Иш менен камсыз кылуу кызматына кайрылган жумушсуздардын саны 102 миңге чукулдады

2022-жылдын 1-ноябрына карата жумуш издеп мамлекеттик иш менен камсыз кылуу кызматына каттоого тургандардын саны 101,8 миң адамды түздү. Бул тууралуу улуттук статистикалык комитетке таянып «Кабар» агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу 1,6%га аз. Ал эми статкомдун эсептөөлөрүнө ылайык, катталгандардын арасында жумушсуздардын саны — 76 миңдеш ашат.

Иш менен камсыз кылуу кызматында каттоодо тургандар менен статистика комитетиндеги катталган жумушсуздардын ортосунда айырма бар. Иш менен камсыз кылуу кызматына кайрылгандардын тизмеси сунушталган жумуштан эки жолу баш тарткан, ошондой эле мамлекеттик органдарга ишке орношууга катталып, бирок 10 күндүн ичинде келбей калган адамдардан түзүлгөн.

Каттого турган жумушсуздардын жалпы санынын 44,8%ын аялдар түзгөн, ал эми калганы эркектер.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кымбатчылык жана жумушсуздук. Кыргызстандыктарды эң көп ойлонткон суроолор