Москва: Борбор азиялык мигранттарды орус армиясына кошулууга чакырышууда

Москвадагы «Выхино» метро станциясында Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстандык мигранттарга «Украинадагы “улутчулдарга” ЖККУ алкагында каршы туруу» жана «жакшылык тарапта болуп тарыхка кирүү» деген өңүттө орус армиясына кошулууга чакырган кагаздарды таратып жатышат. Бул тууралуу Sota телеграм-каналы жазып чыкты.

Барактарды тараткандар «атайын» мигранттарды издеп, алардын кайсы өлкөнүн жарандары экенин сурап жатышканы кабарланды. Андан тышкары, брошюралар Армения жана Беларустун жарандарына да таратылган.

Баракчаларда «атайын операциянын» жүрүшүндө мигранттар «баа жеткис аскердик тажрыйба» алып, «Украинадагы “улутчулдарга” каршы туруп», «жакшылык тарапта болуп тарыхка кире алары», ошондой эле, «“Улуу Орусиянын” кайра жаралуусуна түздөн-түз катыша алышары» жазылган.

Сүрөт: Sota телеграм-каналы.

Баракчадагы маалыматтарга ылайык, орус армиясына кошулууга «ЖККУ өлкөлөрүнүн» жашы 18ден 40ка чейинки, аскердик кызматка жарай турган, 9-класстан кем эмес билими бар жана орус тилин билген жарандар талапкер боло алышат.

«Атайын операцияны колдобогон», Украинадагы «улутчул режимди» колдогон жана орус армиясын бөлүп-жаруучу контент тартып же жайылткандар талапкер боло алышпайт.

Буга чейин Москвадагы автобустарда Орусиянын армиясына кошулуу тууралуу жарыяларды кыргыз, өзбек жана тажик тилдеринде жайгаштырышкан. Аларда орус армиясына кошулуу менен мигранттар жеңилдетилген тартипте орус жарандыгын ала алышары айтылган.

Тажикстандын, Өзбекстандын жана Кыргызстандын бийлиги жарандарына согушка катышпоону, башка өлкөнүн аймагында аскердик аракеттерге катышкандар кылмыш жоопкерчилигине тартылышы мүмкүндүгүн бир нече жолу эскертишкен.

Украинадагы согуш

Орусия дээрлик 10 айдан бери Украина менен согушуп жатат. Орус армиясы ал жакка 24-февралда Украинаны «демилитаризация» жана «денацификациялоо» шылтоосунда кол салган.

БУУнун 4-декабрга карата маалыматына ылайык, согуштан улам Украинада 6 702 жай тургун каза тапты. Дагы дээрлик 10 миң киши жарадар болду. Бирок уюмдан бул жыйынтыктоочу сандар эместигин, курмандыктар мындан да көп болушу мүмкүндүгүн белгилешти. Бул тууралуу украин бийлиги да айтууда.

Орус аскерлеринин Украинага кол салуусуна жооп кылып бир катар өлкөлөр, анын ичинде АКШ жана Европа Биримдиги Орусияга карата каттал экономикалык санкцияларды салышкан. Бул Орусияны санкция алдында калган өлкөлөрдүн сап башына чыгарган. Андан тышкары, өлкөлөр орусиялык аткаминерлерге, олигарх жана бизнесмендерге карата жеке санкцияларды да киргизишүүдө.

Орусия Украинага жарандык объекттерге сокуу урууга, анын ичинде ракеталык сокку урууга бир нече ирет айыпталган. Өлкө бул айыптоолорду четке кагып келет.

15-ноябрда БУУнун Башкы ассамблеясы резолюция кабыл алган, ага ылайык, Орусия Украинадагы согушу үчүн финансылык жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн. Бул документти 93 мамлекет (анын ичинде АКШ жана бардык ЕБ өлкөлөрү) колдоп, 13 өлкө (анын ичинде Орусия, Кытай, Иран жана Беларус) каршы добуш берди, дагы 74 мамлекет (анын Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан) добуш берүүдөн карманган.