Украинадагы согуштун кесепети. ЭВФ Кыргызстанда жакырчылык жана мамкарыз көбөйөт деп болжоду

2022-жылы Кыргызстандын экономикасы Орусиянын Украинага каршы согушунун кесепеттерине туруштук бере аларын көрсөттү. Бул тууралуу Эл аралык валюта фондунун Кыргызстанга жасаган миссиясынын жыйынтыктоочу отчётунда айтылат.

ЭВФ Кыргызстанга согушка байланыштуу терс таасирлердин кесепетин эки фактор азайтты деп болгойт. Кеп Орусиянын санкцияларга туруктуулугу, ошондой эле капитал жана жумушчу күчтүн күтүлбөгөн жерден Орусиядан Кыргызстанга агымы тууралуу болууда.

ЭВФтин маалыматына ылайык, 2022-жылдын биринчи тогуз айында республиканын реалдуу ИДПсы транспорт, соода-сатык, айыл чарба жана алтын өндүрүүнүн эсебинен 7%га өскөн.

«2022-жылдын алгачкы тогуз айында импорттун көлөмү дээрлик 80%га көбөйгөн, бул бир жагынан күйүүчү май менен транзиттик сооданын баасы өскөндүктөн болгон. Ошол эле кезде алтындын экспорту анчалык чоң эмес, себеби өлкө ичинде өндүрүлгөн баалуу металдын басымдуу бөлүгүн Улуттук банк сатып алган», — деп жазышты отчёттун авторлору.

Ошол эле маалда ЭВФтен инфляциянын темпи көбүнесе азык-түлүктүн жана мунайдын баасы кымбат болгондуктан кыйла өскөнүн белгилешти.

ЭВФ кыргыз экономикасынын өсүү келечеги олуттуу белгисиздикке дуушар деп эсептейт.

ЭВФтин божомолу боюнча, 2022-жылы ИДПнын өсүү темпи жыл аягында 7%дан 5,5%га чейин, ал эми 2023-жылы 3,5%га чейин төмөндөйт. Уюмдун маалыматына ылайык, «Кумтөр кенинде алтын казуу өндүрүштүк кубаттуулукка жеткен чакта, Орусиядагы өсүү темпинин болжолдонуп жаткан басаңдоосу Кыргызстандын экономикасына басым кыла баштаганы менен байланыштуу». Ошол эле учурда, ал эми айыл чарба сектору өзгөчө бийик өсүү темпинен кийин басаңдай баштады.

Мындан тышкары, ЭВФ бюджет таңкыстыгы кыйла көбөйөрүн божомолдоп жатат. Салыктарды жыйноо жакшырганы менен мамлекеттик тармакта пенсия, маяна жана мамлекеттик инвестициялар көбөйгөндүктөн чыгымдар кыйла өскөн.

ЭВФтин маалыматына ылайык, орус экономикасынын бир топ кыскарышы өсүү темптеринин жайлашына, акча которуулардын көлөмүнүн азайышына, ошондой эле эмгек мигранттардын кайтып келүүсүнө алып келиши мүмкүн.

«Кирешелердин азайышы жана инфляциянын деңгээли жогору болушу ансыз да деңгээли жогору болуп турган жакырчылыкты көбөйтүшү мүмкүн. Кытайды, Кыргызстанды жана Өзбекстанды бириктирген темир жолун, ошондой эле “Камбар-Ата-1” ГЭСин куруу сыяктуу инфраструктуралык жаңы ири долбоорлорду кошумча бюджетсиз жана жеңилдетилген шарттагы каржы булактары жок куруу мамлекеттик карыздын ого бетер көбөйүшүнө алып келет», — деп айтылат отчётто.

ЭВФ жогоруда айтылган тобокелдиктер эгер аймактык жаңжалдар курчуп, пандемиянын жаңы толкуну келе турган болсо, ошондой эле электр менен камсыздоо инфтраструктуралары эскиргендиктен электр энергиясы тартыш болуп калса же алтындын баасы туруктуу деңгээлде түшүп турбаса курчуп кетиши ыктымал деп эсептешет.

ЭВФ абалды тийиштүүдөй башкаруу гана жакшырта аларын белгилейт. Фонддун эксперттери жаңы мыйзамдар жана мыйзам актылары коррупциялык тобокелдиктерди азайтууга, атаандаштыкты күчөтүүгө, мамлекеттик монополиялардын пайда болуусун алдын алууга жана мамлекеттик сектордун ачык-айкындуулугу менен отчёттуулугун жогорулатууга багытталышы керек деп эсептешет. Мындан тышкары, фонддун эксперттери кыргыз билигине мамлекеттин карызды ИДПнын 60%дан төмөн деңгээлинде кармоону сунушташат.

Дагы окуңуз: БУУнун айыл чарба боюнча өкүлү: Кыргызстанда жакыр үй-бүлөлөр ачка калуу коркунучунда турат