Билим берүү министрлиги: Өлкөдө 172 мектеп карантинге жабылды

Эпидемиологиялык кырдаалдан улам өлкөдө 172 мектеп карантинге жабылды. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ведомствонун маалыматына ылайык, Бишкекте — 8, Чүй облусунда — 32, Ысык-Көл облусунда — 3, Жалал-Абад облусунда — 6 жана Ош облусунда 12 мектеп жабылды. Баарынан көп Талас облусунда жабылган — 111 мектеп. Жалпысынан Кыргызстанда 2537 жалпы бирим берүү мекемеси бар.

«Карантин учурунда окуу онлайн форматка өткөрүлөт. Саламаттык сактоо министрлигинин буйругунун негизинде Жергиликтүү санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борбору карантинге жабуу тууралуу бүтүм чыгарган мектеп жана бала бакчалар гана карантинге жабылат», — деп билдиришти министрликтен.

Депутат Айбек Осмонов парламенттин 14-декабрдагы жыйынында Саламаттык сактоо министрлиги менен балдардын арасында оору күчөп жатканын талкуулаганын айткан. Анын айтымында, ведомство Билим берүү министрлигине мектептерди жапкыла деген бүтүм чыгарып берген, бирок жаппай коюшкан. Мындан улам Осмонов билим берүү министрин 15-декабрда парламентке чакырып, өлкөдө мептептерди жабуу маселесин талкуулоону сунуштаган.

Сасык тумоо, ооруканалардагы узун кезек

Мектептерди жабуу чечимин ведомство сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекция күчөп жаткан шартта кабыл алды. Акыркы күндөрү Бишкектеги ооруканаларда кезек көп болуп жатканы айтылууда.

Республикалык клиникалык инфекциялык илдеттер ооруканасынын жетекчиси Гүлжигит Алиев «Азаттыкка» берген интервьюсунда жыл сайын ушул маалда сасык тумоо күчөрүн айтып, бирок быйыл балдар башкача ооруп жатканын билдирген.

Врачтын айтымында, 11-декабрда бул ооруканага 300 адам кайрылып, алардын ичинен 129у ооруканага жакырылган. Дагы 8 бейтап реанимацияда.

«Бизге келгендердин көбү жаш балдар. Алар дем алуу органдарынын курч мүнөздөгү вирустук оорулар менен кайрылышты. Мурдагы жылдагыга караганда оор абалда. Дем алуусу кыйындап, дене табы 39-40ка чейин чыгып кеткендери бар. Ошону менен бирге тарамыштары түйүлүүдө. Биз азыр аларга орун жок деп айта албайбыз. Коридорго болсо дагы жаткырып атабыз. Башкысы дарылашыбыз керек», — деген ал.

Жалпысынан Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 5-декабрдан 11-декабрга чейин өлкөдө курч респиратордук вирустук инфекция жана сасык тумоонун 14078 учуру катталган. Өткөн жумага салыштырмалуу ооругандардын саны 1,5 эсеге көбөйгөн.

Ооругандардын ичинен дээрлик 70%ы — 14 жашка чейинки балдар.

«Курч респиратордук вирустук инфекциялардын учурлары туруксуз аба ырайы (муздак аба ырайы) менен шартталышы мүмкүн, бул организмдин коргонуу күчтөрүнүн төмөндөшүнө алып келет жана оорунун өсүшүнө өбөлгө түзөт. Ошол эле учурда курч респиратордук вирустук инфекциялар менен ооруган чоң адамдар басып жүрүп өткөрөт, ал эми санитардык-гигиеналык чаралар сакталбаса, балдарына жана үй-бүлө мүчөлөрүнө жуктуруп алуу ыктымалдуулугу жогору», — деп билдиришти министрликтен.