Сүрөт: Малик Алымкулов / HelpAge International

Пенсия чектөө мыйзамына сунушталган түзөтүүлөр кыргызстандыктардын пенсиясына бийлик айтып жаткандан алда канча чоң сокку урат. Биз мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдү дыкат талдап, андан соң «Клооптун» колуна тийген Соцфонддун презентациясы менен салыштырды. Эгерде мыйзам ушул бойдон, өзгөртүүсүз кабыл алынса кыргызстандык пенсионерлер үчүн кандай өзгөрүүлөр болот? Айтып беребиз.

«Мамлекеттик социалдык пенсиялык камсыздандыруу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү долбоорун Жогорку Кеңеш 14-декабрь күнү биринчи окууда кабыл алган. Андан мурда «Клоопко» Социалдык фонддун пенсиялык реформа жөнүндөгү презентациясы келип түшкөн. Презентацияда маселе толук ачылган эмес, ал тургай айрым учурлары «кооздолуп» кеткен.

Биз эски мыйзам менен түзөтүүлөрдү салыштырып, өзгөртүүлөрдүн толук тизмесин түздүк. Ошондой эле, биздин анализ менен дал келген учурда соцфонддун кыргыз тилиндеги инфографикасын колдондук.

Кыскача

кененирээк төмөндө окуңуз

Пенсионерлер эмнеден кол жууйт?

Жаш курагы боюнча жана өзгөчө эмгек шарттары үчүн мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыгуу жоюулат.

Минималдуу камсыздандыруу стажы этап-этабы менен 5 жылдан 20 жылга чейин өсөт.

Бийик тоолуу аймактардын тургундарынын, анын ичинде эркектер менен аялдардын пенсия курагы үч жылга жогорулайт.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда иштеген аялдардын пенсиялык курагы эки жылга көбөйтүлөт.

1999-жылдын 19-февралынан кийинки кесиптик билим алуу жылдары камсыздандыруу стажына кошулбайт.

Пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү индексацияланбайт.

Орто жана жогорку мамлекеттик кызматтарда иштөөнү улантып жаткан пенсионерлер пенсиясынын базалык бөлүгүнөн ажырайт.

Кош бойлуулук жана бала багуу учурундагы жылдар энелер ага чейин бир жылдан кем эмес же андан кийин бир жылдан кем эмес убакыт камсыздандыруу төгүмүн төлөгөн болсо гана камсыздандыруу стажына кошулат.

Пенсияга чыгам деген киши эми «Кыргызстанда туруктуу жашаган» болушу керек — бул эмне түшүндүрөт, белгисиз.

Каза болгон пенсионердин тажыясына делген жөлөк пул 20 000 сом менен чектелет.

Пенсионерлер эмнеге ээ болушат?

Эми пенсиянын базалык бөлүгү эмгек стажына байланган эмес, барына бир деңгээлде — 3170 сом.

Мамлекет пенсиянын базалык бөлүгүнө кепилдик берет. Бирок мындай шарт пенсиясынын камсыздандыруу бөлүгү 19 116 сомдон төмөндөргө гана тиешелүү.

Пенсиянын базалык бөлүгү өлкөдөгү орточо айлыктын 12%ы деңгээлинде индексацияланат. Бирок бул ченем пенсиясынын жалпы суммасы 6372 сомдон төмөн болгондорго гана тиешелүү.

Багуучусунан ажыраган 18 жашка чейинки балдарга пенсия алуу үчүн окуган жеринен маалымкат талап кылынбайт. Мурда бул ченем 16 жашка чейин болчу.

III топтогу майыптыгы барлар азыр пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүнүн жарымын алса, реформадан кийин 100% ала баштайт.

Өз убагында алынбаган пенсияны алуу мөөнөтү үч жылдан беш жылга чейин узартылат

Жаш курагы келгенде пенсияга чыгуу үчүн талап кылынган документтердин саны азаят. Бир гана паспорт талап кылынышы да мүмкүн.

Кененирээк

Кыргызстандык пенсионерлер эмнеден кол жууйт

Колдонуудагы мыйзам (1-берене) республикада жашаган Кыргызстандын бардык жарандарына, чет элдиктерге жана жарандыгы жокторго пенсиялык укукту кепилдейт. Түзөтүүдө бул беренеге «туруктуу жашагандарга» деген сөз менен толукталган. Жаңы мыйзамда туруктуу жашоонун критерийлери так жазылган эмес, демек бул жерде пенсия чектөөдөн баш тартуу үчүн жаңы негиздер жашырылышы мүмкүн.

Мамлекет пенсиянын базалык бөлүгүн толук чектөөгө кепилдик берет, бирок ал баарына эле тиешелүү эмес. Колдонуудагы мыйзамдын 7-беренесинин 2-бөлүгүнө киргизилген өзгөртүүлөргө таянсак, пенсия дайындалган күнгө карата пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү пенсионердин үч жашоо минимумунан ашса базалык пенсияны ала албайт. Мисалы, 2022-жылы пенсионердин жашоо минимуму 6372 сом болду. Эгерде быйыл айлыгыңыз жогорулап, жыйынтыгынлда пенсияңыздын камсыздандыруу бөлүгү 19 116 сом болсо, кийинки жылы пенсияга чыгаарда анын базалык бөлүгүн (ушул тапта 3170) сом ала албайсыз.

Пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү индексация болбойт. Бул тууралуу ченемди (7-берененин 4-бөлүгү) мыйзамдан чийип салышкан. Анын ордуна пенсиянын базалык бөлүгү өткөн жылдагы орточо эмгек акынын 12%нан төмөн эмес деңгээлде кармалып, индексацияланат. Бирок бул дагы пенсиясынын өлчөмү пенсионердин жашоо минимумунан ылдыйларга гана тиешелүү. Азыркы минимум — 6372 сом.

Индексация — бул пенсиянын суммасын керектөөчү баалардын индексине, орточо эмгек акыга жана жашоо минимумуна байлоо аркылуу инфляциядан коргонуу каражаты.

1999-жылдын февраль айынан кийин башталгыч, орто жана жогорку кесиптик окуу жайларда билим алгандардын окуу жылдары эмгек стажына киргизилбейт. Буга чейин күндүзгү бөлүмдө окуп, камсыздандыруу төлөмдөрүн төгүп келген болсоңуз (же сиз үчүн төлөп келишсе) стажга кошулчу. Түзөтүүлөргө ылайык (8-берененин 1 пункту) камсыздандыруу стажына 1999-жылдын 19-февралына чейинки окуу жылдары гана киргизилет.

Кош бойлуу кез жана бала кароо мезгили, жумушсуздук үчүн жөлөк пул алган учур жана негизсиз камакка алынган жылдарды камсыздандыруу стажына киргизүү үчүн ага чейин же андан кийин бир жылдан кем эмес аралыкта камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөшүңүз керек. Бул тууралуу 8-берененин 3-бөлүгүнө киргизилген түзөтүүлөрдө айтылат.

Сүрөт: Save the Children / Flickr

Жаш курагы жана өзгөчө эмгек стажы үчүн мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыгуу жокко чыгарылат. Буга чейин 30 жылдык эмгек стажы бар 60 жаштагы эркектер жана 25 жылдан ашык иштеген 55 жаштагы аялдар бул мүмкүнчүлүктөн пайдалана алчу. (Кыргызстандагы пенсия курагы эркектер үчүн — 63 жаш, аялдар — 58 жаш). Бул тууралуу сөз болгон 9-1 жана 12-1-беренелери күчүн жоготот.

Чиновниктер Кыргызстандын жарандарынын пенсия курагы жогорулабайт деп убада беришкен. Бирок мамлекеттик же муниципалдык кызматта иштеген аялдардын пенсия курагы эки жылга жогорулайт. Соцфонддун статистикасына таянсак, алардын саны 7,5 миңге чамалайт. Азыр алар 58 жашында эс алууга чыгып, орточо 8138 сом пенсия алышат. 9-берененин 1-пунктуна киргизилген түзөтүүлөргө ылайык, эми алар 60 жашта пенсияга чыгышат. Ал эми соцфонддун презентациясында аларга орточо 9732 сом пенсия убадаланат.

Бирок үнөмдөөнүн негизи беренеси — бул албетте, бардык жарандар үчүн төрт эсе жогорулаган минималдуу камсыздандыруу стажы. 9-берененин 1-пунктуна киргизилген түзөтүүлөргө ылайык, ушул учурда 5 жылды түзгөн минималдуу стаж 20 жылга көтөрүлөт. Албетте, дароо эмес, этап-этап менен — 2023-жылдан 2038-жылга чейинки аралыкта. Ошол эле учурда, бүгүнкү күндө толук эмес эмгек стажысы менен пенсия өлчөмүн аныктаган 10-берене жаңырган жылдан тартып күчүн жоготот.

Бирок үнөмдөөнүн негизи беренеси — бул албетте, бардык жарандар үчүн төрт эсе жогорулаган минималдуу камсыздандыруу стажы. 9-берененин 1-пунктуна киргизилген түзөтүүлөргө ылайык, ушул учурда 5 жылды түзгөн минималдуу стаж 20 жылга көтөрүлөт. Албетте, дароо эмес, этап-этап менен — 2023-жылдан 2038-жылга чейинки аралыкта. Ошол эле учурда, бүгүнкү күндө толук эмес эмгек стажысы менен пенсия өлчөмүн аныктаган 10-берене жаңырган жылдан тартып күчүн жоготот.

Натыйжада, камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөп келген жылдары 20 жылга жетпегендер азыркы арзыбаган камсыздандыруу пенсиясын да ала албайт. Ал эми эмгек стажы азыраактар пенсиялык эсебине жетпеген жылдар үчүн акча төлөп толтура алат. Же пенсия курагына жеткенден кийин деле жетпеген жылдарды толтуруу үчүн иштей берсе болот. Башкалар пенсиянын базалык бөлүгүн (3170 сомду) гана алат.

Үнөмдөөнүн дагы бир ири беренеси — бийик тоолуу аймакта жашаган жана иштеген жарандардын пенсия курагы 2025-жылы дагы үч жылга жогорулайт. Эч кандай чектөө жок, тегиз көтөрүлөт. Шарты катаал аймакта эркектер 58 жаштан, аялдар 53, көп балалуу энелер 48 жаштан пенсияга чыгат. Бул түзөтүүлөр 9-берененин 5-пунктуна киргизилген.

Аймагынын орточо бийиктиги деңиз деңгээлинен 2750 метрди түзгөн Кыргызстан үчүн бул өтө маанилүү. Бийлик тургундардын пенсиясына райондун коэффициентин кошуп төлөөдөн качып, бийик тоолуу деп саналган калктуу конуштардын тизмесин жылдан ыжлга кыскартып келет. Муну эске алган учурда деле, азыр бийик тоолу аймактарда расмий 71 миңге жакын адам жашайт.

Бийик тоолуу аймактарды байырлагандардын турмуш-шарты ансыз деле оор. Мындай шартта, мамлекеттик кызматта иштеген аялдардын (эске салсак алардын саны 7,5 миң) пенсия курагынын эки жылга жогорулаганын сындап чыккан депутаттар, бир нече миңдеген киши жашаган бийик тоолуу аймактын пенсия курагы 3 жылга жогорулаганын кеп кылбай жатканы да түшүнүксүз.

Бирок бийик тоолуу аймактарда жашагандар үчүн жагымдуу өзгөртүүлөр дагы жок эмес — 13-берененин 1-пунктуна сунушталган түзөтүүлөргө ылайык, бийик тоолуу айылдарда жана дагы башка катаал шарттуу аймактарда жашагандар орун которуп же көчүп кетен учурда дагы пенсиясына кошула турган райондук коэффицент сактала берет. Жайгашкан аймагына жараша, бул коэффициент маяна менен пенсияны 1,2-1,5 эсеге көбөйтөт.

Мамлекеттик кызматта иштеген пенсионерлердин пенсиясынын базалык бөлүгү да алынат — бул да республикалык бюджеттин каражатын үнөмдөө максатында. Азыр алардын кирешеси үч бөлүктөн түзүлөт: базалык пенсия+камсыздандыруу пенсиясы+маяна. Реформадан кийин алардын пенсиясынын камсыздандыруучу бөлүгү менен айлыгы гана калат. Эгер алар жумуштан кете турган болсо, пенсиянын базалык бөлүгү кайтарылат. Бирок бул макамы бар пенсионерлерге гана тиешелүү болот. 28-беренедеги түзөтүүлөргө ылайык, мамлекеттик органдардын кенже тейлөөчү персоналынын пенсиясынын базалык бөлүгү иштеп жаткан убактысы үчүн да сакталат.

Кейиштүү үнөмдөөнүн дагы бири — мыйзамдын 32-беренесинде эгер пенсионер каза болсо, анын үй-бүлөсү пенсиянын базалык бөлүгүнүн он эсе суммасын жөлөк пул катары алат деп айтылат. Октябрда пенсиянын базалык бөлүгү 15%га көбөйгөнүн эске алсак, бул сумма дээрлик 32 миң сомго чыгат. Бирок түзөтүүлөргө ылайык, пособия 200 эсептик көрсөткүчтү түзөт. Башкача айтканда 20 миң сом.

Пенсионерлер эмнеге ээ болот? 

Кыргызстандын пенсиялык системасындагы позитивдүү өзгөртүү буга чейин эле болгон. 1-октябрдан тарта эмгек стажынан көз каранды болуп клеген пенсиянын базалык бөлүгү 702 сомдон 3170 сомго көтөрүлүп, эмгек стажынан ажыратылган. Бардыгы бирдей пенсия алышат — 3170 сом.

Дагы бир чакан позитив — багуучусунан айрылган балдарга 18 жашка чейин пенсия алууда окуган жеринен маалымкат талап кылынбайт. Мурда 16 жашка чейинки курактагылар маалымкат алып келчү эмес. Андан тышкары, мурда күндүзгү бөлүмдө окугандар маалымкат алып келип пенсия алуу укугуна ээ болсо, мындан ары сырттан окугандар, чет өлкөдө окугандар да ала алышат. Пенсия азыркыдай эле 23 жашка чейин төлөнөт.

Жаш курак боюнча пенсияга чыгуу процедурасын Соцфонд аны жол-жоболоштурууда талап кылынган убакыт менен документтердин санын азайтуу жолу менен жөнөкөйлөтүүнү сунуштап жатат. Мурдараак Соцфонддун башчысы Бактияр Алиев реформадан кийин пенсия чектетүү үчүн паспорт гана керек болорун айткан.

Бирок Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, бул бюджет үчүн салыштырмалуу аз эле акча болуп эсептелет. 2020-жылы өлкөдөгү майыптыгы бар адамдардын саны 200 миң деп айтылган. Ошол эле учурда, майыптыгы бар деп алгач ирет табылгандардын 72%га жакыны II топтогулар деп таанылган. Ал эми 2014-2018-жылдар аралыгында III топтогу майыптардын саны акырындап азая баштаган (Улуттук статистикалык комититтин сайтынан мындан жаңы маалыматта алууга мүмкүн болгон жок).

Өз учурунда алынбаган пенсияны алуу үч жылдан беш жылга чейин узартылат.

Азыр сиз өзүңүз себепкер болуп, учурунда талап кылынбаган пенсияны алам десеңиз үч жылда топтолгон акчаңызды гана ала аласыз. Калган каражат мамлекетте калат. Ал эми реформадан кийин пенсия алуу үчүн кайрылган күнгө чейинки беш жылдын акчасын алууга жол ачылат.

Мекенине кайтып келген эмигрант-пенсионерге реформадан кийин болгону пенсиянын базалык бөлүгү кепилденет. Эгер буга чейин төлөмдөрдү төгүп келген болсо камсыздандыруу жана топтолуучу бөлүгү дагы берилет. Ушул тапта Кыргызстанга туруктуу жашоого кайтып келген пенсионерге пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүгүн төлөө жандандырылат. Бул алар үчүн утушпу же жеңилүүбү, түшүнүксүз. Андан тышкары, өлкөдө «туруктуу жашагандарга» гана пенсия берүү укугун камсыздаган 1-берене эмигранттарга карата кандайча иштей турганы анык эмес.

Жаш курак боюнча пенсияга чыгуу процедурасын Соцфонд аны жол-жоболоштурууда талап кылынган убакыт менен документтердин санын азайтуу жолу менен жөнөкөйлөтүүнү сунуштап жатат. Мурдараак Соцфонддун башчысы Бактияр Алиев реформадан кийин пенсия чектетүү үчүн паспорт гана керек болорун айткан.

«Ар бир адам пенсиясын өзү топтойт»

Азыркы тапта пенсионерлер калктын 10,4%ын түзөт, ал эми 2022-жылдын январь-ноябрь айларында орточо айлык акынын көлөмү — 25 390 сомду түзгөн, ал эми орточо пенсия (2022-жылдын 1-октябрына) — 8080 сомду түзгөн. Жарандардын көпчүлүгү келечекте ала турган пенсиясын Соцфонддо топтойт.

Соцфонддун кирешеси чыгымдарын жаппайт, ошондуктан реформалоо зарыл деп түшүндүргөн минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров мындай кадамды. Анын айтымында, Социалдык фондго каражаттын 75%ы республикалык бюджеттен келип түшөт — жарандардан жана иш берүүчүлөрдөн эмес. Бул туура эмес деп эсептейт өкмөт башчы, ошондуктан өкмөт Соцфондду республикалык бюджеттен ажыратууга ниеттенет.

Башкача айтканда, «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» мыйзамга түзөтүү киргизүү реформанын башталышы гана.

Сүрөт: Kloop

Эгерде жарандарга пенсия төлөгөн орган кирешесинин 75%ын түзгөн булактан ажыраса — пенсияны кантип төлөйт? Ар бир жаран өзүнүн пенсиясын өзү чогултсун деп Жапаров, мыйзам долбоордун стратегиялык максатын кыйытты.

«Негизи эле, башында пенсиялык фондду түзүп жатканда бюджеттен [бөлүнүп] кетет, ар бир киши өзүнүн пенсиясын өзү чогултат дегенбиз. А бирок тилекке каршы 20-30 жылдан бери реформа жасабай, пенсиялык фонд толугу менен кайра бюджетибизге келип отуруп калды», — деген минкабдын төрагасы.

Бул жерде бир катар суроолор пайда болбой койбойт. Мамлекеттик бюджеттен ажыратылган Соцфонд кимге караштуу болуп калат? Себеби жарандар ондогон жылдар бою пенсия төлөмдөрүн бюджетке төгүп келишет, бул аманат аларга тиешелүү, Соцфонд аларды жөн гана башкарат. Эгерде Соцфонд, мисалга, жеке менчикке өтсө — учурда пенсия алып жаткандардын топтогон акчасы эмне болот?

Бул суроолордун баарын биз Социалдык фондго узаттык.

«Социалдык фонд мамлекеттин карамагында кала берет»

Социалдык фонддон «Клоопко» фонд өзү мамлекетке тиешелүү экенин, анын бюджети дагы мамлекеттин бюджетинин тутумуна кирээрин, бирок ошол эле учурда мамбюджеттен бөлүнгөнүн айтып түшүндүрүштү. Фонддун бюджетин келечектеги пенсионерлердин камсыздандыруу төгүмдөрү жана (көпчүлүк учурда) мамлекеттен бөлүнгөн каражат түзөт.

Социалдык фонд жарандардын пенсиялык топтоолорун ири кирешенин артынан куубай, өтө этият инвестициялайт. Мисалы, мамлекеттик облигацияларга (85%га чейин), ата-мекендик компаниялардын күрөө облизациясы катары (10%дан ашпаган көлөмдө), Кыргызстандагы банктардын чукул депозиттик эсептерине (35%дан көп эмес), Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмунун валюталык чукул депозиттерине (5%дан көп эмес), жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын облигацияларына (10%дан жогору эмес), ипотекалык кагаздарга (1%дан көп эмес).

Социалдык фонд реформанын алкагында мекемени менчиктештирүү жөнүндө сөз болгон эмес деп ишендирип жатат. Ал эми пенсия мурдагыдай эле, «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» жана «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу» мыйзамдарына ылайык, өз убагында жана толук көлөмдө төлөнүп берилет деп жатат.

Чынында, фонддун биздин суроолорго берген жооптору Соцфонддун ушул таптагы ишмердүүлүгүнө гана тиешелүү, ал эми мыйзамдар биздин көз алдыбызда өзгөрүп жатат.

Шрёдингердин пенсиясы

Пенсиялык реформа баштала электе эле көпчүлүктүн сынына кабылган. Бир жагынан алганда, өлкө бийлиги качан болсо эл аралык донорлордон акча сурап жүргөнү жүргөн. Алардын алдындагы карыз бюджеттин таңкыстыгы менен кошо жарышып өсүүдө. Экинчи жагынан, аткаминерлер миңдеген долларлык куртка, чермий кийип, миңдеген доллар турган автоунааны минип, бизнес-джет менен ары-бери учуп жаткан, алдыда баасы асман чапчыган вип-учак сатып алууга ниеттенген өлкөдө, арзыбаган пенсияны өлкөнүн жардылыгы менен актоо деле кыйын.

Кыргызстандыктардын пенсиясынын айланасындагы статистика дагы бүдөмүк жана карама-каршы.

«Клооптун» колуна тийген пенсиялык реформа тууралуу презентацияда аялдардын орточо пенсиясы (4639 сом) азыркы тапта эркектерге караганда 11%га төмөн экенин айтылат. Эң жөнөкөй эсептөөлөр менен, эркектердин орточо пенсиясын аныктап алсак болот — 5149 сом. Ошол эле учурда, презентацияда ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү пенсиянын көлөмү менен салыштырган таблицада Кыргызстандагы орточо пенсия 74 доллар деп көрсөтүлгөн — бул азыр 6101 сом. Ал эми Социалдык фонд пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүгү көбөйгөндөн кийин, орточо 8080 сомду түзөт деп отчёт берген.

Демек, орточо пенсия азыр эле пенсионерлердин жашоо минимумунан жогору турат. Ал 2022-жылы 6372 сомду түзгөн. Бирок ноябрда минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров пенсия жаңырган жылда дагы жашоо минимумуна жетпей турганын мойнуна алган — акча жок.

Соцфонддун төрагасы Бактияр Алиев декабрда өлкөдөгү пенсионерлердин 10%ы — 6 миң сом, 16,1% — 5 миң сомго чейин, ал эми 1,4 %ы –2 миң сомго чейинки өлчөмдө пенсия алат деп айткан. Ушундай эле сумманы — айына 2000 сомдон аз — социалдык төлөмдөрдү төкпөгөн, пенсия алууга укугу жоктор алат. Адатта бул айыл чарба иштери менен алектенген айыл тургундары.

Башкача айтканда, жыл соңунда, пенсиянын базалык бөлүгү 3170 сомго көтөрүлгөндөн кийин да, иш жүзүндө өлкөдөгү пенсионерлердин үчтөн биринин төгүмдөрү — минимумдан төмөн. Ушул реформадан кийин пенсионерлер мурдагыдан дагы жакырланышат айтсак жаңылбасак керек.

Бирок кыргыз бийлиги бул маселеге баш оорутпагандай. «Биз жакырчылык синдромунан жана “акча жок” деген сиңип калган мамлекеттик саясаттан баш тартык» — деп жазды өкмөттүн социалдык маселелер боюнча төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Фейсбуктагы барагына. — Баары жакшы болот! Өлкө гүлдөп-өсөт. Эл бай жашайт деп жазган ал.

Авторлор: Бегайым Талантбекова, Виктор Мухин