Принтер режиминде. Кыргызстанда мыйзамдарды коомдук талкуусуз эле кабыл алууну каалап жатышат

Иллюстрация: Дарья Удалова, Kloop үчүн.

Юстиция министрлиги мыйзамдарды коомдук талкууга коюунун мөөнөтүн бир айдан бир аптага кыскартууну, мыйзам долбоорлорундагы жөнгө салуучу таасирди талдоо милдетин алып салууну жана мыйзамдар менен кодекстердин юридикалык күчүн теңөөнү сунуштап жатат. Эксперттердин баасы боюнча, бул бийликке жарандарга пайдасыз болгон демилгелерди керек болсо бир эле күндө талкуулап бүтүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

Юстиция министрлиги «Ченемдик укуктук актылар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелеп жатат. Koomtalkuu.gov.kg порталына ылайык, документ 11-ноябрда коомдук талкуу баскычынан өткөн. Эксперттер бул демилгени өтө тобокелчиликтүү деп эсептешүүдө.

Коомдук талкуунун мөөнөтүн кыскартуу

Юстиция министрлиги сунуштап жаткан жаңы өзгөртүүлөрдүн эң тобокелчиликтүүсү катары ченемдик укуктук актыларды (ЧУА) талкуулоонун кыскартылышы аталууда. Учурда жарандардын жана юридикалык жактардын укуктарын жана кызыкчылыктарын караган мындай актылар коомдук талкуу үчүн расмий сайттарга жайгаштырылат жана аларды талкуулоонун мөөнөтү бир айдан ашык болбошу керек.

Юстиция министрлиги «кызыктар тараптын кеңири чөйрөсү тартылган» жана алар тараптан «принципиалдуу каршылыктар» болбогон ЧУАны талкуулоонун мөөнөтүн бир айдан бир аптага кыскартууну сунуштап жатат. Ошондой эле, тегерек стол жана жолугушууларда «эффективдүү өткөн» ЧУАнын да коомдук талкулоо мөөнөтүн кыскартууну каалашууда. Министрликтен бул — «чечимдерди дагы да натыйжалуу жана ыкчам кабыл алууга» алып келет деп эсептешет.

«Адилет» укуктук клиникасы аталган мыйзам долбооруна жасаган анализинде документке ылайык демилгелерди тегерек столдордо талкуулоонун эффективдүүлүгүн ким жана кантип аныктай турганы так эмес экенин белгиледи. Андан тышкары юристтер эгер коомдук талкуунун мөөнөтүн кыскартса жарандардын коомдук талкууга жана мыйзам кабыл алууга катышууга болгон укугу сакталбай каларын белгилешти. Бул болсо кабыл алынып жаткан мыйзамдардын сапатына терс таасирин тийгизет.

Бизнес-акыйкатчы институту бул мыйзам долбоору бийликке керектүү демилгелерди бир күндө эле кабыл алып коюуга мүмкүнчүлүк берерин белгилейт.

«Адилет» укуктук клиникасы мыйзамды иштеп чыккандарга аталган пунктту алып салууну сунуштады.

Анализди алып салып, мыйзамдар менен кодекстерди теңейбиз

Ошондой эле Юстиция министрлиги мыйзам долбоорлорун иштеп чыгууда жөнгө салуучу таасирди талдоо милдетин (ЖСТТ) алып салууну сунуштап жатат. Бизнес-акыйкатчы институтунан учурда бул пункт — бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү алардын ишмердүүлүгүнө тиешелүү мыйзамдарды иштеп чыгуу процессине түздөн-түз катыша ала турган жападан жалгыз инструмент деп белгилешти.

«ЖСТТ механизми ишмердүүлүктүн өнүгүшүнө таасири тие турган ЧУАнын натыйжаларын аныктоо жана киргизилип жаткан жөнгө салууларга ар тараптан талдоо жүргүзүүгө жол түзөт. Аны менен катар, бул механизм боюнча бизнес, мамлекет жана жалпы эле коом үчүн тобокелчиликтер, чыгымдар жана кирешелерге баа берилет. Мындай жол менен бардык тараптардын кызыкчылыктарынын балансы сактала », — дешет алар.

Ошондой эле Юстиция министрлиги ЧУАнын иерархиясын өзгөртүүнү жана мыйзам менен кодекстердин юридикалык күчүн теңөөнү сунуштоодо. Бизнес-акыйкатчы институтунан бул өзгөртүүнү алып салып, учурдагы түзүмдү калтырууга чакырды. Учурдагы түзүмгө ылайык, кодекстин юридикалык күчү мыйзамга караганда жогору.

Юстиция министрлигинен «Клоопко» учурда мыйзам долбоорго айтылган «сындар жана сунуштардын үстүнөн иштөө» жүрүп жатканын билдиришти.

Бул эмне үчүн маанилүү?

«Ченемдик укуктук актылар жөнүндөгү» мыйзам мамлекеттин укуктук системадагы базалык документ болуп эсептелет, себеби республиканын укуктук базасынын калыптанышына байланыштуу бардык маанилүү маселелерди жөнгө салат.

Юстиция министрлиги демилгелеп жаткан мыйзам долбоорунун жобосу мамлекет жана коомчулук үчүн өтө эле чоң мааниге ээ, анткени ар бир кызгызстандыктын, бардык мамлекеттик органдардын, менчик формасынан көз карандысыз түрдө бардык юридикалык жактардын жашоосуна жана ишмердүүлүгүнө түз жана кыйыр түрдө таасирин тийгизет.

Кыргызстанда депутаттар буга чейин мыйзамдарды кабыл алууга бат эле макул болуп келишкен — айрыкча ал мыйзамдарды президент же өкмөт демилгелеген болсо. Айрым учурда депутаттар муну президенттин басымынын астында жасашат — өлкө башчы парламентке келип, тигил же бул мыйзамды батыраак кабыл алып берүүнү сурайт.

Мындай абал казинолорду мыйзамдаштыруу жөнүндөгү мыйзамды кабыл алууда болгон. Көпчүлүк эл өкүлдөрү бул мыйзамды кабыл алууну каалашкан эмес, ага добуш берүүдөн баш тартышкан, жарандар болсо нааразычылык билдирип митингдерге чыгышкан. Ошол эле учурда президент Садыр Жапаров мыйзам долбоору кабыл алынганга чейин эле анын пайдалары тууралуу, анын ичинде, казинолордун ишинен бюджетке ири суммадагы каражаттын түшүп турары тууралуу дайыма айтып турган. Ал мыйзамды колдобогон депутаттарды «алысты көрө албаган популист депутаттар» деп атаган. Жыйынтыгында июнь айынын аягында парламент чуулгандуу мыйзамды кабыл алып, президент ага кол койгон. Президент эмне үчүн депутаттарды мынчалык шаштырган жана анын үзөңгүлөшү, УКМКнын башчысы эмне үчүн эл өкүлдөрүн коркутканы түшүнүксүз — азырынча өлкөдө бир дагы казино ачыла элек. Ноябрда депутат Адахан Мадумаров мыйзам долбоору оюн-зоок мекемелерин легалдаштырууга арналган жана шашылыш кабыл алынган болсо дагы, бюджетке каражат дароо түшпөй турганын айткан. Анда Экономика министрлигинин өкүлү өкмөт мыйзам алдындагы актыларды иштеп чыгып жатканын билдирген.

Дал мына ушул үчүн бир айга созулган коомдук талкуулар жана жөнгө салуучу таасирди талдоо маанилүү. Бул талкуулар жарандарга мыйзам долбоорлордун сапатына аз да болсо таасир берүүгө жана мыйзам долбоорлордогу кооптуу жагдайларды аныктоого мүмкүнчүлүк берет. Анткени депутаттар дайыма эле президенттин, УКМКнын төрагасынын, жалпы эле аткаруу бийлигинин басымына туруштук бере алышпайт.