Абанын булганышы Бишкектеги 112 адамдын өлүмүнө түздөн-түз себепкер болушу мүмкүн эмес. Мындай пикирди саламаттыкты сактоо министринин орун басары Улан Садыков булганган абанын тургундардын ден соолугуна тийгизген таасири тууралуу изилдөөгө комментарий берип жатып айтты.
Буга чейин ЮНИСЕФ «Кир абанын саламаттыкка жана Бишкектеги аялдар менен балдардын жашоосуна тийгизген таасири» аттуу изилдөөсүн жактаган. Анда 2021-жылдын 1-июлунан 2022-жылдын 30-июнуна чейин кара түтүндүн кесепетинен 112 адам каза болгону айтылган.
«Абанын булганышы өлүмгө түздөн-түз себепкер эмес деп ойлойм. Бул кошумча фактор болушу мүмкүн. Мындай суроого жооп берүүдөн мурда олуттуу текшерүү жүргүзүү керек. Чын эле ушундайбы, илимий негиздеме керек», — деди Садыков.
Саламаттыкты сактоо министринин дагы бир орун басары Бүбүжан Арыкбаева изилдөөдө «болжолдуу илимий маалыматтар берилгенин» билдир. Анын айтымында, изилдөөнү канадалык университеттердин бири жүргүзгөн.
«Бул илимий маалыматтар болжолдуу маалыматтар. Алар 112 адам булганган абадан гана каза болгон дегенди так билдирбейт. Кечээ биз эмненин негизинде бул көрсөткүч чыкты деп сурам кат жөнөттүк. Бүгүн жооп күтүп жатабыз, ЮНИСЕФ изилдөөчүлөргө суроо-талап жөнөттү», — деди ал.
Арыкбаева 112 деген санды пайыздык эсептөөнүн натыйжасында алууга болот деп эсептейт.
«[Изилдөөчүлөрдүн айтымында] дүйнөдө кабыл алынган көрсөткүчтөр бар. Алар жүрөк-кан тамыр ооруларынан, жүрөктүн ишемиялык оорусунан, инсульттан, өпкө рагына жана башка көптөгөн оорулардан каза болгондордун баарын алышат. Андан кийин пайыз катары эсептеңиз. Мисалы, жүрөк-кан тамыр ооруларынын 19% жакынында булганган аба факторлордун бири болсо, жүрөктүн ишемиялык оорусунда 24% түзөт. Аларды пайыз менен эсептеп, 112ге жетсе болмок. Жооп келгенден кийин так жооп бере алабыз», — деп белгиледи министрдин орун басары.
Бишкектеги кара түтүн
Шаар тургундары бир нече жылдан бери кышкысын кара түтүндөн жабыркап келет. Абаны булгаган негизги булактар — Бишкек ЖЭБи, эскирген автопарк жана көмүр жагып үй жылыткан жеке турак жайлар.
MoveGreen экологиялык кыймылы буга чейин Бишкектеги абанын булганышы боюнча картасын көрсөткөн.
Ал абанын сапатын көзөмөлдөөчү жарандык мониторингдин 14 датчигинен, Кыргызгидрометтин жана АКШ элчилигинин эки датчигинен алынган маалыматтарды изилдеген.
Ага ылайык, картага түшүрүлгөн маалыматтан Бишкекте эң эле булганган аба калаанын түндүк-батыш районунда экенин көрүүгө болот.
Экологдор абанын сапаты ар башка болгонуна Бишкектин төмөн жагында конуштар бар экени себеп болушу мүмкүн дешкен. Ал жакта үйлөрдү жылытуу үчүн көмүр, желим, эски дөңгөлөктөр жана башка таштандылар колдонулган учурлар кездешет.