ЖК депутаттар үчүн 15,5 млн сомго компьютер, ноутбук жана принтерлерди сатып алат

Жогорку Кеңеш компьютер, ноутбук жана жыйындар залына программалык камсыздоо сатып алуу үчүн бир нече тендер жарыялады.

Техникаларды сатып алуу боюнча тендерлер мамлекеттик сатып алуулардын порталында жарыяланган.

Порталдагы маалыматка ылайык, Жогорку Кеңеш отурум залы үчүн электрондук добуш берүү боюнча программалык жабдууну 3 млн 153 миң 925 сомго сатып алууну көздөйт. Мындан тышкары, парламент төмөнкүлөрдү сатып алгысы келет:

  • 6,7 млн сомго жыйындар залы үчүн ноутбук жана мониторлор;
  • 450 миң сомго 300 колдонуучуга арналган антивирус;
  • 300 миң сомго компьютер техникаларына керектелүүчү кошумча жабдуулар;
  • 2,9 млн сомго чогултулган компьютер жана принтерлер;
  • 2,2 млн сомго сервердик жабдуу, үзгүлтүксүз кубат берүү булагы, коммутатор, системдик блок жана принтер.

Тендерлер 6-октябрьга караган түнү Ак үй басылып алынганда талкаланган же уурдалган жабдууларга жарыяланды. Анда Кыргызстанда саясий кризис башталып, ал ушул күнгө чейин уланууда.

Ак үй митингчилердин колуна өткөндөн кийин абакта жаткан бир катар саясатчылар бошотулган. Алардын арасында экс-премьер-министр Сапар Исаков, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана экс-депутат Садыр Жапаров дагы бар. Жапаров абактан чыккан соң өзүн премьер-министр деп жарыялаган. Бир нече күн өткөндөн кийин ал тарапташтары менен президент Сооронбай Жээнбековду отставкага кетүүгө аргасыз кылган.

Ал эми президенттин милдетин аткаруу спикер Канат Исаевге жүктөлгөн. Бирок Исаев бул кызматтан баш тарткандыктан, президенттин ыйгарым укуктарын Жапаров өзү алган. Көп өтпөй Жапаров 2021-жылдын 10-январында өтө турган кезексиз президенттин шайлоого катышуу үчүн ыйгарым укуктарын өткөрүп берген. Ушул тапта президенттин милдетин Жапаровдун үзөңгүлөш досу Талант Мамытов аткарып жатат.