Бишкек: Депутаттар минкабдын смогго каршы күрөшүү чараларын жетишсиз деп тапты

Жогорку Кеңештин депутаттары Министрлер кабинетинин Бишкектеги смогго каршы күрөшүү боюнча чараларын жетишсиз деп тапты. Мындай бүтүмгө эл өкүлдөрү 15-февралдагы Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин жыйынында келишти.

Тармактык комитеттин 15-февралдагы жыйыны. Сүрөт: Парламенттин басма сөз кызматы.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, жыйында депутаттар 2021-жылдын 31-мартында кабыл алынган «Бишкек шаарындагы абанын булганышынын деңгээлин төмөндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» Жогорку Кеңештин токтомунун аткарылышы боюнча маалыматты угушту.

Экология министри Динара Кутманова токтомдун үч тапшырмасы аткарылып, тогузу жарым-жартылай аткарылганын жана жети тапшырма аткарылган эместигин кабарлады. Анын айтымында, кабыл алынган айрым чараларга карабастан, «шаардагы аба булгануу бойдон калууда».

«Тактап айтканда, автотранспорт каражаттарынын катализаторлорун демонтаждоо жана сатууга тыюу салынды, кыймылдаткычынын көлөмү чоң унааларга салык көбөйтүлдү, Бишкек шаарында калктын аярлуу катмарына көмүрдүн ордуна акчалай жардам көрсөтүлдү. Алсак, өткөн жылы 3 672 үй-бүлөгө 18,5 млн сом берилди», — деди Кутманова.

Кутманова көзкарандысыз мониторингдин жыйынтыгы Бишкек «2016-жылдан бери дүйнөлүк рейтингде эң булганган шаарлардын алдыңкы онуна кирерин» көрсөткөнүн белгиледи.

Отурумдун жыйынтыгы менен депутаттар экологиялык абалды жакшыртуу үчүн минкабга бир катар сунуштарды беришти:

  • автокатализаторлорду экспорттоого тыюу салуу мөөнөтүн узартуу;
  • электромобилдерди алып келүү жана пайдалануу үчүн инфраструктураны түзүү;
  • шаардагы таштанды төгүүчү полигонду рекультивациялоо;
  • жеке турак жайларды газдаштыруу;
  • сапаттуу бензинди колдонуу; адистештирилген лаборатория ачуу ж.б.

Бишкектеги смог

Бишкекте кышкысын пайда болгон кара түтүн маселеси бир нече жылдан бери талкууланып келет. Бишкек жыл сайын абасы булган өлкөлөрдүн дүйнөлүк рейтингин толуктайт. IQAir долбоорунун 16-февралына карата маалыматына ылайык, борбор калаа рейтингдин 17-орунуна чыккан.

IQAir сайтынан скриншот

Бийлик абанын булганыщынын негизги себеби катары Бишкек ЖЭБди, эскирген автопаркты жана жаңы конуштардагы үйлөрдүн көмүр менен жылытылышын атап келет.

2021-жылдын 17-декабрында министрлер кабинети смогго каршы күрөшүү үчүн Чукул кырдаалдар комиссиясын түзгөн. Комиссия жарандардын ден соолугун коргоо боюнча кечиктирилгис чара көрүү жана смогго каршы күрөшүүгө чечимдерди иштеп чыгуу менен алектенет. Жакында эле комиссияга смогдун Бишкек шаарынын, Чүйдүн Аламүдүн жана Сокулук райондорунун тургундарына тийгизген таасирин изилдеп чыгуу тапшырмасы берилген.

Тема боюнча окуңуз: Инфографика: Бишкектиктер кандай аба менен дем алышат жана булганган аба алардын ден соолугуна кандай зыян тийгизет?