Пелосинин Тайванга барышы Кытайды дүрбөлөңгө салды. Маселенин чоо-жайын айтып беребиз

Тайвандын ТИМнин башчысы Жозеф Ву жана АКШнын өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси Тайбэй аэропортунда. Сүрөт: Тайвандын ТИМи.

АКШнын өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосинин Тайванга болгон жети сааттык сапарынын жок дегенде бир бөлүгүнө FlightRadar24 сервиси аркылуу дээрлик үч миллион киши көз салып турду. Кытай Тайванды өзүнө караштуу деп эсептейт.

Пелосинин бул сапары Кытайдын, Тайвандын жана алардын союздашы АКШнын ортосундагы мамилелерди кайрадан чыңалтты. Конгрессвумендин сапарын утурлай Бээжин чөлкөмдө аскердик машыгууларды жарыялап, жарым-жартылай таанылган мамлекетке карата санкцияларды киргизе баштады.

«Клооп» Кытайдын Тайван менен ич ара алакасынын тарыхын кеңири баяндап, эмне үчүн аралга Пелосинин барышы элдин баарын тынчсыздантканын түшүндүрүп берет.

Тайвандын тарыхы

Илгери Тайван аралынынын аймагына австронезия уруулары келип отурукташкан. Кытайлардын биринчи аскердик экспедициясы аралга биздин доордун 230-жылы келген. 610-жылы кытай армиясы Тайванга каршы жаңы жоортулга барган. Ал эми XII кылымда Тайван расмий түрдө Фуцзянь провинциясы катары Кытай Империясынын картасына киргизилген. 1360-жылы аралдын аскердик мааниси өскөндүктөн, ал жерде Көзөмөл боюнча башкармалык негизделген. Ал Кытайдын Тайвандагы биринчи жергиликтүү башкаруу органы болгон.

XVI кылымдын аягы — XVII кылымдын башында Тайванга чет элдик баскынчылар кол сала баштаган. 1624-жылдан 1661-жылга дейре Тайван Голландиянын колониясы болсо, кийин, 1683-1895-жылдары Кытайдын Цин династиясынын башкаруусунда болгон.

Андан соң арал, 1895-жылдан тартып 1945-жылга чейин Жапон империясынын курамына кирген. Бирок Жапония Экинчи дүйнөлүк согушта утулгандан кийин Кытай аралды өзүнө кайтарып алган.

Бирок кийин 1912-жылдан 1949-жылга чейин жашаган Кытай Республикасында, генерал Чан Кайши башында турган Гоминьдан улуттук партиясы менен Мао Цзэдундун жетекчилигиндеги Кытай Коммунисттик партиясынын ортосунда жарандык согуш тутанган.

Кытай менен Тайван картада. Сүрөт: Википедия.

Согушта Гоминьдан жеңилип, Чан Кайши 1949-жылы Тайванга качкан. Аны менен кошо Гоминьдан партиясы дагы аралга эвакуацияланган. Ал жерде партия өзүн Кытай Республикасынын (КР) мыйзамдуу өкмөтү деп жарыялашкан. Ал эми Мао Цзэдун башында турган Кытайдын Коммунисттик партиясы 1949-жылы октябрда материктик Кытайда Кытай Эл республикасы (КЭР) катары жаңы өкмөт орноткон.

Чан Кайши Тайванда кийинки 25 жыл аралыгында катаал башкаруу орноткон. Анын бийлиги авторитаризм менен эсте калган. Экономика жана мамлекеттик башкаруу толук бойдон Гоминьдандын диктатурасында болгон, оппозиция куугунтукталып, бийликке макул эместер камалып, атууга кеткен. Ошондой эле, нааразылыктарга, иш таштоолорго тыюу салынып, басма сөз эркиндиги чектелген. Жергиликтүү ЖМК ал убакта үч-төрт миңдей адам атууга кеткенин жазат.

Чан Кайши дүйнөдөн кайткандан кийин бийликке уулу Цзян Цзинго келген. Цзингонун тушунда Тайванда ички саясий климат жеңилдеп, демократизация башталган. Ал эми 1987-жылы аралда 39 жылдан бери күчүндө турган аскердик абал алынган — ал 1949-жылы киргизилген болчу.

1988-жылы Цзян Цзинго каза болгон. Анда бийлик башына Ли Дэнхуэй келген. Ал президенттик кызматка келген алгачкы тайвандык болгон. Ли Дэнхуэйге чейин Тайванды материктик Кыйтайдын өкүлдөрү гана башкарып келген.

Кытай менен Тайвандын алакасы

Башында көптөгөн өлкөлөр Тайванда негизделген Чан Кайши өкмөтүн Кытайдын легитимдүү бийлиги деп санашкан.

Тайван керек болсо Кытайдын БУУнун Коопсуздук кеңешиндеги ордун ээлеп турган, анткени батыш өлкөлөрүнүн көпчүлүгү Тайванды чыныгы кытай өкмөтү деп эсептешкен.

Бирок, 1970-жылдары Тайванга карата мамиле өзгөрө баштаган. 1971-жылы БУУда, аны менен катар Коопсуздук кеңешиндеги орун Тайвандан КЭРге өткөн.

Кытай азыр Тайванды бир кезде бөлүнүп калган, эртеби-кечпи кайра бириге турган провинция деп эсептейт. Тайван болсо көзкарандысыз экенине ынандырууда. Алардын өзүнүн баш мыйзамы, аскери жана шайланган өкмөтү бар.

Азыркы учурда Тайванды башкарган Демократиялык прогрессивдүү партия аралдын көз карандысыздыгын колдоп жатат, ал эми жарандардын көпчүлүгү өздөрүн кытай эмес, тайвандыктар деп эсептешет.

Темур Умаров.

«Бээжин эбак эле Тайванды “жакшылыкча” артка кайтууга көндүргүсү келип жүрөт: экономикалык жактан кысып, жергиликтүү саясатчылар менен бизнесмендердин колдоосун алууга аракет кылат. Ошол эле маалда КЭРдин “башка жол менен” көндүрүүгө мүмкүнчүлүгү жок деп айтууга болбойт: «Сецессияга каршы» мыйзамдын сегизинчи беренесине (Тайван менен Кытайды бөлүүнү жок кылууга жана өлкөнү тынчтык жолу менен бириктирүүгө багытталганы билдирилген), Бээжин тайвань маселесин чечүүдө“эгер тынчтык жолу менен биригүүгө мүмкүнчүлүктөр калбаса “согуш” жолу менен чечүү мүмкүн”», — деп белгиледи Кытай боюнча эксперт Темур Умаров «Сигналга».

Тайвандын макамы

Тайван же Кытай Республикасын баары болуп 14 мамлекет тааныган — алардын көбү арал мамлекеттери. Ошол эле учурда Тайвань өзүнүн өкүлчүлүктөрү аркылуу көпчүлүк, анын ичинде батыш өлкөлөрү менен иш жүзүндө байланышыв бар.

Бээжин болсо «бирдиктүү Кытай саясатын» жүргүзөт — бул бир эле кытай өкмөтү бар делген Кытайдын позициясын дипломатиялык жактан таануу. Аны тааныгандар Тайвандын өзү менен эмес, Кытай менен расмий алаканы колдошот.

Мисалга, 2019-жылы Кыргызстандын ошол кездеги президенти Сооронбай Жээнбеков Бишкекте Си Цзиньпин менен жолугушууда Тайвань — Кытайдын бир бөлүгү деп айтканы бар.

Ушул эле позияны кыргыз ТИМи 2022-жылдын 3-августунда дагы бир ирет кайталады.

«Кыргыз Республикасы кыргыз-кытай ортосундагы бардык негизги документтеринде көрсөтүлгөндөй “Тайван маселеси” боюнча өзүнүн позициясынын өзгөрбөстүгүн жана “бирдиктүү Кытай” саясатын колдоосун тастыктайт», — деп белгилешти тышкы саясий мекемеден.

Сооронбай Жээнбеков жана КЭРдин башчысы Си Цзиньпин. Сүрөт: Кыргыз президентинин басма сөз кызматы.

АКШнын кандай тиешеси бар?

Кытай боюнча эксперт Темур Умаров АКШ Тайван маселесинде ондогон жылдан бери эки анжы болуп келе жатканын айтат. Вашингтон 1979-жылы КЭРдин өкмөтүн Кытайдын жападан-жалгыз мыйзамдуу бийлиги деп расмий тааныган.

«Бир жагынан, (АКШ) “бирдиктүү Кытай” саясатын жүргүзүп жатат, башкача айтканда, легитимдүү бир гана кытай өкмөтү бар экенин де-юре таанышат. Экинчи жагынан, Бээжиндин аралдын макамын өзгөртүп, материкке кошуу боюнча аракеттеринин баарына караманча каршы болуп жатат», — деп белгиледи ал.

Анын айтымында, АКШ расмий Тайванга жардам берүүнү убадалады, бирок Америка, юридикалык жактан алганда, Тайванды коргоого милдеттүү эмес. Вашингтон чындыгында аралга узак жылдан бери эч кандай коопсуздук кепилдиктерин берген эмес.

«Бирок акыркы жылдары абал өзгөрүп жатат. Ал Дональд Трамптын тушунда эле башталып, Жо Байдендин тушунда дагы уланууда — акыркысы эгер Кытай кол сала турган болсо АКШ Тайванды коргоого даяр экенин бир нече жолу айткан. Албетте, мындай шартта Бээжин Вашингтон“бирдиктүү Кытай” саясатын саботаж кылууга аракеттенип жатканын көрүүдө», — дейт Умаров.

Үстүбүздөгү жылдын май айынын башында Байден эгер аралга кол салуу болсо АКШ Кытай менен аскердик тирешке барууга даяр экенин ачык эле билдирген. Ал Вашингтон «бирдиктүү Кытай» саясатына макул болгону менен Тайван күч менен басып алынышы мүмкүн деген идея «орунсуз» деп белгилеген.

«Бул бүткүл чөлкөмгө доо кетирип, Украинадагы окуяга окшош дагы бир акция болот», — деген ал.

Пелосинин иш сапары жана ага карата реакция

АКШнын өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси формалдуу түрдө АКШнын президенти жана вице-президентинен кийин эле турган үчүнчү маанилүү фигура болуп эсептелет.

Пелосинин Тайванга барарын расмий эч ким бышыктаган эмес. «Азиялык турненин» алкагындагы иш сапардын расмий программасында Жапония, Түштүк Корея, Малайзия жана Сингапур гана айтылган.

КЭРдин төрагасы Си Цзиньпин 28-июлдагы онлайн жолугушууда президент Жо Байденге АКШ Тайванда кооптуу оюн жүргүзүп жатканын айтып, «ким от менен ойносо, ал дал ошол отко күйөт» деп эскертүү берген. Ал Тайван маселесинде Кытай «улуттук суверенитетти жана аймактык бүтүндүктү чечкиндүү түрдө коргогонго» даяр экенин белгилеп, арал КЭРге таандык деп кошумчалаган. 30-июлда болсо кытай армиясы Тайван булуңу аркылуу бөлүнүп турган Фуцзянь провинциясында буга чейин жарыяланбаган аскердик машыгууларды баштаган.

Жо Байден менен Си Цзиньпин 2021-жылдын 15-ноябрындагы онлайн жолугушууда. Видеодон скриншот.

«Менин билишимче, бул иш сапар — Пелоси айымдын жеке демилгеси. Аны президент Байден өзү дагы барбоого көндүргөнгө аракет кылган, ага коопсуздук боюнча кеңешчи Жейк Салливан да барган, ага көптөгөн аргументтер көрсөтүлгөн. Анын баары америкалык басылмаларда бар, аны менин учурда АКШнын администрациясында иштеген кесиптештерим деле тастыктап жатышат», — деди «Что случилось» подкастында кытай таануучу Александр Габуев.

Бирок Пелоси Ак үйдүн эскертүүсүнө карабастан Тайванга барды. Ал соңку 25 жыл ичинде аралга барган АКШ Конгрессинин өкүлдөр палатасынын биринчи төрайымы болду.

Конгрессчи айымдын Тайванга сапарына бүткүл дүйнө кыжаалат болуп көз салды. Ал учуп бараткан кезде авиакаттамдарды көрсөтүп турган Flightradar24 сайты көз салууга кирген колдонуучулардын көптүгүнөн иштебей да калды.

Ал Тайванга 2-август күнү жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат 11ге жакын конду. Андан кийин Пелоси аралга сапары АКШнын Тайвандагы демократияны колдогонунун далили экенин жана Вашингтондун Кытайга карата саясатына каршы келбесин билдирди. Пелоси АКШ Кытайдын Тайвандын макамын бир тараптуу өзгөртүү аракеттерине каршы экенин белгиледи.

Сапарды утурлай эле The Washington Post гезитине Пелосинин «Конгресстин Тайванга делегациясын эмне үчүн мен баштап баратам?» деген аталыштагы колонкасы жарык көрдү. Анда конгрессчи айым АКШ Тайвандын коопсуздугун колдоого сөз бергенин, анткени Кытай Тайвандын демократиясына коркунуч туудуруп жатканын, ошол себептүү аны эстегенге туура келип жатат деп түшүндүргөн. Анын айтымында, Бээжин акыркы жылдары аралга жакын аскердик жигердигин өтө эле көбөйткөн, бул АКШнын Коргоо министрлигин Кытай Тайванды күч колдонуп кошуп алууга даярданып жатышы ыктымал деген тыянак чыгарууга мажбур кылган.

Кытайдын ТИМи конгрессчи айымдын келишине жооп кылып наразычылыгын билдирди. Кытайдын тышкы иштер министринин орун басары Се Фэн Пелоси дүйнөгө чакырык таштап, атайлап чагымчылдык кылып, «бирдиктүү Кытай» принцибин бузду деп билдирди.

Ал эми Кытайдын Коргоо министрлиги Пелосинин келишине жооп катары максаттуу аскердик иш-чаралар өткөрүлөрүн жана КЭРдин армиясы жогорку даярдык абалына келтирилгенин маалымдады.

Көп өтпөй эле Бээжин биринчи санкцияларды киргизди: Кытай Тайванга кум ташууга тыюу салып, аралдан цитрус мөмөлөрүн жана эки түр балык продукциясын импорттоону токтотуп, аскердик машыгуулар мезгили аяктагыча Тайвандын айланасынан учууларды чектеди.

АКШнын өкүлдөр палатасынын төрайымынын Тайванга баруусун дээрлик жарым жылдан бери Украинага ири алкакта кол салып жаткан Орусия дагы кескин билдирүү жасады. Өлкөнүн ТИМи Пелосинин аракети «чагым экени айдан ачык болуп турганын» айтып, Орусия Кытайдын позициясын колдоорун билдирди.

«Биз Тайвань булуңундагы тараптардын ич ара мамилеси — бул Кытайдын жеке ички иши деп эсептейбиз. Кытай тарап Тайван маселесинде өзүнүн эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн коргоо үчүн зарыл болгон чараларды көрүүгө укуктуу», — деп айтылат ведомствонун билдирүүсүндө.

Пелоси Тайванга жасаган иш сапарында аралдын парламентине барып, жарым-жартылай таанылган мамлекеттин администрация башчысы Цай Инвэнь менен жолугушту. Пелоси Тайванда жалпы 19 саатка жакын болуп, аралдан 3-авгутта жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат 9га чамалуу кетти.

Нэнси Пелоси жана Тайвандын президенти Цай Инвэнь. Сүрөт: Википедия.

Мындан ары эмне болот?

Эксперттер Кытай Тайванга аскердик кол салууга барбаса керек деген орток пикирде болушууда, бирок алар келечекте андай сценарий болушу мүмкүндүгүн четке кагышпайт.

«Мунун баары — олутту тарых деп ойлойм. Тилекке каршы, биз тайван булуңундагы аскердик-саясий кризистин босогосунда тургандайбыз. Ал азыр согуш менен аякташы мүмкүн эмес, бирок жакынкы төрт-беш жылда Тайванды КЭРдин курамына кайтаруу боюнча аскердик операциянын тобокелдиги көбөйүп жатат», — деп эсептейт кытай таануучу Александр Габуев.