The Economist: 2023-жылы дүйнөдө экономика төмөндөп, Украинадагы согуштун уланышы күтүлүүдө

Британиянын The Economist журналы келерки жылга карата The World Ahead 2023 жол көрсөткүчүн жарыялады. Ага ар башка темаларга арналган 100дөн ашык, АКШдагы саясий абалдан баштап улуттук гимндин эскиргенине чейин айтылган аналитикалык макала кирген. Журнал бир мүнөттүк видео да чыгарган, анда негизги тренндер жана The World Ahead 2023’түн редакторунун каты жөнүндө сөз болот. Катта келерки жылы сөз салуу керектиги айтылган 10 тренд жазылган.

Украинадагы согуш. The Economist көмүр, газ жана мунай сыяктуу энергетикалык булактардын баасы, инфляция жана азык-түлүктүн тартыштыгы Украинадагы согуш жакынкы айларда кандай шартта өнүгөөрүнөн көз каранды болот деп болжойт. Украинанын аскерий аракеттерде прогресске тез жетүүсү Владимир Путинге коркунуч туудурушу мүмкүн, бирок согуштын аягы туңгуюукка барып такалышы ыктымал болуп турат. Орусия Европадагы энергетикалык кризис жана АКШда республикачылардын бийликке кайтып келиши Батыштын Украинаны колдоосун жокко чыгарат деген үмүттө согушту созуктурушу ыктымал деп болжолдонууда.

Анткен менен бул согуш азыр бүткүл дүйнөнүн көңүл чордонунда болууда, башка жерлерде да жаңжалдар чыгып кетиши толук ыктымал. «Азыр Орусия алаксып турганда, арткы короосунда жаңжалдар чыгууда. Кытай Тайванда иш-аракетин баштоо үчүн мындан башка ыңгайлуу убакыт болбой калышы мүмкүн деп чечиши мүмкүн. Гималайда Индия менен Кытайдын ортосундагы чыңалуу курчуп кетиши мүмкүн. Анан балким Түркия Эгей деңизинде грек аралын басып алууга аракет көрүшү мүмүнбү?» — деп жазат The World Ahead 2023’түн редактору Том Стэндиж.

Редакция согуштун бир жакшы жагы бар экенин белгилейт — көмүрсуутекти (мунай жана газ) автократтардан сатып алуу опурталдуу, андан көрө шамал, күн жана атом энергиясына инвестициялоо жакшы экени түшүнүктүү болгон.

Экономикалык рецессия. Ири экономикалар рецессияга кабылат, себеби борбордук банктар инфляцияны басыш үчүн пайыздык чендерди көтөрөт. Мунун баары пандемия жана энергия булактарынын баасы кымбаттаганынын кесепети. Ал өтө эле глобалдуу мүнөздүү болот, себеби күчтүү доллар ансыз да азык түлүк кымбаттагандыктан улам жабыр тарткан жакыр өлкөлөргө катуу сокку урат.

Кытай экономикасынын басаңдашы. Индиянын калкы Кытайды басып өтөт, ал эми экономикалык өсүүсү жайлап калды. Кытайдын экономикасы, балким, эми эч качан көлөмү боюнча Американы ашып өтө албайт. Азыр Кытай экономикасы туу чокусуна жеткенин байкап жатсак болсок, ал эми жайлап калышы Тайванга кол салуу ыктымалдыгын ого бетер арттырууда.

Дагы окуңуз: Пелосинин Тайванга барышы Кытайды дүрбөлөңгө салды. Маселенин чоо-жайын айтып беребиз

The World Ahead 2023’түн редактору Том Стэндиж өткөн жылдардын жыйынтыгын чыгаруу менен «пандемия геосаясат жана экономикадагы салыштырмалу туруктуулук менен алдын ала болжоого боло турган мезгилди аягына чыгарды» деп белгиледи — бүгүн дүйнө өтө эле туруксуз шарттарда күн көрүүгө аргасыз болууда.

«Күтүлбөстүк — бул жаңы норма. Андан качып кутула албайсың», — деп жазды Стэндиж.

Материалдын автору Лев Потапов