Кемпир-Абад иши боюнча кармалган активисттер Акыл Айтбаев менен Илгиз Шаменов 20-февралга чейин ТИЗОдо калтырылды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды.
Ошондой эле сот саясатчы Равшан Жээнбековдун үйүндө оңдоо иштерин жасаган Нурлан Асанбековдун үй камагындагы мөөнөтүн да 20-февралга чейин узартты. Активисттер Асанбековдун саясатка, анын ичинде Кемпир-Абадга эч кандай тиешеси жок экенин бир канча жолу айтышкан.
Буга чейин Кемпир-Абад ишинин дагы бир фигуранты, активист Улукбек Маматаев дагы 20-февралга чейин камакта калган.
Айтбаев менен Шаменов октябрдын соңунда Кемпир-Абад иши боюнча кармалышкан. Эки активист тең Кемпир-Абадды коргоо комитетинин мүчөсү болчу. Алар дагы башка кармалгандар сыяктуу эле массалык башаламандык уюштурууга даярдык көрүүгө айыптап жатышат.
Акыл Айтбаев — «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү. Өзгөн районунун жерге жайгаштыруу комитетинин жетекчисинин мурдагы орун басары. Кемпир-Абаддын Өзбекстанга берилишине активдүү каршы чыккан.
Илгиз Шаменов Бишкек шаардык кеңешинде «Социал-Демократтар» партиясынын депутаты болгон. Активисттин балык фермасы бар. 2021-жылдын декабрында Шаменов «Бишкек» Эркин экономикалык аймагындагы коррупция тууралуу айтып чыккан. Андан көп өтпөй, активист УКМКга суракка чакырылган, бирок ага карабастан Шаменов айыл чарба министри Аскарбек Жанбеков тарабынан коркутуулар болуп жатканын билдирген. Активист милициядан аны коргоону өтүнгөн, бирок акырында Орусияга кетүүнү чечкен.
27-октябрда Шаменов Москвада кармалып, 28-октябрда Бишкекке алынып келинген. Бул активист Кемпир-Абад иши боюнча активисттердин кармалышын сындап жана кыргызстандыкиарды митингге чыгууга чакыргандан кийин болгон.
Чыңгыз Капаров — активист жана саясатчы. Өзүнүн саясий карьерасын 2007-жылы — депутат Курманбек Осмоновдун жардамчысы катары баштаган.
Айданбек Акматов — журналист, «Азаттык» радиосунда редактор болуп иштеген. 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо «Бүтүн Кыргызстан» оппозициялык партиясы менен катышкан. 2021-жылдын октябрында бир мандаттуу Кадамжай округунан депутаттык шайлоого кайрадан барган. Бирок эки жолу тең ийгиликсиз болуп калган.
Өзбекстан менен макулдашуу
Кыргызстан менен Өзбекстан мамлекеттик чек аранын айрым тилкелерин ратификациялоо жөнүндөгү жана Кемпир-Абад суу сактагычын биргеликте башкаруу тууралуу мыйзамга кол коюшкан.
Келишимге Садыр Жапаров 29-ноябрда, ал эми Шавхат Мирзиёев — 30-ноябрда кол койгон.
Эки өлкөнүн президенттери кол койгон документтерди талкуулоо Кыргызстанда ири чуулар менен коштолгон.
Президент Садыр Жапаров менен УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Кемпир-Абад суу сактагычынын берилиши өлкө үчүн пайдалуу болот деп ишендирген. Бирок жергиликтүү тургундар, ошондой эле активисттер жана саясатчылар ага каршы чыгышкан.
Бир катар жергиликтүү тургундар Кемпир-Абад Өзбекстанга берилсе кыргызстандыктар суу сактагычка жеткиликтүү болбой калат жана жарандар өзгөн күрүчү айдалган тааланы колдоно албай калат деп чочулашкан.
Талкууланган документтер суу сактагыч жайгашкан Ош облусунун өзүндө, ошондой эле өлкөнүн ири шаарларында да — Бишкек менен Ошто митингдер менен курултайлардын өтүшүнө себепчи болгон.
Жапаров саясатчылар менен активисттердин массалык камалышы боюнча комментарий берип жатып, кармалгандарды Кемпир-Абад маселеси «ойлондурбайт» деп билдирген. Президенттин айтымында, алар суу сактагыч маселесин бийликке келүү максатында гана колдонуп жатышат.