Исхак Масалиев «Кумтөрдүн» ишин текшерген депутаттык комиссиянын төрагалыгынан кетти

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев «Кумтөрдөгү» алтындын сатылышы, кендин Кыргызстандын энчисине өткөндөн берки иш-аракеттерин иликтөө максатында түзүлгөн парламенттик комиссиянын төрагалык ыйгарым укуктарын тапшырды.

Бул тууралуу парламенттин жыйынында Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев билдирди.

«Тилекке каршы, Исхак Абсаматович ден соолугуна байланыштуу комиссиянын төрагалыгынан баш тартыптыр. Мага өткөн жумада Исхак Абсаматовичтен менин дарегиме ден соолугума байланыштуу баш тартам деген кат келди», — деди Шакиев.

Спикер депуаттык комиссия азырынча өз ишин баштай электигин жана бир дагы жыйын өткөрө электигин кошумчалады. Комиссия 2022-жылдын 28-сентябрында «Кумтөрдөгү» каржылык бузуулар аныкталган жана 2021-жылы 1 млрд доллардан ашык суммага бааланган 19,2 тонна алтындын «белгисиз өлкөгө» сатылышы боюнча чуулардын шартында түзүлгөн.

Депутаттар менен оппозиция бийликтен отчёт талап кылган, ал эми Садыр Жапаров бул маселе боюнча комиссия түзүп, ал жакка оппозициянын жана коомчулуктун өкүлдөрүн кошууну сунуштаган.

«Кумтөрдүн» иши боюнча депутаттык комиссия 28-сентябрда түзүлгөн. Комиссиянын курамына Марлен Маматалиев, Балбак Түлөбаев, Адахан Мадумаров, Исхак Масалиев, Жанарбек Акаев, Нилуфар Алимжанова, Надира Нарматова, Нурланбек Шакиев, Марат Мураталиев, Улугбек Ормонов, Шайлообек Атазов, Арсланбек Малиев жана Максат Сарбагышев кирген.

«Кумтөрдөгү» тышкы башкаруу

2021-жылдын 17-майында кыргыз бийлиги «Кумтөргө» сырткы башкаруу киргизген. Бийлик бийлик кенди канадалык Centerra Gold Inc иштетип жатканы «жергиликтүүлөрдүн ден соолугуна, өмүрүнө жана экологияга коркунуч жаратат» деген жүйөө кылган. Анда Тенгиз Бөлтүрүк убактылуу тышкы башкаруучу болуп дайындалган.

Буга жооп кылып Centerra Кыргызстандын бийлиги «кенди көзөмөлдөөнү дээрлик толугу менен тартып алды» деп Бөлтүрүктү, кийинчерээк Кыргызстандын өкмөтүн да сотко берген.

2022-жылдын 29-июлунда өлкө бийлиги «Кумтөр» толугу менен Кыргызстанга өткөнүн билдирген. Минкабдын төрагасы Акылбек Жапаровдун айтымында, ушуну менен кыргыз тарап канадалык Centerra Gold Inc. менен «Кумтөр» долбоору боюнча эки айры жолго түшкөн.

Кыргызстан менен Centerra’нын ортосундагы келишим боюнча кыргыз тарап 11 млн доллар дивиденд, ошондой эле 50 млн доллар бир жолку төлөнүүчү кенемте алат. Ошондой эле өлкөнүн башкаруусуна «Кумтөр» кени боюнча Рекультивациялоо фонду өтүп жатат, анын көлөмү болжол менен 53 млн доллар.

Мунун ордуна Кыргызстан 2022-жылдын 4-апрелине карата жалпы наркы $777 млн (978 млн канада доллары) долларды түзгөн Centerra’дагы 26,1% акциясынан баш тартат.

Ал эми 24-августта минкаб Бөлтүрүк «Кумтөрдүн» тышкы башкаруучулугунан четтетилгенин кабарлаган. Бул Эсептөө палатасы кендин ишинде каржылык бузууларды аныктагандан кийин болгон.

Ага карабастан, Бөлтүрүк «Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдингинин жетекчиси бойдон калган. Ал бул кызматка 14-февралда келген.

13-сентябрда Башкы прокуратура Кумтөр кенин иштеткен «Кумтөр Голд Компанинин» ишин текшерүүсүнүн жыйынтыгында үч кылмыш ишин козгогон. Компания мамлекетке 1 миллиард сомго жакын зыян келтирилгени белгиленген.

Ошол эле күнү кылмыш ишинин алкагында Теңиз Болтүрүк кармалган. Аны менен кошо жабдуу боюнча адис жана каржы башкармалыгынын директору дагы кармалып, бардыгы Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Учурда «Кумтөр Голд Компани» ЖАКты Алмаз Барыктабасов жетектеп жатат.