HRW кыргыз бийлигин кармалган 22 саясатчыны жана активистти бошотууга чакырды

Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму Кыргызстандын бийлигин кармалган активист жана саясатчыларды коё берүүгө жана алардын укуктарынын, анын ичинде, келечектеги бардык иликтөөлөрдүн жүрүшүндө процессуалдук укуктардын сакталышын бекем камсыздоого чакырды.

«Соттор кармалгандарды эки айга камакта калтырышты. Алардын баарына массалык башаламандык уюштурууга даярдык көрүү айыбы тагылды. Милиция “атайын иликтөөнүн жүрүшүндө аныктады деген далилдер” айрым кармалгандардын ич ара сүйлөшүүлөрүн тыңшоодон жаздырып алып, монтаждалган үндөрдөн жыйналган болуп чыкты», — деп айтылат уюмдун кайрылуусунда.

Уюмдагылар Кыргызстандын акыйкатчысы тараткан билдирүүгө таянуу менен бийлик кармоо алдында активисттердин үйүндө тинтүүнү негизсиз жүргүзүп, жеке мүлктөрүн конфискациялашканын белгилешти.

«Анын ичинде, укук коргоочу Рита Карасартова боюнча, милиция шектүүлөрдүн үйлөрүнө күч менен кирип барып, кармоону видеого тартууга жолтоо кылууга аракет кылган. Активисттерди камакта кармоо жайларына которушкан, айрымдарына адвокаттары менен жолугушууга да уруксат берилген эмес. Кармалган 23* адамдын ичинен он экиси жакында эле түзүлгөн Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетинин мүчөлөрү. Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы макулдашуунун тексти азырынча жашыруун сакталып жатат», — деп айтышты уюмдагылар.

* 23-октябрда 23 киши кармалган. Алардын 22си массалык башаламандык уюштурууга даярдык көрүүгө шектелип кармалган. Алардан тышкары Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Канатбек Исаев да кармалган — ал 2017-жылы козголгон кылмыш ишине байланыштуу камакка алынган. Бирок Исаев да Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетинин мүчөсү болуп эсептелет.

Human Rights Watch’тон активисттерди бошотуу жана макулдашууну ачыктоо талабы айтылган наарызылык акциясы учурунда Бишкек жана Ошто интернетке жеткиликтүүлүк чектелгенин да белгилешти.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 25-октябрга караган түнү массалык башаламандык уюштурууга шектелген саясатчылар менен активисттердин баш коргоо чарасын карады.

Биринчи май райондук соту 20-декабрга чейин камакта калтыргандар:

Сот саясатчы Азимбек Бекназаровду 23-декабрга чейин, активист Улукбек Маматаевди 22-декабрга чейин, ал эми укук коргоочу Рита Карасартованы 21-декабрга чейин камакта калтырды. Кармалгандардын баары Бишкектин СИЗО-1де камакта болот.

Активист Талант Эшалиевге да Биринчи май райондук сотунда баш коргоо чарасы каралышы керек болчу. Укук коргоочу Азиза Абдирасулованын айтымында, Эшалиев сотко инфарктка болуу абалында алып келинген.

Андан кийин активистти абалы начарлап кеткендиктен кайрадан ооруканага алып кетишкен. Эшалиев башка саясатчы жана активисттердей эле массалык башаламандык уюштуруу ишинде шектүү катары өтүп жатат.

Активист Капаров баш коргоо чарасы чыккандан кийин соттун чечимине нааразы экенин билдирди.

«Бул бийликтен жакшы нерсе күтүүгө болбойт. Бир кезде аларды колдогом, азыр ошого өкүнүп жатам. Жер жана суу бизден кийинки муундарга тиешелүү. Силер да, эл, керт башыңарды ойлобогула. Келечек муун бизди кечирбейт. Адилеттүүлүктү талап кылабыз. Бул репрессия. Эч кандай мыйзам бузуу болгон эмес. Мен ал жыйынга жөн эле угуучу болуп катышкам, эч кандай катышуучу же уюштуруучу эмес болчумун», — деди активист.

Ал ошондой эле элге кайрылып, кармалган активисттерди колдоону суранды.

«Эгер камашса, өлкөдө эркиндик болбойт. Өлкөбүз экинчи Түркмөнстанга айланат. Кыргыз элим, мындай болушуна жол бербегиле. Бүгүн бизди сындырат, эртең силердин балдарыңарга да жетишет. Азыркы бийликтегилер бандиттер. Мыйзам менен эмес, өз түшүнүктөрү менен жашап жатышат», — деп кошумчалады ал.

Ал эми Али Шабдан тагылып жаткан айыптар мыйзамсыз экенин билдирди.

«Бүт баары мыйзамсыз. [Айыптоону] окусаңар өзүнчө эле анекдот. Беспредел», — деди ал.

Ал арада юрист Замир Жоошев кармалган активисттер менен саясатчылардын сотко барган адвокаттарынын бири да кылмыш ишин козгоо боюнча токтомду көрбөгөнүн, ал сотко да берилбебегенин айтты. Ошондуктан активист Али Шабдандын жактоочусу ишти токтомсуз карап жаткан сотту алмаштырууну суранган.

«Кечээ бардыгына камакка алуу токтомунун көчүрмөсү берилди. Ал эми кылмыш иши козголгону тууралуу токтомду көрсөтүшкөн да жок», — деп жазды Жоошев.

24-октябрь күнү Бишкек жана Ош шаарларында саясий куугуттуктарга жана Кемпир-Абад суу сактагычынын берилишине каршы митингдер өттү. Ал эми Өзгөн жана Жалал-Абадда президент Садыр Жапаровду колдоо митинги өткөн.

Кийинчерээк президент Садыр Жапаров массалык кармоолор боюнча комментарий берип, Кемпир-Абад маселеси боюнча буга чейин саясатчылар жана активисттер менен жолугушканын, бирок майнап чыкпаганын билдирген.Жапаров кармалгандарды Кемпир-Абад маселеси «кызыктырбайт», алар суу сактагыч маселесин «бийликтин бир жерине илинип калсам» деген ойдо пайдаланып жатышат деп эсептейт.

«Камалгандардын көпчүлүгү менен да жекеме-жеке диалог кылгам. Баары эле кызмат сурашат. Мамлекеттик кызмат чоё бергидей резина эмес да. Баарына жетпейт экен», — деп билдирген Жапаров.

Тема боюнча окуңуз:

Кемпир-Абад чуусу: Сот кармалгандардын дээрлик баарын эки айга камакка алды

Садыр Жапаров: Кемпир-Абад маселесин бийликке жетүүнүн шылтоосу катары колдонушат

«Кемпир-Абад берилбесин жана саясий куугунтук токтосун». Бишкекте тынчтык жүрүшү өттү

Ошто Кемпир-Абадды жана ага байланыштуу кармалгандарды коргогон акция өттү

Өзгөндө Кемпир-Абад маселесине байланыштуу бийликти колдогон митинг өттү