамдар согушка байланыштуу эң оор сыноолорго туш болушу мүмкүн.

Фонддун маалыматына ылайык, инфляциянын прогнозу согуштун дүйнөдө азык-түлүктөрдүн жана көмүр, газ жана мунай сыяктуу энергетикалык булактарынын баасына таасир эткендиктен оорлоп кеткен.

«Учурда азык-түлүктүн баасы согушка чейинки деңгээлден төмөн болуп турганына карабстан ал дагы деле 2021-жылдагы орточо көрсөткүчтөн кыйла жогору болуууда. Азык-түлүктүн кымбаттыгы айрыкча топтогон акчалары аз болуп, кирешесинин көбүн — 60-70 пайызын азык-түлүккө жумшаган Азербайжан, Кыргызстан жана Тажикстандагы аз камсыз үй-бүлөлөргө таасир этүүдө», — деп билдирди ЭВФ.

ЭВФтен айрым Борбор Азия өлкөлөрүндө, анын ичинде Кыргызстанда ички дүң продукциянын 10дон 30%га чейинин акча которуулар түзөрүн белгилешти. Алардын маалыматына ылайык, айрыкча Кыргызстан менен Тажикстан үчүн Орусия акча которуулардын башкы булагы булагы болуп саналат.

«Орусияда акча которуулар Орусиянын ИДПсы менен тыгыз байланышта — ИДП канчалык жогору болсо, акча которуулардын деңгээли да ошончолук жогору болот. Бирок Орусияга карата токтобой салынып жаткан санкциялар өлкөнүн өндүрүштүк потенциялын зыянга учуратышы ыктымал, бул өз кезегинде Орусиядан акча которуулардын санын кыскартат. Орусиянын ИДПсы төмөндөрү болжонуп жатканын эске алганда акча которуулар кыйла эле азайышы мүмкүн, бул болсо көптөгөн үй-бүлөлөргө терең таасир этет, себеп дегенде алар үчүн Орусиядан которулган акчалар кирешелерин колдоонун жалгыз булагы», — деп айтылат ЭВФнун тексттинде.

Фонддун маалыматына ылайык, 2023-жылы азык-түлүктүн баасынын инфляциясынын жогорулашы чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн көбүндө жакырчылыктын деңгээлин орто эсеп менен 0,7 пайыздык пунктка жогорулатышы мүмкүн.

«Ал эми кедейчиликтин деңгээли ансыз деле жогору болгон өтө эле жакыр өлкөлөрдө абал ого бетер начар болот. Бул жерде Кыргызстан менен Тажикстан эң чоң коркунучта. Акча которуулардын кескин азайышы жакырчылыкты ого бетер көбөйтүшү мүмкүн — Тажикстанда 1,4 пайыздык пунктка чейин», — деп билдиришти фонддон.

Дагы окуңуз: БУУнун айыл чарба боюнча өкүлү: Кыргызстанда жакыр үй-бүлөлөр ачка калуу коркунучунда турат