UFC чемпиону Валентина Шевченко 2022-жылдын мыкты мушкер айымы деп таанылды

Кыргызстандык спортчу, UFC чемпиону Валентина Шевченко Fighters Only журналынын жыйынтыгы менен 2022-жылдын мыкты мушкер айымы деп таанылды. Бул тууралуу ал өзүнүн фейсбук барагында билдирди.

«Бүгүн түнү мен 2022-жылдын мыкты мушкери сыйлыгын алуу сыймыгына ээ болдум. Бул мен үчүн чоң мааниге ээ, өзгөчө кийинки жылга карата алдыга кадам. 2023-жыл менин юбилейим. Мушкер болгонума 30 жыл толду», — деп белгиледи ал.

Шевченко 2021-жылдын декабрь айында UFC’нин жаңыланган рейтингинде аялдардын арасында салмак категорияларына карабастан эң мыкты мушкер айым болуп тандалган.

Валентина Шевченко UFC’нин чемпиондук титулун жетинчи жолу коргогон. Ал үстүбүздөгү жылдын июнь айында бразилиялык Тайлы Сантоско менен беттешип, жеңишке жеткен.

Мушкер айым 2018-жылдын декабрынан 2022-июнуна чейин бир да жолу жеңилген эмес.

Тема боюнча:

Валентина Шевченко UFC’нин мыкты мушкер аялдар рейтингинде эки тепкич төмөн түштү

Валентина Шевченко UFC’нин чемпиондук титулун жетинчи жолу коргоду