Кемпир-Абад иши: Молдокматов, Кадыров жана Бекчоро уулу 20-февралга чейин камакта калды

Кемпир-Абад иши боюнча кармалган саясатчылар Жеңиш Молдокматов менен Кубанычбек Кадыров, ошондой эле активист Эрлан Бекчоро уулу 20-февралга чейин ТИЗОдо калды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды.

« [Бийлик]“Кемпир-Абад кыргыздыкы, биздики” деген инсандарды камап, оозун жаап туруп [Өзбекстанга] беришти […] Кемпир-Абад кеткенин бүгүнкү күнү эл сезе элек. Беш жылдан кийин тарых жазылат. Беш жылдан кийин Кемпир-Абаддын жээгине барып кыргыз башын кармап өкүнөт. 10 жылдан кийин суу сактагычтын жээгине барып жүрөгүн кармап ооруйт. 15 жылдан кийин кыргыз кирээрге жер таппай калат […] Тилекке каршы биз Кемпир-Абадды жоготтук. Эми менин айтаарым, болду эми аял кишилерди коё берип коюшпайбы», — деди сот залында Молдокматов.

Саясатчынын айтымында, кимде ким соцтүйүндө бийликке каршы жазса түрмөгө отургузуп, ал эми президент Садыр Жапаров менен УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевди мактагандарга «ат мингизип жатат». Молдокматов бул сот отурумдарын «оозду жабуу» деп атады.

Отурумда Эрлан Бекчоро уулу тергөө Кемпир-Абадды коргоо боюнча комитет түзүүнү кылмыш деп эсептеп жатат деп билдирди. «Алар бул комитеттин мүчөлөрү элдин башын айлантышат деп жатышат. Мунун баары жомок. Эч кандай далил жок. Эч нерсе таба алышкан жок», — деп айтты Бекчоро уулу.

Молдокматов, Кадыров жана Бекчоро уулу Кемпир-Абад иши боюнча кармалган башка активисттер сыяктуу эле массалык башаламандык уюштурууга даярдык көрүүгө айыпталып жатышат.

Жеңиш Молдокматов — «Туран» демократиялык партиясынын лидери, ошондой эле, «Замандаш» партиясынын тең төрагасы болгон. Парламенттик шайлоолорго бир нече жолу ат салышкан, бирок өткөн эмес. Садыр Жапаровдун жаңы Конституциясына активдүү каршы чыккан.

Кубанычбек Кадыров — «Чындык» саясий партиясынын лидери. 2021-жылы «Ата-Журт – Кыргызстан» партиясы менен депутаттыкка талапкерлигин койгон, бирок парламентке өткөн эмес.

Эрлан Бекчоро уулу — журналист, активист жана «Туран» демократиялык партиясынын мүчөсү.

12-декабрда Биринчи май райондук соту активисттер Акыл Айтбаев, Илгиз Шаменов, Чыңгыз Капаров, Айданбек Акматов, Али Шабдан, Айбек Бузурманкулов жана Марат Баязовду 20-февралга чейин камакта калтырган.

Өзбекстан менен макулдашуу

Кыргызстан менен Өзбекстан мамлекеттик чек аранын айрым тилкелерин ратификациялоо жөнүндөгү жана Кемпир-Абад суу сактагычын биргеликте башкаруу тууралуу мыйзамга кол коюшкан.

Келишимге Садыр Жапаров 29-ноябрда, ал эми Шавхат Мирзиёев — 30-ноябрда кол койгон.

Эки өлкөнүн президенттери кол койгон документтерди талкуулоо Кыргызстанда ири чуулар менен коштолгон.

Президент Садыр Жапаров менен УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Кемпир-Абад суу сактагычынын берилиши өлкө үчүн пайдалуу болот деп ишендирген. Бирок жергиликтүү тургундар, ошондой эле активисттер жана саясатчылар ага каршы чыгышкан.

Бир катар жергиликтүү тургундар Кемпир-Абад Өзбекстанга берилсе кыргызстандыктар суу сактагычка жеткиликтүү болбой калат жана жарандар өзгөн күрүчү айдалган тааланы колдоно албай калат деп чочулашкан.

Талкууланган документтер суу сактагыч жайгашкан Ош облусунун өзүндө, ошондой эле өлкөнүн ири шаарларында да — Бишкек менен Ошто митингдер менен курултайлардын өтүшүнө себепчи болгон.

Жапаров саясатчылар менен активисттердин массалык камалышы боюнча комментарий берип жатып, кармалгандарды Кемпир-Абад маселеси «ойлондурбайт» деп билдирген. Президенттин айтымында, алар суу сактагыч маселесин бийликке келүү максатында гана колдонуп жатышат.