Бакытбек Жетигенов

29-ноябрда Алмаз Мамбетов кызматынан алынып, анын ордуна Ош шаарына мэр болуп Бакытбек Жетигенов дайындалды. Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Жетигенов ким?

Бакытбек Жетигенов 56 жашта, ал Чүй облусунун Сайлык айылынан. Парламенттин бешинчи жана алтынчы чакырылыштарында депутат болгон.

Өткөн жылдын ноябрында ошондогу депутат УКМК тарабынан кармалган. Атайын кызмат ал «парламенттик шайлоодон кийин бийликти басып алууга камынган топтун катарында болгонун» билдирген. Биринчи май райондук соту Жетигеновду эки айга камакка алган. Бирок 2021-жылдын декабрында ал камактан бошотулган.

Жетигенов 2021-жылдын сентябрында да УКМКга суракка чакырылган. Ал «Бийликти күч менен басып алууга аракеттенүү» беренеси менен ачылган сотко чейинки өндүрүштүн алгакында бир катар депутаттар жана саясатчылар менен кошо суралган.

Тергөөнүн жүрүшүнө бир нече маданий ишмерлердин президент Садыр Жапаровго жолдогон каты себеп болгон. Алар «айрым саясатчылар 100 миң кишинин катышуусунда митинг өткөрүп, бийликти басып алууга камынып» жатканын билдиришкен эле.

Дагы окуңуз: «Катты көргөн да эмесмин». Президентке «кайрылган» маданият кызматкерлери эмне дейт?

Жетигенов бир жыл мурда өткөн парламенттик шайлоодо талапкерлигин №31 Чүй-Кемин шайлоо округунан көрсөтүп, бирок кийинчерээк катышуудан баш тарткан.

Казинолорду жабуу демилгеси, УКТ менен байланыш

Жетигенов бешинчи чакырылышта депутат болуп турганда кумар оюндарын ойноочу жайлардын ишин 2012-жылдын 1-январынан тартып токтотуу тууралуу мыйзам долбоорун демилгелеп, ал кабыл алынган.

Анда Жетигенов казино, ойномо автоматтарынын өлкөнүн аймагында көп болушу, кумар оюндарына берилген адамдардын аң-сезимине терс таасирин тийгизип жатканын айткан.

*2022-жылдын 22-июнунда Жогорку Кеңештин депутаттары казино, тотализатор жана букмекердик конторанын жана оюн автоматтарынын ишмердигин кайрадан өлкө боюнча мыйзамдаштыруу боюнча мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда колдоп беришкен. Ага президент Садыр Жапаров 30-июнда кол койгон. Парламентте мыйзамды кабыл алуу чуу менен коштолуп, өлкөнүн бир катар шаарларында кумаркана ачууга каршы митингдер өткөн.

2014-жылы, Жетигенов «Ар-Намыс» фракциясынын депутаты болуп турган кезде ИИМ аны криминал чөйрөсүнө байланышы бар деп шектелгендердин тизмесине түшүргөн. Ал эми Жетигенов өзү айыптоолорду четке каккан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бир ай мурун суракка алынган депутат Бакытбек Жетигенов шайлоого катышуудан баш тартты

250дөн ашуун депутаттыкка талапкер кылмыш иши боюнча өткөн — айрым иштер жабыла элек