Политклиника: Тик учакта Жапаров менен Ташиев Moncler жана Loro Piano курткасын кийип жүргөн

Президент Садыр Жапаров жана УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев 11-декабрда ӨКМге берилген Airbus H145 тик учагыно отуруп учуп көрүштү. «Политклиника» басылмасы Жапаров менен Ташиевдин тик учакка отурганда кийип жүргөн күрмөлөрүнө көңүл бурган.

Басылманын маалыматына ылайык, президент ичи шырылып, жакасына кундуз капталган, баасы 1 млн 264 миң сом турган италиялык Loro Piana брендине таандык курткасын кийип жүргөн. Буга чейин Жапаров ушул күрмөнү 21-октябрда Нарын облусуна Куланак ГЭСине капсула салганда кийип барган.

Камчыбек Ташиев жана Садыр Жапаров, 11-декабрь. Президенттин администрациясы тараткан видеодон скриншот.

«Политклиника» Ташиев италиялык Moncler брендинин Bauges үлгүсүндөгү курткасын кийип жүрөт деп жазды. Компаниянын сайтында мындай сырткы кийим 1590 евро турат деп жазылган. Бул 142 миң сомдон (89,5 курс менен эсептегенде) ашык болот.

Moncler күрмөсүн кийген Камчыбек Ташиев. Сүрөт: «Политклиника».

Басылма Бишкекте Moncler компаниясынын фирмалык дүкөндөрү жок, бирок Казакстан менен Орусияда бар экенин белгиледи.

Журналисттер буга чейин УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин кийимине көңүл бурчу эмес. Талкуу чордонунда Ташиевдин кызматтык унаасы болуп келген. Өткөн жылдын августунда атайын кызматтын төрагасы баасы 100 миң доллар, 2021-жылы чыккан Toyota Land Cruiser 300 үлгүсүндөгү унаа айдап жүргөнү байкалган.

Ташиевдин жакын досу, президент Садыр Жапаровдун кымбат кийимдери көбүрөөк талкууланат. Президенттин кийими же бут кийиминин баасын билүү социалдык түйүндүн колдонуучулары жана журналисттер үчүн салтка айланды.

Ошентип, Жапаров 400 миң сомдон ашык турган кардиган, дээрлик жарым миллион сомдук италиялык Stefano Ricci күрмөсүн, 98 миң сомдук лыжа костьюмун, баасы 80 миңден 98 миң сомго чейин жеткен таманы кызыл франциялык Christian Louboutin брендинин туфлисин кийип жүргөнүн байкашкан.