Бишкек мэриясы ар бири 500 унаага ылайыкталган төрт унаа токтотуучу жай курууну пландап жатат

Бишкек мэриясы ар бири 500 унаага ылайыкталган төрт көп деңгээлдүү унаа токтотуучу жай курууну пландап жатат. Бул тууралуу 22-декабрда шаардык мэриянын сайтында жарыяланды.

Маалыматка караганда, жол четинде жайгашкан муниципалдык унаа токтотуучу жайлар аз гана сандагы унаага ылайыкташкан. Мэриядан бул жарандардын реалдуу суроо-талабын жана муктаждыктарын «такыр камсыздабай турганын» белгилешти.

Андан сырткары, муниципалитет мындай унаа токтотуучу жайлар «шаардагы тыгынды азайтууга жана унаалардан чыккан газдын деңгээлин төмөндөтүп, экологиялык абалды жакшыртууга өбөлгө түзөт» деп эсептейт.

Сүрөт: Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Долбоор мамлекеттик-жеке менчик өнөктөштүк механизми менен ишке ашырылмакчы, ага ылайык, жеке менчик компания курулуш менен алектенет — андан соң объектти башкарат.

ИИМдин маалыматына ылайык, 2022-жылдын 1-январына карата Кыргызстанда 1,1 миллиондой жеңил унаа бар.

2019-жылдагы маалыматка ылайык, Бишкекте 400 миңден ашуун унаа катталган. Эгерде борбор калаанын тургундарынын баарын эсепке алсак, Улуттук статистика комитетинин малыматына ылайык, алардын саны 1 миллиондон бир аз ашат, анда ар бир экинчи шаар тургунунун унаасы бар.

Ошол эле учурда, шаардагы унаалардын реалдуу саны андан да көп болушу ыктымал. Анткени борбор калаага өлкөнүн бардык аймагынан келишет, алардын көпчүлүгүнүн жеке унаалары бар.

Бул мэриянын көп деңгээлдүү унаа токтотуучу жай куруу боюнча биринчи жолку демилгеси эмес. Быйыл март айында шаар бийлиги Бишкектин 11-кичи районунда жайгашкан 500дөн ашуун гаражды сүрдүргөн.

Анда муниципалитеттен аталган жерде унаа токтотуучу жай куруу пландалып жатканын айтышкан. Бирок сентябрдын аягында ал жерге көп кабатуу үй курулары белгилүү болгон.

Тема боюнча окуңуз:

Депутат Маматалиев унааларда катализатор жок болсо айып салууну сунуштады

Башкы бетте архивдик сүрөт.