Депутат Маматалиев унааларда катализатор жок болсо айып салууну сунуштады

Депутат Марлен Маматалиев Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгеледи, ал боюнча машиналарда каталитикалык өзгөрткүчтөрү жок болсо айып салуу сунушталат — эл ичинде ал катализатор деп аталат. Мыйзам долбоору 16-декабрда коомдук талкууга чыгарылды.

*Катализатор — бул унаанын түтүн чыккан бөлүгүндө чыгынды газдарында адам жана экология үчүн зыян химиялык бөлүкчөлөрдү (көө, углерод жана азот кычкылтегин) чыпкалаган түзүлүш. Бул заттар катализатордо аягына чейин күйүп, анчейин зыян эмес заттарга айланып чыгат.

Мыйзам долбооруна ылайык, катализаторлордун бар же жогу автотранспорт каражаттарын алгачкы мамлекеттик каттоо, кайра каттоо, каттоо маалыматтарына өзгөртүүлөрдү киргизүү, каттоодон чыгаруу учурунда текшерилет. Эгер катализатор жок болсо, жеке жактарга 20 миң сом, юридикалык жактарга 65 миң сом айып салынат.Өкмөттүн 2021-жылга карата маалыматына ылайык, Кыргызстанда 80%га жакын унааларда катализатор жок, болгон күндө деле зыяндуу заттарды коопсуз кылып тазалап чыгара албайт.

Катализаторлордун жоктугу аларды кесип же уурдап сатышканы менен түшүндүрүлөт. Катализатор — автомобилдин газ чыгаруу системасына кирген эң кымбат элементтердин бири. Дал ошондуктан катализаторлорду алмаштырбай эле кесип алып салышат. Катализатордун курамында платина, родий же палладий тузу сыяктуу баалуу металлдар болгон үчүн анын наркы кымбат.

2021-жылдын февралында өкмөт өлкөдөн катализаторлорду чыгарууга убактылуу тыюу салууну сунуштаган.

ИИМдин маалыматына ылайык, 2022-жылдын 1-январынан тартып өлкөдө 1 млн 1-3 миң 445 жеңил унаа катталган жана алардын саны өсүүдө. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2022-жылдын январынан сентябрына чейин өлкөгө 25,3 миң жеңил автоунаа алынып келинген. 2022-жылы Кыргызстанга рекорддук сандагы унаалар алынып келингени белгиленет.

Маматалиев документте автоунааларды айлана-чөйрөнү булгаган негизги булак деп атаган.

«Автомобилдерден иштелип чыккан газдар атмосферанын төмөнкү катмарына түшкөндүктөн, ал адамдын дем алуу зонасында болот. Ошондуктан автомобилдик транспортторду үй жаныбарларын жана адамдарды тамактандырууга пайдаланылууга азык дандар, жемдер отургузулган талаанын жээгинде жайгашкан автомагистралдарга жакын атмосфералык абаны булгоочулардын өтө кооптуу булагы категориясына киргизүү керек», — деп айтылат мыйзам долбоорунун маалымкат-негиздемесинде.

Бишкектеги ыш

Жыл сайын күн сууп баштаганда Бишкекте абанын сапаты начарлап, тургундар ыштан жабыркайт. Ошондой эле Кыргызстандын борбору бир нече жылдан бери абанын булганышы боюнча дүйнөлүк рейтингде алдыңкы саптарда келе жатат. Бирок бийлик ыш менен күрөшүү үчүн алгылыктуу чечимдерди кабыл ала элек.

Ошондой эле, ЮНИСЕФ «Абанын булганышынын Бишкектеги аялдар жана балдардын ден соолугуна жана жашоосунун социалдык аспектисине тийгизген таасири» деген аталыштагы изилдөө жарыялаган.

Изилдөөгө ылайык, 2021-жылдын 1-июлунан тарта 2022-жылдын 30-июнуна чейин ыштын таасири 112 кишинин өлүмүнө алып келген. Саламаттык сактоо министрлигинен мындай сандар боюнча күмөнү бар экенин, жана так маалыматтарды сурап ЮНИСЕФке кайрылышканын айтып жооп беришкен.

12-декабрда Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Бишкектеги ыш көйгөйүн чечүү үчүн БУУдан 6,7 млрд доллар өлчөмүндө грант сураганы белгилүү болгон. Ошондой эле бийлик электр энергиясын импорт кылууга 25 млн доллар насыя алууну көздөп жатат.