Түштүк Корея Жогорку Кеңешке 200 миң долларлык техникалык жардам көрсөтөт

Түштүк Корея өлкөдөгү парламенттин санариптик потенциалын бекемдөө максатында Жогорку Кеңешке 200 миң долларлык техника жардам көрсөтөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы 9-декабрда билдирди.

Маалыматка ылайык, парламенттин аппарат жетекчиси Шабданбек Алишев менен Түштүк Кореянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директору Ли Жонгсу техникаларды берүү актысына кол коюшту.

Жолугушууда алар эки өлкөнүн парламентинин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселесин талкуулашты.

Ли Жонгсу алардын уюму 2023-жылдан 2027-жылга чейин кыргыз парламентин санариптештирүү алкагында долбоорду ишке ашырууга киришерин белгиледи.

2020-жылы Жогорку Кеңеш отурум залы үчүн электрондук добуш берүү боюнча программалык жабдууну 3 млн 153 миң 925 сомго сатып алуу үчүн тендер жарыялаган.

Тендер ошол жылдын октябрында Ак үйдү басып алуу учурунда талкаланган же уурдалган жабдуулардын ордун толтуруу үчүн жарыяланган.