Сүрөт: «Т–Медиа»

«Т–Медианын» журналисттери Ош шаарына жаңы мэр болгон Бакытбек Жетигеновдун кеңешчиси Муктарбек Зулпукаров тууралуу маалыматтарды изилдешти. Ал уюшкан кылмыштуу топтордун арасында «чоң беделге ээ болгону» жана бозгун президент Курманбек Бакиевдин иниси Акмат Бакиевдин оң колу болгону белгилүү болду.

Материалдын түп нускасы «Т–Медианын» сайтында жарыяланган.

Издөөдө жүргөн, Бакиевдин жакыны

Журналисттердин маалытына караганда, Мухтар Зулпукаров 54 жашта. Кесиби боюнча башталгыч класстын мугалими. Дене-тарбия институтун бүтүргөн. Күрөштүн эки түрү боюнча спорттун чебери. Ал 2020-жылы Жогорку Кеңешке өткөн шайлоодо «Замандаш» партиясынын тизмеси менен катышкан. Ошол убактагы партиянын социалдык тармактагы баракчасында ал өзүн кризис менеджери жана медиатр экенин айткан.

ЖМКлар 2013-жылы ИИМге шилтеме берип Муктарбек Зулпукаровду уюшкан кылмыштуу топтордун арасында чоң беделге ээ экенин жана Курманбек Бакиевдин иниси Акмат Бакиевдин оң колу деп жазышкан.

2009-жылы ал «Азаттыкка» берген интервьюсунда өзүн «Сали Ата» компаниясынын башкы директору катары тааныштырган. Аталган компаниянын негиздөөчүсү Акмат Бакиев болгон.

Ошондой эле 2010-жылы ага издөө жарыяланганы айтылган. 2013-жылы милицияга өз ыктыяры менен багынып бергени жана ага мыйзамсыз куралдуу топ жана массалык баш аламандык уюштурган деген айып тагылгандыгы тууралуу маалыматтар чыккан.

«Т-Медианын» журналисттери Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгына байланышып, бул маалыматты такташкан. Милициянын басма сөз кызматы Муктарбек Зулпукаров боюнча суроого ал «милиция тарабынан кармалып, иш толугу менен тергелип, соттун кароосуна жиберилген» деп жооп берген.

Ал эми Жогорку соттон маалыматты тактап жооп берүүнү убадалашкан.

Зулпукаровдун жана жакындарынын мүлктөрү

Журналисттер sled.politmer.kg порталына шилтеме берип, Зулпукаров «бир нече компанияга ээ экенин» айтышкан.

Ал эми Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө ал «Бечел» ЖЧКсынын директору жана негиздөөчүсү.

Ошондой эле «ЭСТ», «Цемент плант», «ЭЛДОС К. Ж» ЖЧКларынын, «Жалал-Абад медициналык институту» ЖАКтын жана «РусАзияГолд» биргелешкен кыргыз-орус корпорациясынын негиздөөчүсү болуп эсептелет.

Ал эми министрликтин маалыматында, Зулпукаровдун кызы Зулпукарова Айтурган Муктарбековна «ИСМЕДКЛИНИК» жана «Э-Сервис» ЖЧКларынын директору.

Аны менен катар ал «АРТЭЙЖН», «Эй Зэд» ЖЧКларынын жана «Илимий-изилдөө медициналык-социалдык институту» мекемесинин негиздөөчүсү. Ошондой эле «Тэкайым» коомдук фондун жетектейт.

24.kg басылмасы 2018-жылы «Депутаттар, саясатчылар, бизнесмендер. Борбор калаадагы Фучик сейил багындагы участокторго ким ээлик кылат?» аталышындагы иликтөөсүн жарыялаган. Андагы тизмеде Зулпукаровдун кызы Айтурган Зулпукарова да болгон.

Ал эми Зулпукаровдун келинчеги Нүргүл Чүрөкова Жалал-Абад шаарындагы «Симба» окуу борборун жетектейт.

29-ноябрда Алмаз Мамбетов кызматынан алынып, анын ордуна Ош шаарына мэр болуп Бакытбек Жетигенов дайындалган. Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.

2014-жылы, Жетигенов «Ар-Намыс» фракциясынын депутаты болуп турган кезде ИИМ аны криминал чөйрөсүнө байланышы бар деп шектелгендердин тизмесине түшүргөн. Ал эми Жетигенов өзү айыптоолорду четке каккан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ош шаарына мэр болгон Бакытбек Жетигенов тууралуу эмне белгилүү?