Баткен: Көк-Таш айылында кыргыздар менен тажиктердин ортосунда чыр чыкты

Баткен районунун Көк-Таш айылындагы чек ара тилкесинде кыргыздар менен тажиктердин ортосунда чыр чыгып, эки тарап бири-бирине таш ыргытышты. Бул тууралуу 3-декабрда УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кыргыз жараны Сомониен айылы аркылуу Дахма айылына бара жатканда тажикстандыктар ага карата орой сөздөрдү айтышкан. Анын кесепетинен эки өлкөнүн жараны мушташа кетип, эки тарап бири-бирине таш ыргытышкан.

«Кыргызстан жана Тажикстандын жарандарынын ортосундагы урушту курчуп жибербөө максатында кыргызстандын жараны аңчылык куралы менен асманга үч жолу эскертүү иретинде ок чыгарган», — деп айтылат маалыматта.

Чек ара кызматы окуянын себептерин тактоо үчүн эки өлкөнүн чек ара кызматынын өкүлдөрү Баткен жана Исфара тилкеси боюнча жыйын өткөрүп жатышканын кошумчалады.

Ал эми Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаев чыр түшкү саат 12лерге жакын болгонун жана эки тараптан тең жаракат алгандар бар экенин билдирди.

Кыргыз-тажик чек арасы

Кыргыз-тажик чек арасында 14-17-сентябрда толук масштабдуу куралдуу кагылышуу болгон. Атышуу мамлекеттик чек аранын бардык периметринде жүргөн.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, атышуунун кесепетинен 63 киши курман болуп, 206 адам жабыркаган.

Ал эми Тажик бийлиги кагылышууда 41 тажик жараны каза таап, 20дан ашык кишиси жабыркаганын белгилеген. Ал эми эки тарап тең аскердик агрессияга бирин-бири айыптаган.

Тема боюнча:

Кыргызстан менен Тажикстандын УКМК башчылары чек ара боюнча протоколго кол коюшту

Кыргызстан менен Тажикстандын Чек ара кызматы ЖМК жана тургундарды чагымчыл билдирүү жасабоого үндөдү