Кемпир-Абад иши: Адвокаттар президент күнөөсүздүк презумпциясын бузганын билдиришти

Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын жактоочулары президент Садыр Жапаровго камактагыларды бошотууга чакырып кайрылышты. Алар президентти кармалгандар тууралуу айткан сөздөрү үчүн сынга алышты.

Жапаров «Кабар» агенттигине курган маегинде кармалгандардын аракеттерине баа берген. Анын айтымында, ата-энелер кармалган кыздарына «тартиптүү болгула, калп сөз сүйлөбөгүлө, жалаа жаппагыла, төңкөрүштөн айланасыңбы!» деп тыйып, «акыл үйрөтүшү» керек болчу.

Адвокаттар өлкө башчысынын комментарийин «орунсуз, адистикке жатпаган жана калпыс» деп аташты. Адвокаттар президент интервьюсунда күнөөсүздүк презумциясын бузганына да көңүл бурушту. Жапаров мамлекеттик төңкөрүш талкууланган жыйынга аялдарды өзү колунан жетелеп алып барбаганын айткан.

Кемпир-Абад ишинин фигуранттарынын бир бөлүгү. Сүрөт: «Азаттык».

«“Сен жүз кишини, сен миң кишини портерлерге (Hyundai Porter) жүктөп кел” деп план түздүргөн жокмун. “Элди портерлерге жүктөп келгиле” дегидей эл ким аларга? Эл азыр баарын көрүп-билип турат. Кимдин ким экенин, ким кандай иштеп жатканын эң сонун билишет», — деген президент.

Юристтер өз кайрылуусунда, негизи президент, Конституция боюнча, президент тең салмактуулук системасын камсыздашы керектигин эске салышты.

«Эл жана кармалгандар сизден адилеттүү, мыйзам чегиндеги чечимди, калыс пикирди, Кемпир-Абад иши боюнча бузулган конституциялык укуктар менен кызыкчылыктардын калыбына келтирилишин күтүп жатканда сиз ачыктан-ачык эле текеберлигиңизди көрсөттүңүз. Аны менен сиз демократия менен сөз эркиндигинин абасын буудуңуз», — деп айтылат кайрылууда.

Адвокаттар Жапаров президент болгон соң «кармалгандардын тарбиясына жана аракеттерине баа берүүдөн карманышы керек эле» деп билдиришти.

«Жазык кодексинде өзүңдү жакшы же жаман алып жүргөнү үчүн жаза каралган эмес, Жазык кодексинде начар тарбия үчүн берене жок», — деп белгилешти юристтер.

Адвокаттар кайрылуусун жыйынтыктап жатып тергөөнүн бул иште эч кандай далили жоктугун, эки айдан бери бир дагы тергөө иши жүрбөгөнүн билдиришти. Алардын пикиринде, Кемпир-Абад иши боюнча фигуранттарга тагылып жаткан кылмыштын «соттук келечеги жок».

Алар Жапаровдон «кармалгандардын эркиндигин жана бузулган укуктарын калыбына келтирүүнү жана тергөө органдарына карата саясий таасирди токтотууну» суранышты.

Кемпир-Абад иши

ИИМ 23-октябрдын таңында, дем алыш күнү, Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы чыккан жана аны коргоо үчүн комитет түзгөн активист жана саясатчылардын үйүн тинтүүгө алган. Ошол эле күнү 20дан ашык адам кармалган. Кармоолор бир нече күнгө созулуп, жалпысынан 30га чукул адам кармалган.Анда ИИМден саясатчылар менен активисттер «массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдык көрүүгө» шектелип кармалганын билдиришкен.

Кармалгандардын баары күнөөлөрү жоктугун, аларга каршы иштер «токулган» деп айтышууда. Алар Кемпир-Абад боюнча позициясын ачык айтып чыккандыктан кылмыш куугунтугу болуп жатат деп эсептешет.

Кармалган активисттер менен саясатчыларды сот эки айга камакка алып, декабрда баш коргоо чарасын дагы эки айга узарткан. Буга жооп кылып кармалгандардын ондон ашыгы саясий ачкачылык жарыялашкан. Камактагылардын ондон ашыгы буга нааразы болуп саясий ачкачылык жарыялашкан. Ал эми 18-декабрда Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борборунун кызматкерлери камактагылардан кабар алып, алардын кээ биринин акыбалы кооптондуруп жатканын билдиришкен.

«Экс-депутат Орозайым Нарматова менен активист Перизат Суранованын абалы абдан кооптондуруп жатат. Али Шабдандын дагы абалы жакшы эмес. Ал ашказанында жарасы бар экенин айтты. Улуттук борбор Нарматова менен Суранованын абалына кабатыр болуп, Жазаларды аткаруу кызматынан (ЖАК) аларды ооруканага жаткырып, медициналык көзөмөлдү күчөтүүгө көмөк көрсөтүүнү суранат», — деген Рысбеков.

Ал эми ЖАК Кемпир-Абад иши боюнча ачкачылык жарыялаган фигуранттардын баары дарыгерлердин көзөмөлүндө жана баарынын абалы «канааттандырарлык» экенин айтып ишендирген.

Жыйырмадан ашык саясатчы менен активисттин кармалышын бир катар депутаттар айыптап, ал эми Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму бийликти кармалгандардын баарын бошотууга чакырган.