Валентина Шевченко UFC’нин чемпиондук титулун жетинчи жолу коргоду

Сингапурда 12-июнда Валентина Шевченконун бразилиялык Тайлы Сантоско каршы беттеши өттү.

Беш айлампага созулган бешттештин жыйынтыгы менен судьялар жеңишти кыргыз спортчусу Шевченкого ыйгарышты. Беттеш UFC 275 турниринин алкагындагы эң эле жеңил дивизиондо өттү.

Ушуну менен Валентина Шевченко UFC’нин чемпиондук титулун жетинчи ирет коргоду. Ошол эле учурда бул кармашуу — Шевченконун катары менен 9-жеңиши, 2018-жылдын декабрынан 2022-июнуна чейин бир да жолу жеңилген эмес.

«Мушташып, мыкты боло берем. Эч кандай чек жок. Ким, кай жакта, айырмасы жок. Кай жакта болбосун, ким менен болбосун мушташа берем», — деди кыргызстандык спортчу келечектеги пландарын ачыктап.

Автору: Лев Потапов