Чек арадагы мушташ: Кыргызстан менен Тажикстан кырдаалды курчутууга жол бербөөнү макулдашышты

3-декабарда кыргыз-тажик чек арасындагы чырга байланыштуу Баткен районунун Дахма аймагында эки өлкөнүн чек ара кызматынын өкүлдөрү жолугушуу өткөрдү. Тараптар тургундарынын ортосундагы чырдын курчушуна жол бербөөнү макулдашышты.

Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, жолугушууга Ички иштер министрлигинин жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин аймактык бөлүмүнүн жетекчилери катышты.

«Эки тарап тургундардын мушташын изилдеп чыкты. Жыйынтыгында чек арага жакын жайгашкан айылдардын тургундарынын ортосунда провокацияларга жана кырдаалдын курчушуна жол бербөө макулдашылды», — деп белгилешти мекемеден.

Чек ара кызматы мушташтын келип чыгуу себептерин ИИМдин аймактык башкармалыгы иликтей турганын белгиледи. Чыр чыккан жерге ИИМдин кошумча отряддары жиберилери айтылды.

3-декабрда Баткен районунун Көк-Таш айылындагы чек ара тилкесинде кыргыздар менен тажиктердин ортосунда чыр чыгып, эки тарап бири-бирине таш ыргытышканы кабарланган.

Ал эми Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаев чыр түшкү саат 12лерге жакын болгонун жана эки тараптан тең жаракат алгандар бар экенин билдирген.

Маалыматка ылайык, кыргыз жараны Сомониен айылы аркылуу Дахма айылына бара жатканда тажикстандыктар ага карата орой сөздөрдү айтышкан. Анын кесепетинен эки өлкөнүн жараны мушташа кетип, эки тарап бири-бирине таш ыргытышкан.

Тема боюнча:

Баткен: Көк-Таш айылында кыргыздар менен тажиктердин ортосунда чыр чыкты