Кыргызстан БУУда Орусияны Украинага репарация төлөтүү маселесинде добуш берүүдөн карманды

БУУнун Башкы ассамблеясы резолюция кабыл алды, ага ылайык, Орусия Украинадагы согушу үчүн финансылык жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн.

Бул документти 93 мамлекет (анын ичинде АКШ жана бардык ЕБ өлкөлөрү) колдоп, 13 өлкө (анын ичинде Орусия, Кытай, Иран жана Беларус) каршы добуш берди, дагы 74 мамлекет (анын Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан) добуш берүүдөн карманды.

Резолюция, «БУУнун жаңылыктары» билдиргендей, Башкы ассамблеянын мүчөлөрүнө Орусия украинага каршы «агрессиясы» учурунда бардык эл аралык укук бузуулары үчүн жоопкерчиликке тартылып, ошондой эле келтирген зыяндарынын ордун толтуруп берүүгө милдеттүү деп таанылышы керек деген шартты сунуштайт.

«Бул максатта документте эл аралык механизмди түзүү каралат, ошондой эле Орусиянын эл аралык укукту бузган аракеттеринин кесепетинде бардык кызыктар жеке жана юридикалык жактарга, анын ичинде Украина мамлекетине келтирилген “зыяндын, жоготуулардын же кыйроонун” документалдуу далилдерин эсепке алуу үчүн эл аралык реестр түзүү сунушталат», — деп айтылат билдирүүдө.

Украинанын БУУнун алдындагы туруктуу өкүлү Сергей Кислица «Орусия Украианын кыйратыш үчүн, эгер түз эле айта турган болсок, бардыгын жасады» деп белгиледи.

«Орусия ири алкакта кол салуусун баштаган күндөн бери бомбаларды ыргытып, ракеталарды чыгарып, украин шаарлары менен айылдарын ар кандай куралдар менен аткылап, фабрика, завод, турак жай имараттарын, мектептерди, ооруканаларды жана бала бакчаларды аткылап жатат. Буча, Ирпен, Бородянки, Мариуполь жана Изюмдагы кадрларды бардыгыбыз көрдүк. Орусияда Украинада жолдорду, көпүрөлөрдү жана темир жолдорду бузуп кыйратып жатат. Акыркы айда эле Орусия Украинанын энергетикалык системасынын жарымын жок кылып, украиналыктарды кыш түшөр алдында жарыксыз, суусуз жана жылуулуксуз калтырды», — деп билдирди ал.

Ал эми Орусиянын туруктуу өкүлү Василий Небензя резолюциянын авторлору Орусиянын тоңдурулган активдери аркылуу Киевди куралдандырууну каржылап, Украинага берилген куралдар үчүн карызды жаап алууга мүмкүнчүлүк алууну көздөп жатат деп билдирди. Буга чейин АКШ Орусиянын Борбордук банкынын 300 млрд долларга жакын активин тоңдурганы маалымдалган.

«Бизде зыяндын ордун толтуруу делген каражаттар кайдан алынаарынан күмөнүбүз жок. Батыш тоңдурулган, а бирок чындыгында Орусия Федерациясынан уурдалган суверендүү жүздөгөн миллиард долларлык активдерди коротуп баштоо үчүн өзүнүн иш-аракеттерине кандайдыр бир мыйзамдуу деген көрүнүштү көрсөтүү үчун болгон аракетин жумшап жатат», — деп билдирди Небензя.

Украинадагы согуш дээрлик 9 айдан бери жүрүп жатат. Орусия Украинага ири алкактуу кол салуусун 24 февралда баштап, аны Украинаны «демилитаризация» жана «денацификация» деп түшүндүргөн.