Фактчекинг: Садыр Жапаровдун бир жылдын ичинде 40 тонна алтын чогулду деген билдирүүсү чынбы?

Ноябрь айында өткөн Курултайда президент Садыр Жапаров өлкөдө алтын казуу болуп көрбөгөндөй өстү деп делегаттарды таң калтырган. Анын айтымында, 2022-жылы өлкө бир жылга жетпеген убакта 37,8 тонна алтын казган. Улуттук банк андай алтын бар экенин тастыктады, бирок алар кайсыл убакыт аралыгында алынганын тактаган жок. Ала арада, өкмөттүн эсебине ылайык, өлкө президент айткандан дээрлик эки эсе аз алтын өндүрүп жатат. Анын үстүнө Улуттук банктын резервиндеги алтындын бир бөлүгү виртуалдуу болуп, металл түрүндө эмес, чет элдик банктардагы эсепте сакталышы мүмкүн.

«Мына бүгүн мен мактаныч менен айтсам болот, бир жылдын ичинде 37,8 тонна алтыныбыз чогулуп, Улуттук банктын сактоосунда турат. 40 тоннага жакын алтын бир жылда. Кыргызстандын тарыхында 40 тонна алтын чогулган эмес да». Бул билдирүүсүн Садыр Жапаров 2022-жылдын 25-26-ноябрында Бишкекте өткөн биринчи Элдик Курултайда жасаган.

Кыргызстан үчүн 40 тонна бул абдан көп. 2022-жылдын май айында Экономика жана коммерция министринин орун басары Руслан Татиков жыл сайын Кыргызстанда 20-25 тоннага жакын алтын казылып жатканын билдирген эле. Демек, президент өлкөдө алтын казуу бир жылда дээрлик эки эсе өскөнүн айтып жатат. Техникалык жактан алганда деле ушундай мүмкүнбү?

29-ноябрда ушул актуалдуу суроого Улуттук банк жооп берүүгө аракет кылган. Маалымат жыйында Улуттук банктын өкүлү Аида Карабаева банктын сактоосунда 37,8 тонна алтын бар экенин тастыктаган.

«31-октябрга карата финансылык отчётту карасаңыз, анда алтынга байланыштуу эки пункт бар. Бул резервдеги 57 млрд сомдук алтын же болбосо 13 тонна алтын. Жана ошондой эле монетардык эмес алтын жана 118.4 млрд сомдук алтын запасы», — деген Карабаева.

Бирок банктын өкүлүнүн сөзүндө бул көлөмдөгү алтындын баары Улуттук банк тарабынан 2022-жылы алынганы тууралуу эч бир сөз айтылган эмес. Анын үстүнө сөз колго кармай алган алтын тууралуу гана болуп жатабы же бул көлөмгө чет элдик банктардагы «металлдык эсептер» делгендер дагы кошулабы, түшүнүксүз.

Ошондо 2022-жылы канча алтын казылган?

Кийинчерээк, Улуттук банк «Клооптун» бул көлөмдө канча металл жана металл эмес алтын бар экендиги (37,8 тонна) тууралуу маалыматты тактап берүү өтүнүчүнө жооп берип жатып бул суроого да түз жооп берүүдөн качты.

«Эгер биз Улуттук банктагы жалпы көлөмү 37,8 тонна алтын боюнча айтып жатсак, бул суроонун жообу айдан ачык — айтылып жаткан 37,8 тоннага бардык металл алтындар кирет», — дейт Башкы банк.

Биз ошол 37,8 тонна алтындын баарын Улуттук банк тек гана 2022-жылы сатып алганбы деген сурообузга да жооп ала албадык.

Улуттук банк таянып жаткан финансылык абал жөнүндө отчётто маалыматтар 2022-жылдын октябрь айынын аягына карата келтирилген. Комментарийде беренелер топтолгон маалыматтарды эске алганы айтылат, бирок кайсыл мезгилге карата экени белгисиз калууда.

Улуттук банк айтып жаткан сандар тышкы баалардан айырмаланат. «2022-жылдын октябрь айынын аягына карата Улуттук Банктагы алтындын жалпы көлөмү 37,751 тоннаны түзгөн, анын ичинде: монетардык алтын — 13,081 тонна, алтын кору — 23,772 тонна жана монетардык эмес алтын — 0,898 тонна» — деп билдиришти «Клоопко» Улуттук банктан.

Ошол эле кезде, Trading Economics'тин маалыматына ылайык, 2022-жылдын сентябрында Кыргызстандын Улуттук банкындагы алтындын кору 10 тоннадан бир аз ашык болчу.

Сөз эмне жөнүндө болуп жатканын түшүнүү үчүн айрым терминдерди билип алуу маанилүү.

Монетардык алтын — бул Лондондун түстүү металлдар биржасынын (LBMA) стандарттарына жооп берген мамлекеттин тыйын жана куйма түрүндө сакталган баалуу металлдар кору.

Монетардык эмес алтын — бул коммерциялык банктар товар катары саткан алтын. Улуттук банктын маалыматына ылайык, бул Лондон биржасынын талаптарына жооп бербеген алтын куймалары.

Алтын кору болуп, Улуттук банктын маалыматына ылайык, LBMA'нын стандарттарына жооп берген алтын куймалары да эсептелет. Мындан тышкары, «Акчабар» Улуттук банкка таянып түшүндүргөндөй, алтын корлору да — чет элдик банктардын эсебиндеги баалуу металлдар болуп саналат.

«Чет элдик банктардагы эсептер» — маанилүү тактоо. Буга чейин жогоруда айтылгандай, улуттук банктар өздөрүнүн алтын корунун (активдерин) бир бөлүгүн «металлдык эсептер» деп аталган эсептерде сактай алышат — адатта бул батыш мамлекеттериндеги ири банктардын эсептери. Бул колго кармалган эмес, виртуалдык алтын: эсептеги акчанын суммасы баалуу металлдардын дүйнөлүк бааларына байланган жана ал анын биржалык котировкасына жараша өзгөрүп турушу мүмкүн.

Демек, Садыр Жапаров менен Улуттук банк айтып жаткан 37,8 тонна алтындын кайсыл бир айтылбаган бөлүгү — виртуалдуу түрдө бар — деген бүтүм чыгарсак болот.

Кыргызстандагы алтын кендердин кубаттуулугу

Кыргызстандын алтын кендери бир жылга жетпеген убакта 37,8 тонна алтын бере алабы деген суроо дагы Улуттук банктын «Клоопко» берген жообунда түшүнүксүз калды. Банк атамекендик алтынды артыкчылыктуу сатып алууга укуктуу экенин, ал бир гана «Кыргызалтындын» эле алтыны эместигин айтат.

Өлкөнүн тоо-кен компанияларынын отчёттору президенттин бир жылга жетпеген убакта алтын өндүрүү эки эсе өстү деген билдирүүсү менен анчалык дал келбейт.

Алсак, 2-ноябрда «Кумтөр Голд Компани» мамлекеттик ишканасы отчёт жарыялаган, ага ылайык, ушул эле аталышты алып жүргөн өлкөдөгү ири кенде 2022-жылдын башынан бери 12,110 тонна алтын өндүрүлгөн. Ал эми бул — мурда казылып алынган рудалардын кампадагы запастарын кайра иштетүүнү кошкондогу көлөм.

Экинчи ири алтын өндүрүүчү — 2019-жылдан бери «Жерүй» кенин иштетип келе жаткан «Альянс-Алтын» кыргыз-орус компаниясы, быйыл болгону 3,512 тонна алтын өндүргөн.

Былтыр жайында Энергетика жана өнөр жай министрлиги өлкөдөгү 13 ири алтын кендин тизмесин жарыялаган. Кумтөр жана Жерүйдү кошпогондо алардагы казылып алына элек алтындын кору 490,1 тонна деп бааланган.

Бирок, министрлик алтындын корун айтканы менен канча көлөмдө баалуу металл казылганын айтпай жатат.

Эгер «Кумтөр» менен «Жерүй» биригип быйыл 15,6223 тонна алтын өндүргөн болсо, ал эми Садыр Жапаров бир жылга жетпеген убакта 37,8 тонна өндүрүлдү деп жатса, анда дагы 22,1777 тонна алтын калып жатпайбы. Алар кайдан чыкты? Өлкөнүн калган, салыштырмалуу чакан 11 кени бир жылга жетпеген убакта 22 тонна таза алтын өндүрө алабы?

Дегеле 40 тонна алтын дегени канча?

Бул кыйла эле көп. Мисалы, ушундай эле көлөмдөгү алтынды 2021-жылы Орусияда баалуу металлдарды өндүрүү боюнча алдыңкы беш компаниянын бири, «Полиметалл» ишканасы өндүргөн. Ал Орусия жана Казакстанда активдери бар компания. Ишкана 13 миң жумушчунун күчү менен 10 кенди иштетет.

Ал эми Кыргызстандагы эң ири «Кумтөр» алтын кенинде — 4 миңден ашык киши иштейт. Өндүрүш көрсөткүчтөрү 2005-жылдан бери кенде жылына 20 тоннадан ашык алтын өндүрүлбөгөнүн айтып турат. Ошондо да алтын эң эле көп казылган мезгил — 23,4 тонна — алыскы 2001-жылга туура келген, андан бери өндүрүү көлөмү улам азайып келет.

«Кумтөрдү» 20 жылдан ашык убактан бери Канаданын Centerra Gold Inc компаниясы иштетип келген. 29-июлда кыргыз бийлиги компания толук түрдө мамлекеттин менчигине өткөнүн билдирген. «Кумтөр» улутташтырылгандан кийин өлкөдө кендин алтынын сатуунун жана кендеги финансылык бузуулардын айланасында чыр чыккан.

Алсак, Улуттук банктын отчётунан 1,1 млрд долларлык 19,2 тонна алтын «белгисиз өлкөгө» экспорттолгону белгилүү болгон. Ал эми президент Садыр Жапаров алтын сатылган өлкө тууралуу маалымат коопсуздук максатында жашырылганын билдирген. Анткен менен журналисттер ал өлкө Швейцария экенин аныкташкан.

Президент Курултайда бул маселе боюнча депутаттык комиссия түзүлгөнүн эске салган, бирок, анын айтымында, комиссия дагы деле «Кумтөргө» бара элек. Буга кошумча аталган комиссия бир да жыйынын өткөрө электигин жазган «Клооп».

2022-жылдын сентябрында Башкы прокуратура «Кумтөрдүн» жетекчилерине үч кылмыш ишин козгогону маалым болгон. Алардын аракетинен болжолдуу 1 млрд сом зыян тийгени айтылган. «Кумтөрдүн» мурдагы сырткы башкаркаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк кармалып, УКМКнын ТИЗОсуна киргизилген. 2022-жылдын 24-ноябрында 24.kg өздүк булактарына таянып, Бөлтүрүк ооруканага түшкөнүн жазган. УКМК «Клооптун» бул маалыматты тастыктап же төгүндөп берүү тууралуу өтүнүчүн «жоопсуз» калтырган.